Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2019-жылдын 20-сентябры № 20/2
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларындагы тамак-аштарга болгон төлөм баасын көтөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 23.10.2012-жылдын №742 санду токтому “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” Мамлекеттик билим берүү стандартын турмушка ашыруу максатында балдар бакчаларында тамак-аш коопсуздугун жана алардын сапатын жогорлатуу максатында Уч-Коргон айыл аймагында жайгашкан балдар бакчаларынын ата-энелер комитеттеринин жалпы жыйынынын протоколдук чечимдерин эске алып Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тамак-аш менен багууда мурдагы төлөнүп келген 13-18 (он үч, он сегиз) сомдон 18-25 (он сегиз, жыйырма беш) сомго көтөрүү жагы сунушталсын.
2.Айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Рахматуллаевге кабыл алынган чечимдердин негизинде төлөмдөрдү жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Джалалов |