Загрузка документа…
| Уч-Коргон айылдык кенешинин 2018-жылдын 6-декабырндагы VI чакырылышынын XV сессиясынын № 15ү4 токтомуна тиркеме |
Уч-Коргон айыл окмотунун аксакалдар сотунун ишинин
ТИПТУУ РЕГЛАМЕНТИ
1.Аксакалдар сотунун ушул регламенти Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары-Мыйзам) ылайык иштелип чыгылып, Уч-Коргон айы аймагынын айыл өкмөтүндө ишмердүүлүгүн уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин жөнгө салат.
2.Аксакалдар соту – булар ыктыярдуу башталыштардагы жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди Мыйзамда белгиленген учурларда жана тиртипте кароону жүзөгү ашырууга чакырылган коомдук орган.
3.Аксакалдар сотунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын үй бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси) , Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамы түзөт.
4.Ушул Регламентте колдонулган терминдер:
Аксакалдар сотунун мүчөсү –Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган,элуу жашка чыккан, бүткөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, соттолуулугу жок, айылдын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдында коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү адам.
Аксакалдар сотунун мүчөсүн чыгарып салуу- талаш-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо аксакалдар сотунун мүчөсүн ишти (материалдарды) кароого катышуудан четтетүү.
Аксакалдар сотунун отуруму –курамында аксакалдар сотунун бардык курамынын учтөн экиси кем эмес мүчөсү, тараптар жана ишке катышып жаткан башка адамдар катышкан, олуттуулугу боюнча ишти (материалдарды) кароо боюнча отурум.
Тарап- жабырлануучу же жоопкер.
Аксакалдар сотунун чечими –ишти олуттуулугу боюнча чечүү тууралуу аксакалдар сотунун жазуу жүзүндө чыгарылган токтому.
Таасир көрсөтүү чарасы –ишти (материалдарды) кароонун жүрүшүндө күнөөлүүлүгү аныкталган адамга карата аксакалдар соту тарыбанан чыгарылга жаза.
5.Аксакалдар соту жылына 1 жолу-июль айында бут курамы менен каникулга тарайт жана иштерди материалдарды кабыл алуу каралбайт.
2.Аксакалдар сотунун уюштуруу тартиби
6.Аксакалдар сотун шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулушу жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп шайланган мүчөлөрүнүн катышышуусу менен өткөрүлөт. Өкүлчүлүктүн нормасы жергиликтүү кеёеш жана чогулуштун демилгечилери менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы аныктайт.
7.Аксакалдар соту 5 тен кем эмес жана 9дан ашык эмес адамдардын курамында шайланат, ошону менен бирге алардын саны милдеттүү түрдө так эмес болууга тийиш. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү жергииктүү жамаатыттын өкүлчүлүктүү чогулуштарында ачык добуш берүү менен үч жылдык мөөнөткө шайланышат. Чогулушка катышкандардын көпчүлүк добушун алган талапкерлер соттун курамына шайланды деп эсептелинет.
8.Мыйзамдын 10-беренесинде көрсөтүлгөндөй, аксакалдар соттору эреже катары айылдык аймакта бир калктуу конушта-бир аксакалдар соту, болбосо бир айыл окмөтүндө бир аксакалдар соту, принциби боюнча түзүлөт.
9.Аксакадар сотун шайлоо боюнча чогулуш төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт.
9.1. Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча чогулуш жарандардын демилгеси боюнча өткөрүлгөн учурда, чогулуш өткөрүүдө бир жарым ай мурда демилгечи топ чогулушту өткөрүүнүн датасы, убактысын жана ордун айыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашат. Айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандарды шайлоо күнү жөнүндө кабарландыруу (айыл башчы, мин башы, жуз башы) тарабынан чогулуш болоордон бир ай мурда жүргүзүлөт. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулуш өткөрүү тууралуу кабарлоо көчөлөргө, үйлөргө кулактандырууларды илүү, көчөлөрдү кыдыруу жолу менен ишке ашырылат.
Аксакалдар сотуннун мүчөлүгүнүө талапкерлер Мыйзамда аныкталган тараптарга жооп бериши керек жана калктуу конуштун аймагын толук камтуу менен айыл өкмөтүнүн башчысы аныктаган чөлкөмдүк бөлүктөрдүн (көчө, айыл, уйлөр) ар биринен көрсөтүлүшү керек.
9.2 Жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп шайланган мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн чогулушта катышып жаткан жергиликтүү жашоочулардын ичинен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланган чогулуштун төрагасы жана катчысы алып барат.
9.3 Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулушту өткөрүү үчүн жергиликтүү жашоочулардын керектүү саны чогулбаган учурда чогулушту өткөрүү ушул күнгү карата 15 күндүн ашык эмес белгилүү бир мөөнөткө которулат.
9.4 Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо боюнча чогулушту өткөрүү үчүн жергиликтүү жашоочулардын керектүү саны кайрдан чогулбаган учурда айыл өкмөтү, аймактын коомчулугу (аялдар кенеши, жаштар кенеши, ардагерлер кенеши) өкүлдөрү менен бирдикте тиешелүү аймактык жашоочуларынын ичинен аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө талапкерди көрсөтөт жана бекитүү үчүн айылдык кеёешке сунуштайт.
9.5 Жергиликтүү жамааттын чогулушунда шайлашкан аксакалдар сотунун мучөлөрүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтү тарабынан айылдык кеёештин кароосуна киргизет. Токтомдун долбоорун шайлашкан аксакалдар сотунун мүчөлөрүн чакыруу менен айылдык кенештин жакынкы сессиясында каралат жана бекитилет.
9.6 Аксакалдар сотунун мүчөлөрү бекитилгенден кийин 7 календардык күндүн ичинде алар тарабынан өз курамынан аксакалдар сотунун төрагасы жана катчысын шайланат. Аксакалдар сотунун төрагасы жана катчысын шайлоо боюнча аксакалдар сотунун отуруму ага аксакалдар сотунун курамын толугу менен катышканда ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.
Аксакалдар сотунун ишмердуулугун анын төрагасы жана катчысы уюштурушат.
10. Аксакалдар сотун катоодон өткөрүү төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
10.1 Мыйзамдын 11-беренесинде жана ушул регламентте көрсөтүлгөн талаптарга ылайык шайланган аксакалдар сотунун төрагасы аксакалдар сотун каттоодон өткөрүү тууралуу айылдык кенештин төрагасынын наамына арыз менен кайрылат.
10.2 Мыйзамдын 12-беренесинде жана өзүнүн регламентинде көрсөтүлгөн тартипте айылдык кеёеш жаёыдан түзүлгөн аксакалдар сотун эсепке алуу каттоосунан өткөрөт, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту) айылдык кеёеш бекиткен үлгүдөгү аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн күбөлүгүн каттоо күбөлүгү берилет.
10.3 Мурда түзүлгөн аксакалдар соту кайрдан эсепке алуу катоосунан өткөрүлбөйт жана ага каттоо күбөлүгү берилбейт.
11 Мыйзамдын 14-беренесинде каралаган аксакалдар сотунун мүчөсүн терс жүйөөлөр боюнча соттун курамынан чыгаруу жана чакырып алуу жөнүндө чечимди ишке ашыруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
11.1 Ал чөлкөмдө терс жүйөөлөр боюнча соттун курамынан чыгаруу чакырып алуу жөнүндө маселе көтөрүлүп жаткан аксакалдар сотунун мүчөсү шайланган тиешелүү аймактагы(тиешелүү калктуу конуштаргы) жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айылдык кеёешке анын жүктөлгөн милдеттерди аткара албоосун, же татыксыз жүрүм-турумун, укук бузууларды жана аксакалдар сотунун мучөсүнүн наамына ылайык келбеген башка жоруктарды жасоосун бышыктаган фактыларды жана же дркументтерди беришет. Алар соттун курамынан чыгарылып жаткан мүчөнүн ордуна өздөрүнүн аймагынан көрсөтүү үчүн жаёы талапкерди сунуштай алышат.
11.2Аксакалдар сотунун мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда курамдан чыгаруу же чакырып алуу тууралуу чечим айылдык кеёештин сессиясында кабыл алынат.
11.4 Курамдан чыгарылган аксакалдар сотунун мүчөсүнүн ордуна жаны мучөнү шайлоо Мыйзамдын 11-беренесинде, ушул регламенттин 5-6,1-6,3 –пункттарында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
3.Аксакалдар сотторунда иштерди (материалдарды) кароого даярдоонун жана кароонун тартиби
12.Аксакалдар соту Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекс, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Админисрациялык жоопкерчилик жонундо кодекси (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси) Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамы менен аныкталган иштерди (материалдарды) карашат.
13.Аксакалдар сотторунда келип түшкөн иштерди (материалдарды) кабыл алуу, кароого даярдоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт.
13.1 Аксакалдар сотуна келип түшкөн бардык материалдар (иштер жана арыздар) келип түшкөн күнү зарыл маалыматтарын көрсөтүү менен атайын журналга катчы же төрага (же атайын кыска мезгилге бекитилген сот мүчөсү) тарабынан катталат.
13.2 Аксакалдар сотунун төрагасы жана мүчөлөрү келип түшкөн бардык иштерди (материалдарды) кароого даярдоодо милдеттүү түрдө ушул ишти кароо аксакалдар сотунун компетенциясына кирер-кирбесин, ушул ишти аксакалдар сотунун кароо мүмүкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар бар же жок экендигин олуттуулугу боюнча ишти кароо учун андагы материалдардын жетиштуулугун, соттун мучосун соттун курамынан чыгаруу жонундо отунучтун (ходатайствонун) бар же жок экендигин аныкташат.
13.3 Аныктоонун жыйынтыгында:
13.3.1 Мыйзамдын 15-беренесинде каралган аксакалдар сотунун компентенциясына кирбей турган келип тушкон иштер (материалдар) соттун кириш-чыгыш каттарды каттоо журналдарына белги коюу менен коштомо катка тиркелип артка кайтарылат.
13.3.2 Аксакалдар соту ишти кароонун убакытын жана ордун дайындоо жөнүндө чечимин кабыл алат.
13.4 Соттун төрагасы, ошондой эле анын тапышыруусу менен соттун мүчөсү ишти (материалдарды) кароо менен байланыштуу арыздарды жана башка материалдарды текшерүүнү жүргүзөт, сотко тартылган адамды, жабырлануучуну жана талаш-тартыштын башка катышуучуларын колдо болгон материалдар менен тааныштырат, зарыл болгондо сотко тартылган адамды жабырлануучуну, күбөлөрдү сурайт же алардан тушунук алышат.
Анын жыйынтыктары боюнча текшерүү жүргүзгөн адам кортунду жазат, анда иштин нукура жагдайы, жасалган жоруктун себептери, аксакалдар сотуна тартылган адам жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүлөт.
14.Ишти (материалдарды) кароо 16 жашка чейинки адамдарга байланыштуу болгондо аксакалдар соту алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн (ата-энесин, көзөмөлдөөчүсүн, камкорчусун, алар жок болгондо-балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлерлерин) алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо учун ишти олуттуу кароо боюнча отурумдун убагы жана орду тууралуу кабарланат.
15.Аксакалдар соту ишти (материалдарды) кароонун мөөнөтүн, убактысын, ордун дайындоону, сот отурума катыша турган адамдарды кабарлоону Мыйзамдын 16-17 беренелеринде корсотулгон тартипте аткарат.
4.Аксакалдар сотунун иштерди (материалдарды) кароосунун тартиби
16.Аксакалдар сотунун иши отурум түрүндө өтүт. Аксакалдар сотунун отурумда иштер (материалдар) олуттуулугу боюнча каралат. Аксакалдар сотунун отуруму зарылчылдыгына жараша, материалдардын келип түшүшүнө карата өткөрүлөт. Аксакалдар сотунун отурумунун оөткөрүүнүн мезгилдүүлүгү иштерди Мыйзамда каралган мөөнөттөодө кароону камсыз кылгандай болууга тийиш.
17.Аксакалдар сотунун отурумду иштер коллегиалдуу-соттун төрагасынын жана мучөлөрүнүн катышуусу менен каралат.
Аксакалдар сотунун курамынын так эмес сандагы үчтөн экиси катышканда аксакалдар соту ишти кароого укуктуу. Отурумга катышып жаткан аксакалдар сотунун мүчөлөрү жуп санда болгондо жана алардын добушу теёме-тен (барабар) болгондо төраганын добушу чечүүчү болот.
Соттук отурумда ишти карап жатканда пайда болгон ар кандай маселелер аксакалдар сотунун мучөлөрунун көпчүлүк добушу менен чечилет.
18 Аксакалдар сотунун катчысы сот отуруму башталганга чейин паспортун же өздүгүн тактоочу башка документтин текшерүү менен процесске катышуучулардын келип-келбестигин тактайт жана төрагага кабарлайт.
19. Соттун төрагасы, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча соттун бир мучөсү аксакалдар сотунун отурумун ачат, соттун курамы, карала турган ишти (материалдарды) жарыялайт.
20. Иштер (материалдар) ишке тиешелүү тараптардын, зарылчылдыгы болгон учурда, мыйзамдуу өкүлдөрдүн сөзсуз (милдеттуу) катышуусу менен каралат.
21. Аксакалдар сотунун мучөлөрү ишти кароонун каалаган этабда тараптардын өз ара кабыл алына турган макулдашуусун кабыл алуу-бутумгө келүү менен жарашуу мүмүкүнлүгү бар экендигин тараптардын эсине салып турушат.
22. Отурумду өткөрүүдө аксакалдар соту жабырлануучунун анан жоопкердин түшундүрмөлөрүн угат. Процесске катышып жатышкан күбөлөр жана башка адамдар соттун мучөлөрүнүн талабы боюнча иш боюнча аныкталууга жаткан, аларга белгилүү жагдайлар тууралуу маалыматтарды билдиришет.
23. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү кубөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн сырткары иштеги башка далилдерди алышат жана талдап изилдешет.
5.Аксакалдар сотунун чечимин чыгаруусу
24. Аксакалдар соту ишти (материалдарды) карап, чечим чыгарууда:
24.1. Ишти (материалдарды) карап бүткөндөн кийин аксакалдар сотунун мүчөлөрү иштин бардык жагдайларын талдап чыгып, иш боюнча чечим чыгаруу учун отурум отуп жаткан жерден катышуучуларды сыртка чыгарышат же болбосо өздөрү башка жакка чыгышат.
24.2. Аксакалдар сотунун чечими ишти кароого катышып жаткан соттун мучөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Чечимге макул болбогон соттун мучөсү өзүнүн өзгөчө пикирин айтат, жазат жана ал чечимге тиркелет.
24.3. Каралган иштердин жыйынтыгы боюнча протокол жана токтом жазылат.
24.4 Аксакалдар сотунну протколу Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 229-231 –беренелеринде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзүлгөнү максатка ылайыктуу.
24.4.1 Проткол далилдик мааниге ээ болгон документ. Аксакалдар сотунун протоколунда соттун отурумунун жүрушундө, ошондой эле отурумдан тышкары жасалган ар бир өз алдынча процесстик аракеттер баяндалат.
Протокол так жана кыска, кош маанилуу болбогондой, процессте болуп өткөн бардык аракеттерди, суйлөгөндөрдун сөздөрүн даана чагылдырып, отурумдагы териштируунун жүрүшүндө болуп өткөн бардык болгон окуяларды калтырып (аттап кетпей) жазылышы керек.
24.4.2. Протокол компьютердик, электрондук (санатиптик аудио жазууну кошо алганда) жазуу, машинада басуу же кол менен жазуу аркылуу тузулөт.
24.4.3. Аксакалдар соту протоколду толук түзүүнү камсыз кылуу үчүн соттун отурумунда же болбосо отурумдан тышкары айрым процесстик араларда аудио жана видео жазуулар протоколго тирклет.
24.4.4.Протоколго сот отурумунун төрагалык кылуучусу жана катчысы кол коет. Протокол соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
24.5. Аксакалдар сотунун токтому чечим түрүндө, жазуу жүзүндө чыгарылат. Аксакалдар сотунун чечими киришүү, баяндоо, жуйөө жана кортунду (реолютивдик) бөлүктөрдөн турат.
24.5.1. Аксакалдар сотунун чечимиинин киришүү бөлүгүндө аксакалдар сотунун аты, чечимди чырагуунун убагы жана орду, соттук ишке катышкан адамдардын курамы, талаштын предмети же укук бузуунун мазмуна, ишти аксакалдар сотунда кароого тараптардын макулдугу көрсөтүлөт.
24.5.2. Аксакалдар сотунун чечимин баяндоо бөлүгүндө арыз ээсинин (доогердин) тараптары же болбосо укук бузуунун манызы, коюлган талапка каршы пирикдин жүйөөлөрү, ишке катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрү көрсөтүлөт.
24.5.3.Аксакалдар сотунун чечиминин жуйөө бөлүгүндө аксакалдар соту тарабынан каралган иш боюнча аныкталган жагдайлар, аксакалдар соту тыянак чыгарууда таянган далилдер,,ишке катышкан адамдардын укуктары жана милдеттери, аксакалдар соту тигил же бул далилдерди четке какканда негиз болгон жүйөөлөр, чечим чыгарууда аксакалдар соту шилтеме берген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары камтылган.
24.5.4. Кортунду бөлүгү каралган иш боюнча аксакалдар соту кабыл алган тыянакты, чечимге даттануунун тартибин жана чечимди аткаруунун мөөнөтүн камтууга тийиш. Кортунду бөлүгү аны аткарууда талаш чыкпагыдай так жана түшүнүктүү жазылышы керек.
24.5.5. Чечимге аны отурумда жарыяанганга чейин аксакалдар сотунун тэрагасынын жана мучөлөрүнүн колдору коюлат.
24.5..6.Көпчүлүктүн чечими менен макул болбогон соттун мучөсү бул чечимге кол коюшу жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндашы зарыл. Өзгөчө пикир ишти олутуу чечуунун олуттулугуна таасир этпейт, бирок ал чечимге тиркелет.
25. Мыйзамдын 28-беренесинде көрсөтүлгөндөй:
25.1.Аксакалдар сотунун чечими төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирин дайындоо менен же ансыз кабыл алыныш мүмүкүн:
а)эскертүү берүү;
б) жабырланган тараптан эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
в ) коомдук уяткарууну жарыялоо;
г) материалдык зыяндын ордун толтурууну күнөөлүү тарапка милдеттендирүү;
д) акчалай жазапул салуу;
25.2.Коомдук таасир көрсөтүү чараларын жогоруда белгиленген тизмеси толук делип эсептелинет жана аксакалдар соту тарбынан кеёири чечмеленүүгө жатпайт.
25.3.Таасир көрсөтүү чаралары аксакалдар соту тарабынан сотко тартылган адамдын күнөөсүнө ылайык жана өлчөмдүү түрдө, ушул маселеге тиешелүү мыйзамдарга жана элдик салт-адаттардагы ченемдерди эске алуу менен дайындалат.
26. Каралып жаткан иштер (материалдар) соттук өндүрүш тараптардын жарашуу жөнүндөгү макулдашууга (бүтүмгө) келишине, арыз ээсинен тосмо арыз түшкөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин чечимдерине, Мыйзамга ылайык токтотулат (кыскартылат) жана ал жөнүндө аксакалдар сотунун аныктамасы чыгарылат.
27.Аксакалдар соту тарабынан жазапул салуу жөнүндө чечим чыгарылганда аксакалдар соту укук бузуучуга соттун чечимиинин көчүрмөсүн жана кабыл алгынган формадагы жазапул квитанциясын берет.
28.Аксакалдар сотунун чечими чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш. Аксакалдар сотунун катчысы чечимдердин аткарылышына көзөмө жүргүзүп турат.
29.Тараптар белгиленген мөөнөттө чечимди аткарбаган учурда:
29.1.Мыйзамдын 32-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте аксакалдар соту мажбурлап аткарууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз менен райондук (шаардык) сотко кайрылат.
29.2.Мажбурлап аткарууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызга төмөндөгү документтер тиркелет:
1)аксакалдар сотунун чечимиинин тиешлелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) аксакалдар сотунун чечимиинин аткарылбагандыгын тастыктоочу документтер;
3)аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздын көчүрмөсүн башка тарапка жиберүүнү тастыктаган тапшыруу жөнүндө кабарлама же башка документ;
4)арызга кол коюучу адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат же башка документ.
29.3. райондук сот тарабынан аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткарууга аткартуу баракчасын берүү Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинде аныкталган тартипте ишке ашырылат.
6.Аксакалдар сотунун башка органдар менен өз ара мамилеси
30.Аксакалдар соту айылдык (шаардык) кенештен катоодон өтүп, каттоо күбөлүгүн алгандан кийин 10 күн ичинде өзү жайгашкан райондук сотко, райондук ички иштер бөлүмүнө каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, аксакалдар соту тууралуу кыскача маалыматты тиркеп кат жиберет.
31. Райондук сот:
Мыйзамдын 34-беренесине ылайык:
31.1.Аксакалдар соттору менен байаныш жүргүзүп турууга, аларга усулдук жардам көрсөтүүгө жана окууларды өткөрүп турууга жооптуу бир судьяны буйрук менен бекитет;
31.2. Аксакалдар соту айылдык кенештен каттоодон өткөндөн кийин бир айдын ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрация же болбосо айыл өкмөтү менен макулдашып, райодук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилерин катыштырып, аксакалдар соттору үчүн нускамалык-усулдук семинар кеёешме өткөрөт;
31.3.Кварталына бир жолу аксакалдар сотунун катынын негизинде (эгер келип тушсө) өз кеёсесинде жер-жеринде жолугушуу өтөкрүп, каттагы маселелер боюнча кыскача оозеки (зарыл болгон учурда жазуу жүзүндө да) түшүндүрмөлөр берет.
31.4. Аксакалдар сотунун төрагасынын отурумунда кароо үчүн иштерди (материалдарды) изилдөөнүсүнүн жүрүшүндө аны тоскоолдуксуз кабыл алышат жага ага зарыл жардамды көрсөтүшөт;
Мыйзамдын 32-беренесине ылайык:
31.5. Аксакалдар соту кайрылган учурда аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу боюнча зарыл көмөктөрдү көрсөтүшөт.
32.Аксакалдар соту кварталына бир жолу:
32.1.Райондук сотко иштерди (материалдарды) карап чечим чыгаруудагы укук колдонуунун түшүнүксүз маселелери боюнча:
32.2.Райондук ички иштер бөлүмүнө сот отурумдарына укук бузган жоопкерди алып келүүнүн, сот отурумунда коомдук тартипти камсыз кылуунун абалы боюнча, сотто каралган иштер (материалдар) боюнча (маалымат);
32.3. Айыл өкмөтүнө калган бардык маселелер анын ичинде соттун ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоонун маселелери, сотто каралган иштер (материалдар) боюнча маалымат, каттарды жиберет.
33. Аксакалдар сотуна райондук сот тарабынан көрсөтүлүүчү усулдук жардам төмөндөгү маселелерди түшүндүрүүнү камтыйт:
1) акскалдар сотунун иштерди (материаларды) кароого даярдоо бюнча аракеттерин (башкача айтканда келип тушкон арыздарды) кароого даярдоо боюнча аракеттерин (башкача айтканда келип тушкөн арыздарды текшерүү, жабырлануучуларды, күбөлөрдү суроо, аксакалдар сотуна тартылып жаткан адамдын оздугу тууралуу маалыматтарды ж.б.у.с)
2) аксакалдар соту тарабынан иштерди (материалдарды) кароонун тартибин, кароонун моонотторун;
3) сот отурумунун протоколун жургузуунун (процессуалдык форма) жана иш боюнча чечим кабыл алуунун, ошондой эле аксакалдар сотунну чечимине даттануу тартиби;
4)аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн ченемдик укукттук актыларын түшүндүрүүнүн;
5)аксакалдар соту тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун жана жаза берүүнүн тартибин.
34.Райондук ички иштер бөлүмү:
34.1.өзүнүн буйругу менен аксакалдар соттору менен иштөөгө жооптуу кызматкерлерди, анын ичинде милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн бекитет;
34.2.Кварталына бир жолу аксакалдар сотунун катынын негизинде (эгер келип түшсө) өз кеёсесинде же жеринде жолугушуу өткөрүп, каттагы маселелер боюнча кыскача оозеки (зарыл болгон учурда жазуу жүзүндө да) түшүндүрмөлөрдү берет;
34.3 Мыйзамдын 17-беренесине ылайык, аксакалдар сотунда катышуусу зарыл болгон адамдарды (укук бузуучуларды, жоопкерди, күбөлөрдү,зарыл болгон учурда арыз ээлерин) отурумга чакырууну, зарыл болгон учурда аларды мажбурлап алып келүүнү, соттук отурумда коомдук жана укуктук тартипти камсыз кылууну милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу жүргүзүлөт.
35.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу орган (айыл өкмөтү)
1)айылдык кеёеш эсепке алуучу каттоо жүргүзгөндөн кийин аксакалдар сотуна, анын аты жазылган мөөр берилет;
2)аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо жана өз ишмердүүлүгүлү жөнүндө отчет берүү боюнча жергиликүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарын өткөрүүгө аксакалдар сотуна көмөк көрсөтөт;
3)аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү өзүнүн чечимдерин жана айылдык кеёештин токтомдору менен аксакалдар сотторунун төрагаларын тааныштырууну жүргүзөт;
4)аксакалдар сотуна иш кагаздарын сапатуу жүргүзүүгө жардам көрсөтөт;
5) зарыл болгон учурда аксакалдар сотунун иш кагаздарын басып жана чыгарып берүүгө жардам берет;
6)айыл өкмөтүнүн буйругу менен аксакалдар сотунун отурумдарын өткөрүү үчүн имаратты (имараттын ичиндеги бөлмөнү) туруктуу бекитип берет (ылайыгы келсе коомдук алдын алуу борбору менен бириктирсе болот);
7)аксакалдар сотунун отурумуна катышуусу зарыл болгон адамдарды, аксакалдар соту менен макулдашуу боюнча, өзүнүн кызматкерлерин, тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлерин чакыртууга жана катыштырууга көмөк көрсөтөт;
8) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда алар караган иштер боюнча материалдарды, эсептик каттоо тууралуу күбөлүгүн жана мөөрүн жана аксакалдар сотунун өтүнүчү боюнча андан башка учурда аксакалдар сотунун документтерин кабыл алат жана сактап турат.
36.Аксакалдар соту каралган иштердин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзөт жана жыл сайын жылдык статистикалык отчетун айылдык кеёешке жана райондук сотко жөнөтөт.
37.Аксакалдар соту жылына бир жолудан кем эмес өз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын чогулуштарында, конференцияларында же өзүн каттоодон өткөргөн айылдык кенештин сессиясында (тиешелүү туруктуу комиссиясынын отурумунда) отчет берет.
7.Аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүү
38.Аксакалдар сотунда кабыл алынган материалдарды (иштерди) эсепке алуу, материалдар боюнча кабыл алынган чечимдер, аксакалдар сотунда иштерди (материалдарды) кароого катышуу учун адамдарга жиберилген кабарламалар ж.б. маселелер боюнча журналдар жүргүзүлөт.
39.Журналдардын барктары номурланат, көкктөлөт жана мөөр менен бекитилет.
40.Кабыл алынган материалдарды эсепке алуу материалдар боюнча кабыл алынган чечимдер журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда аксакалдар сотунун төрагасынын уруксаатысыз өткөрүлүп берилбейт же колго берилбейт.
41.Журналдарды жүргүзүү жана сактоо, аларга жазылуучу маалыматтардын өз убагында жазылышы жана ишмердүүлүгү үчүн аксакалдар сотунун катчысы жоопркечилик тартат.
42.Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүндө иш кагаздарын жүогүзүүгө жалпы жетекчилик анын абалы үчүн жоопкерчилик тартуучу соттун төрагасы тарабынан ишке ашырылат.
43.Журналдарды жана иштерди (материалдарды) сактоонун мөөнөтү үч жыл жана бул мөөнөт өткөндөн кийин алар тизим (опись) боюнча айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилет.
8.Аксакалдар сотторун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
44.Аксакалдар сотунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо төмөнкү каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат:
1)жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен;
2)аксакалдар соту салган жазапулдардан тушкөн каражаттардын эсебинен;
3)ар кандай юридикалык жактардан жана жарандардын спонсорлук жардам иретинде тушкон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен;
4)айылдык кенеш, айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн (табылган) бюджеттен сырткары акчалай жана материалдык каражаттардын, төлөмдүк жана башка жеёилдиктердин эсебинен;
45.Аксакалдар соту салган жазапулдардан түшкөн каражаттардын 70 пайызы аксакалдар сотунун төрагасы менен макулдашылган айыл өкмөтү түзгөн сметага ылайык аксакалдар сотуна бөлүнүп берилет.
46.Аксакалдар соту кварталына бир жолу казыналыктын райондук бөлүмү менен атайын эсепке түшкөн жазапулдар боюнча текшерүү (сверка) жүргүзүп турат.
Жооптуу катчы Г.Маматова