Загрузка документа…
| Уч-Коргон айылдык кенешинин 2018- жылдын 6-декабрндагы VI чакырылышынын кезексиз XVсессиясынын №15/3 токтомуна тиркеме
|
Уч-Коргон айылдык кенешинин депутаттарынын
Типтүү Этикалык кодекси
1.Жалпы жобо
1.1.Айыллдык кенештин депутаттары (мындан ары-депутаттар) айыл айагынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүн алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2.Депуттар өз макамын айыл аймагынын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3.Депутттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынн ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4.Депуттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депуттык ыйгарым уккутарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5.Депутаттар депутаттын жана аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6.Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
1.7.Депутаттар өзүнүн депуттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
2.Жергиликтүү кенештин депутаттарынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү депутаттык этиканын эрежелери
2.8. Депутаттар жергиликтүү кенештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.
2.9. Ар бир депутат жергиликтүү кеңеште иштиктүү кызматташтык жана өз ара колдоо, ак ниет жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.
2.10. Депуттар өзүнүн жумушун каралып жаткан маселелер боюнча теңчиликтин негизинде жана эркин жамааттык талкуулоо принцибинде чечим кабыл алып, ар түрдүү пикирлерди сыйлоо менен, чыр-чатакка жеткирбей, пикир келишпестиктерди такулоо менен чечүү жолдорун табуу менен жүргүзүү керек.
2.11. Депутаттар бири-бирине жана жыйындар өтүүчү залдага бардык катышуучуларга расмий түрдө кайрылуу керек. Ыгы жок теңтушсунуп жана тоотпостук менен кайрылууларга жол берилбейт. Жергиликтүү кеңештин сессиясы жана комиссиялары өтүп жаткан учурларда депутаттар иштиктүү стилде кийинүү керек.
2.12. Депутаттар чыгып сүңлөөрдүн алдында өзүнүн айта турган сөзүн даярдап анан сүйлөш керек. Талкууланып жаткан маселе боюнча так жана багыттуу, жергиликтүү тил менен, ар кандай мааниси жок сөздөрдү колдонбой сүйлөш керек. Депуттарга жергиликтүү кеңештин жана комиссиялардын иши жүрүп жаткан учурда уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүүгө тыю салынат.
2.13. Депутаттар калктын кызыкчылыктарын көрсөтүүдө башка депутаттардын ынанымына, салттарына, этикалык жана социалдык топтордун, диний конфессиялардын маданий өзгөчөлүктөрүн сыйлоо жана чыдамдуулук менен мамиле кылуу керек. Этностор аралык жана конфессия аралык
2.14. Депуттар жергиликтүү кеңештин тийштүү комиссияларынын биримдикте жана тынчтыкка жердам берет. отурумдарына катышууга тийиш. Депутат жергиликттүү кенештин отурумдарына жүйөөсүз катары менен 3 жолу катышпаса депутаттык милдетин аткарбагандыгы тууралуу маселе депутаттык этика боюнча комиссияда каралат.
Жүйөөлүү себептер менен жыйындарга катышууга мүмүкнчүлүгү болбосо, депутат жыйынга чейин 2 кундөн кечиктирбей жергиликтүү кенештин төрагасына маалымдап коюу керек.
Жүйөөлүү себептерге депутаттын ооруп калуусу, командировкада жана эмгек оргүүсүндө болуусу, маанилуу үй-бүлөлүк жагдайлар кирет.
2.15.Жерглликтүү кенештин сессиясында каралып жаткан маселелерде катышып жаткан депуттатын, же анын жакындарынын финансы же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо, токтоосуз түрдө бул жөнүндө маалымдап, бул маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартышы керек.
2.16. Депуттар өздөрү кабыл алган жергиликтүү кеңештин Регламентин, анын талаптарын жана тартипти сактоого чакырган сессияда төраганын талаптарына баш ийиши керек. Жүйөлүү себепсиз сессияга, комиссиялардын ишине, депуттык угууларга жана башка жергиликтүү кенештин иш-чараларына кечикпей келиши керек.
2.9.1. Жергикликтүү кеңештин депутаттарына-отурумду үзгүлтүккө учуратып же жөнү жок себептер менен башка шылтоо айтып нааразычылык көрсөтүү иретинде отурум өтүп жаткан залдан чыгып кетүүгө, сөз берилбесе деле сүйлөөгө, күн тартибине коюлган маселеден сырткары же мааниси жок сүйлөгөнгө, кыйкырууга жана сүйлөп жаткан адамдын сөзүн болуп жарууга болбойт.
2.9.2. Депутат жергиликтүү кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, туруктуу комиссиясынын жана жумушчу топтордун ишине катышып жатканда отурумга төрагалык кылуучуга, башка депутаттарга, аткаруу органынын аппаратынын кызматккерине жана жергиликтүү кеңештин отурумуна катышып жаткан башка адамдарга сылык мамиле кылуу менен адептүүлүгүн көрсөөтүп, сый урмат менен мамиле кылуусу керек.
2.9.3. Депутатта орой сөздөрдү колдонуп жана одоно мамилелерди жасабашы керек.
2.9.4.Депуттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткаруу учурларда жана аткарбай жургөн убагында үчүнчү тараптан белектерди, акча түрүндө акы албашы керек жана алардын кызматынан пайдаланууга болбойт.
2.9.5. Депуттар жергиликтүү кеңеште сый акы алып кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын суромолоого укуксуз.
3. Депутаттардын шайлоочулар менен өз ара мамилелердеги депутаттын этикалык эрежелери
3.1.Депуттар өздөрүнүн округундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуусу керек, депутаттар шайлоочуларынын алдында жоопкер жана отчет берип турат. Депутаттар айыл аймагындагы бардык жашоочулардын кызыкчылыгын көздөйт.
3.2.Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы мамиле сый урмат, сылык мамиле жана жарандардын кайрылууларына жана арызданууларына ыкластуулук менен жасалган мамилеледен курулат.
3.3.Депутаттар өздөрүнүн шайлоочуларынын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого чараларды көрөт: шайлоочулардан түшкөн кайрылууларды жана арыздарды кароодо оздорунун ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө милдеттүү.
3.4.Депуттар шайлоочуларынын алдында жылына 1 жолудан кем эмес отчет берет, өзүнүн жергиликтүү кеңештин сессиясынын отурмундагы ишмердүүлүгү боюнча шайлоочулары менен болгон жолугушууларды жалпыга мааалымдоо каражаттары акрылуу билдирип турат. Шайлоочуларга берилген маалыматтар толук, анык жана обьективдүү болушу керек.
3.5.Депутаттар ай сайын белгиленген график боюнча шайлоочуларды жеке кабыл алууну жүргүзөт.
3.6.Депуттар дайыма чыдамкайлыкты жана сыпайы, сылыктыкты көрсөтүүсү керек, айрыкча депутаттын ой пикири менен шайлоочунун ой пикири дал келбей калган учурда.
4.Депутаттын мамлекеттик органдар, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жан физикалык тараптар менен өз ара мамилелериндеги депутаттык этиканын эрежежелери
4.17.Депутаттар атайын ыйгарым укуктарга ээ болбогон учурда жергиликтүү кеңештин атынан чыгуусуна, анын атынан мамлекеттик аткаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын алдында расмий билдирүүлөрдү жасоого укугу жок.
4.1.8 Депутаттар депутаттын макамына байланыштуу мүмкүнчөлүктөрүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен болгон мамилелеринде өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек.
4.19. Депутаттар жергиликтүү кеңештин расмий бланкаларын депутаттын ыйгарым укуктарынын чегинде талаптарын чечүүдө, расмий каттарды жана документтерди жөнөтүүдө гана пайдаланууга милдеттүү.
4.20.Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткарууга байланышпаган учурда жергиликтүү кеңештин имаратын, телефондорун, автотранспортун жана башка материалдык-техникалык каражаттарын пайдаланууга болбойт.
4.21.Депуттардын ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда белгилүү болуп калган маалыматтарды жайылтууга болбойт, эгерде ал маалыматтар:
-мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык сыр болсо;
-жарандардын жеке турмушу менен , юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүг менен байланыштуу болуп, аны жарыя кылбоо боюнча депутатка ишеним берилген болсо.
4.22. Депутат жарандардын жеке турмушу же үй-бүлөгө байланышкан маалыматтарды, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү боюнча жарыяланбай турган талаптарды атайлап же байкабастыктан олдоксон бузган болсо тараптардан кечирим суроосу керек.
4.23.Депуттардын чет мамлекеттерге баруусундагы жүрүм-туруму Кыргыз Республикасынын жаранынын беделин жана депутаттык корпустун кадыр баркын көтөрүүгө багытталышы керек.
4.24.Депуттар чет өлкөлөрдөгү сапарларында барган мамлекеттердин өзгөчөлукторун, салт-санаасын жана мыйзамдарын сыйлооосу керек, этиканы сактап, конфликтик кырдаалды болтурбоого милдеттуу.
5.Депутаттардын эл алдында суйлоо этикасы
5.1.Депутаттар жергиликтуу кенештин отурумунда, депутаттык угууларда,жалпыга маалымдоо каражаттарындагы чыгып сүйлөөлөрүндө, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасаганда текшерилген анык фактыларга гана таянышы керек.
5.2.Депутаттар эл алдында чыгып суйлөгөндө же жалпыга маалымадоо каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү жасаганда сылык сыпайы болуп, жарандардын, кызмат адамдарынын абийирин, ар-намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол берилбеши керек.
5.3.Депутаттардын эл алдында чыгып суйлөө учурунда жана билдируулөрүндө такталбаган фактылар айтылып калган болсо, ошондой эле жарандардын абийирин, ар намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин тушурууго атайын же кандайдыр бир себептер менен аракеттер жасалса, депутаттардын эл алдында кемчилдигин мойнуна алуу менен алардан кечирим суроого милдеттүү.
Ушул пункт менен белгиленген депутаттын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында ушул бөлүм боюнча тартип бузуу жоопкерчиликке атруудан бошотпойт.
6.Депутаттын этикалык кодексин сактоо боюнча козомол жана аларды бузгандыгы учун депутаттардын жоопкерчилиги
6.1.Депутаттардын депутаттык этикасы боюнча Эрежелеринин сакталышын депутаттардын ишмердуулугу жана этикасы боюнча Комиссия (мындан ары-комиссия) көзөмөлдөйт.
Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү депутаттар тарабынан депутаттык этиканын сакталышы боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттүү.
6.2.Депутаттык этиканын эрежелерин бузуу боюнча маселени Комиссия өзүнүн демилгеси менен же жергиликтүү кеңешштин демилгеси боюнча карай алат.
6.3.Депутаттардын этикасын бузуу далили боюнча маселени кароо учун Комиссияга айыл аймагынын жашоочулары, мамлекеттик бийликтин жана айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары, ишкана, уюмдардын жана коомдук уюмдардын, бирикмелердин өкүлдөрү арыз менен кайрыла алат.
6.4.Депутаттардын этиканы бузгандыгы боюнча кунөөлөнгөндө депутаттар Комиссияга кагаз жүзүндө документтерди көргөзүү менен негизделген каршылык көрсөтүүгө жана күнөөлөнгөндүгү боюнча оозеки түшүндүрмө бергенге укуктуу.
6.5.Депутаттардын ар намысына, кадыр баркына, ишмердүүлүк беделине шек келтирген негизсиз арыздануу боюнча депутаттар өздөрүнүн укугун мыйзамга каршы келбеген ыкмалар менен коргонууга укуктуу.
6.6.Депутаттардын мамлекеттик бийлик органына, айыл өкмөтүнө же сот органдарына ар намысын, кадыр баркын, ишмердик беделин коргоо боюнча Комиссияга кайрылуусуна аткаруу органдарынын аппараты депутаттын ар намысын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт жана керектүү учурда анын кызыкчылыгын сот органдарынын алдында коргоого көмөктөшөт.
6.7.Комиссия депутаттын этикалык Кодексин бузуу боюнча маселени кароодо депутаттын этикалык Кодексин бузгандыгы же бузбагандыгы бар же жок экендигин аныктаган чечим кабыл алат.
6.8. Депутаттардын этикалык Кодексин бузуу фактысы боюнча Комиссиянын рекомндациясы боюнча гана каралат. Депутаттар тарабынан жергиликтуу кенештин отурумунда ушул эрежелердин бузулуусуна карата жергиликтүү кеңештин Регламентинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.
6.9.Жергиликтүү кеңеште депутаттын этикалык Кодексин бузган адамга төмөнкүдөй чаралар көрүлүшү мумукун:
-депутаттын этикалык Кодексине туура келбеген жүрүм-турумун токтотууну сунуштайт жана кечирим суроону талап кылат.
-депутаттын этикалык Кодексин бузган факты боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу округдун шайлоочуларына жана мүчөлүгүнө жараша саясий партиясынын башкаруу органдарына маалымдайт.
6.9.1.Ушул пункта белгиленген эрежелерди депутат одоно түрдө бузган болсо, Комиссия тарабынан этикалык Кодексин бузган депутаттака чара көрүү маселеси айылдык кеңештин сессиясына чыгарылат.
Жергиликтүү кеңеш депутаттын жоопкерчилиги боюнча маселени алдын ала Комиссиянын кароосу жок эле чечет.Этика кодекси одоно бузулгандыгын Жергиликтүү (айылдык) кеңеш аныктайт.
6.9.2.Депутаттын жергиликтүү кеңеште жана анын органдарында өз милдеттерин системалуу түрдө аткарбай жүргөн учурда, жергиликтүү (айылдык) кенештин иштөө тартибин бузган учурда Комиссиянын алдын ала кабыл алган чечими менен жергиликтүү (айылдык) кеңеш шайлоочуларга депутаттын өз милдеттерин аткарууга болгон мамилеси боюнча билдирет.
Жооптуу катчы Г.Маматова