Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 23-октябры № 742
Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө
"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- 2013-жылдын 1-апрелине чейин мектепке чейинки билим берүү боюнча программаларды, усулдук-окуу куралдарын иштеп чыксын жана бекитсин;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын турмушка ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. "Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо" боюнча мамлекеттик стандартын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-январындагы № 17 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |