Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-декабры № 15/4
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун ишинин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы №1-17/04-2213 катына ылайык, Кыргыз Республикасынын "Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчүтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 24-июлундагы №01-18/88 буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикаасынын аксакалдар сотторунун ишинин Типтүү регламенти» жөнүндө жоболорду бекитүү максатында Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы №1-17/04-2213 каты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 24-июлундагы №01-18/88 буйругу менен Кыргыз Республикасынын "Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамын турмушка ашырууда аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2.Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун ишинин Типтүү регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
3.Типтүү регламентин ишин уюштурууда айыл өкмөтү, Уч-Коргон аймактык милиция бөлүмдөрүнүн иш тажырыйбасына киргизүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
4.Айыл өкмөтү, Уч-Коргон акскалдар сотунун Типтүү регламентин жетиштүү санда көбөйтүп, райондук мамлекеттик администрациясына, райондук ички иштер бөлүмүнө, райондук сотуна, айылдык кеңешине жеткирүү жагын камсыз кылышсын.
5.Уч-Коргон айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Маматовага Типтүү регламенттин массалык маалымат каражаттарына, электорндук сайттарга жайгаштыруу жагы тапшырылсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айылдык кенешинин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Джалалов |