Загрузка документа…
| Уч-Коргон айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын «6» декабрындагы 2018-жыл № 15/2 токтому менен бекитилген. |
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы жөнүндө ЖОБО
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 10-ноябрындагы № 9/126-буйругу менен бекитилген типтүү Жобонун негизинде түзүлдү.
2.Жалпы жобо
1. Комиссиянын курамы 7 кишиден, комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
2.Айылдык кеңеш тарабьнан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
Айылдык кеңештин депутаттары;
муниципалдык кызматчылар;
айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана айылдык жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
3.Комиссиянын түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби.
Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияны (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана анын ишинин тартибин аныкгайт.
Комиссия айылдык кеңеш тарабьнан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы айылдык кеңештин чечими менен бекитилет.
Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
Комиссия айылдык кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын,15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап айылдык кеңешке киргизет.
Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетке каралган каражаттардын эсебииен жүргүзүлөт.
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны комиссиянын мүчөсү боло алат.
Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүг чектелген деп табылган;
соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар;
акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар комиссиянын мүчөсү боло албайт.
Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары айылыдык кеңеш комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;
Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;
Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
айылыдык кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
-жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алгапда токтотулат.
Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес мезгилде бекитилет.
7.Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда айылыдык кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
Комиссиянын ишинин тартиби
Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
7.Комиссия бузуулар жөнүндө иштсрди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардыи түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
8.Эгерде комиссиянын жаңы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
9.Бузуулар жөнүндө ишти комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштан он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
10.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук бсрилген кызмат адамдарьнын тизмегнн аныктайт.
11.Комиссия чечимди аныктама же токтом турундо чыгарат.
Комиссия, бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:
а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:
жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);
иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө
б) ишти кароо комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы
аныкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепетгер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Комиссиянын мучөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
7.Комиссиянын ишмердүүлүгүн комиссиянын төрагасы уюштурат.
8.Бузуу жөнүндө иштерди кароодо комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ
Төмөндөгүлөргө миддеттүү:
Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;
бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
жүрүм -турумдун этикасынын эрежслерин сактоого;
Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюууга.
Төмөндөгүлөргө укуктуу:
бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;
Кодексте каралган башка укуктарга.
Комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөсүнүн милдетгеринен сырткары, төмөндөгүлөргө милдетгүү:
Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
Комиссиянын отурумунун кун тартибин бекитүү;
Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле комиссиянын башка документтерине кол коюуу;
Комиссиянын ишмердуулугуно көзөмөл жүргүзүү
Комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөнкүдөй укуктарга ээ:
өз компетенциясынын чегинде комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссияньш мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарып ишке ашырат;
ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
Комиссиянын катчысы, комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан
сырткары:
бузуулар жөнүндө иштерди комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
өз ишмердүүлүгүн комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
Комиссияньн төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
бузуулар жөнүндө протоколдорду, комиссия тарабынан чыгарылгаи токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүоүшнө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;
Комиссия тарабынан чыгарылгаи чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
аныктамалардын жана токтомдордун көөчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга бслгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;
Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат. аларды кароону уюштурат;
Комиссия тарабынан чыгарылгаи аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбанын иликтейт жана жалпылайт, комиссиянын ишмердуулугун жонго салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;
Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин
комиссияньн төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссияньн мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.
Эгерде комиссиянын мүчөлөрү:
бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн , коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса;
иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыкдар болушса, алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.
Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик комиссияын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти комиссиянын катчысы тартат.
Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар, ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек (№3-тиркеме).
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.
Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу учун жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул думурчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугни билдирип, айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди тузүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
-бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
отурумдун процессинде ишке кошулган, келип тушкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;
-белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
-ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти корунуп тургандай
болуп көктөлөт.
Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип тушкен жылды камтыйт.
Бузуулар жөнүндө протокол тузүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
Комиссия ай сайын комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук болуму менен салыштырып текшерип турат.
Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:
бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;
айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
бузууну жасоо учун жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).
Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, кок же сыякөк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республиканын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.