ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаувай айылдык кеңешинин (VI-чакырылыштагы ) XXIII -сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 23/8
Чаувай айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 25.06.2015-жылдагы № 82 “Коомдук алдын алуу борбору жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.10.2015-жылдагы № 747 “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык түзүлгөн Чаувай айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын угуп жана талкуулап Чаувай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борбору түзүлсүн жана Уставы бекитилсин.
2. Коомдук алдын алуу борборунун комиссиясынын курамы бекитилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага
| Ж.Тешебаев |