Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы № 5
2020-жылга дем берүүчү гранттарга кошумча сунуштоо үчүн жана райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо үчүн артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө
2020-жылга дем берүүчү гранттарга кошумча сунуштоо үчүн жана райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо үчүн артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга дем берүүчү гранттарга кошумча сунуштоо үчүн жана райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо үчүн артыкчылыктуу долбоорлордун тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин
V чакырылышынын кезектеги
XXIX сессиясынын 2020-жылдын
31-январындагы №5 токтомуна тиркеме
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен 2020-жылы каржылоого кошумча сунушталуучу долбоорлордун
ТИЗМЕСИ
№ | Мекеменин, обьекттин аталышы | Жетекчисинин фамилиясы, аты | Долбоордун аталышы | Каржылоо (миң сом) | |||
жалпы бюджет | грант | өздүк салым | салым % | ||||
1 | “Самат” атындагы парк | Кадыров Жолдошбек | “Самат” атындагы паркты абаттоо (тротуар, фонтан, кириш дарбазасы) | 3295,430 | 2800,4 | 495,030 | 15% |
Райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен 2020-жылы каржылоого кошумча сунушталуучу долбоорлордун
ТИЗМЕСИ
№ | Мекеменин, обьекттин аталышы | Жетекчисинин фамилиясы, аты | Долбоордун аталышы | Каржылоо (миң сом) | |||
жалпы бюджет | грант | өздүк салым | салым % | ||||
1 | “Самат” атындагы парк | Кадыров Жолдошбек | “Самат” атындагы парктын ички жолун асфальттоо жана жаштар аянтын уюштуруу (асфальт, тренажер, илек-илек инсталляцисы, видео байкоо) | 2008,5 | 1478,5 | 530,0 | 26,4% |
Муниципалдык менчик департаментинин башчысы: Кадыров Ж.
Билим берүү тармагы боюнча башкы адиси: З.Хабибуллаев