Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы № 4
“Исфана Таза-Суу” муниципалдык ишканасына кошумча штаттык бирдиктерди бекитип берүү жөнүндө
“Исфана Таза-Суу” муниципалдык ишканасына кошумча штаттык бирдиктерди бекитип берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Исфана Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын кошумча штаттык бирдиктери тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин
V чакырылышынын кезектеги XXIX
сессиясынын 2020-жылдын
31-январындагы №4 токтомуна тиркеме
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын кошумча штаттык бирдиктери.
Катар № | Кыскача мазмуну | Саны | Кесиби |
1 | Башкы суу кампасына | 1 | күзөтчү |
2 | Бозогүл суу кампасына | 1 | күзөтчү |
3 | Микрорайон 2 суу кампасына | 1 | күзөтчү |
4 | Административдик имаратындагы суу кампасына | 1 | күзөтчү |
5 | Сан.техникалык тейлөө кызматкери | 2 | штаттык бирдик |
«Исфана таза суу»
муниципалдык ишканасынын башчысы: А.А. Каримов