Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы № 3
Исфана жайыт комитетинин 2020-жылга карата мал башына төлөнүүчү жайыт акысынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Исфана жайыт комитетинин 2020-жылга карата мал башына төлөнүүчү жайыт акысынын тарифтерин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 токтомунун 46-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана жайыт комитетинин 2020-жылга карата малдардын башына төлөнүүчү жайыт акысынын тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин
V чакырылышынын кезектеги XXIX
сессиясынын 2020-жылдын
31-январындагы №3 токтомуна тиркеме
Исфана Жайыт комитетинин Исфана шаардык Кеңеши тарабынан жайыттарды пайдалануу жөнүндө «жайыт мыйзамынын» 9-10-береленерине ылайык малдардын түрлөрүнө жана ар бир башына карата 2020-жылга акы төлөө өлчөмдөрү.
№ | Малдын түрлөрү | 2019-жылга эсептелген малдын саны | Которуу коэффи центи | Шарттуу малдын саны | Мал башына эсептелген жайыт акысы | Жеке чарбада багылуучу жана базарга сатылуучу мал саны (болжолдуу) | ||
Мал башына | Жалпы суммасы | Жеке чарбада | Базарга | |||||
1 | ИММ | 3221 | 1,0 | 3221 | 60 | 192060 | 1800 | 616 |
2 | Жаш бодо мал | 1644 | 0,7 | 1151 | 42 | 69048 |
|
|
2 | МММ | 28070 | 0,2 | 5614 | 15 | 421050 |
| 2500 |
3 | Жылкы эшектер | 480 | 1,0 | 480 | 100 | 48 000 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы: |
|
|
|
| 730158 |
|
|
Исфана жайыт комитетинин төрагасы:- Х.А. Мамыров.