Редакцияот 19.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

 

2019-жылдын 19-декабры №1

 “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө

Исфана шаар мэриясынын “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1.    “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету канааттандырарлык деп табылсын (отчет тиркелет).

2.    Көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетуу жагы “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Каримовго жана Исфана шаарынын мэри А.Н.Хамраевге милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

Б.И.Тагаев