Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2018-жылдын 6-декабры № 15/3
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин Типтүү этикалык кодексин бекитүү жөнүндө
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы №1-17/04-2213 катынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 24-июлундагы №01-18/89 буйругунун негизинде Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы №1-17/04-2213 катына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 24-июлундагы №01-18/89 буйругу аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2.Уч-Коргон айылдык кенешинин депутаттарнын Типтүү этикалык кодекси (мындары –Типтуу кодекс) тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Уч-Коргон айылдык кенешинин алдында депутаттардын этикалык комиссиясынын курамы бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
4.Уч-Коргон айылөкмөтү Типтүү кодексти жетиштүү санда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына жана айылдык кеңешке жеткирүү жагы тапшырылсын.
5.Уч-Коргон айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Маматовага Типтүү кодексти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агентигинин электрондук сайтына жана башка массалык маалымат каражаттарына жайгаштыруу жагы тапшырылсын.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Джалалов |