Загрузка документа…
| Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын 2019-жылдын 19-декабрындагы №1 токтомуна тиркеме |
"Исфана шаар мэриясына караштуу “Исфана-таза суу” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө»
МААЛЫМАТ
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө жалпысынан 24 кызматкер эмгектенишет; анын ичинен 5 административдик жооптуу кызматкер, 5 кассир- контролёр, 2 техник-түзөтүүчү, 2 суу буруучу, 1 лаборант, 1 электрик, 5 күзөтчү, 1 тракторист, 1 чарбалык иштер боюнча башчы жана 1 тех кызматкер.
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы Исфана шаарынын мэриясына караштуу тийиштүү айылдарды жана Исфана шаарындагы мекеме-уюмдарды, мектеп жана бала бакчаларды таза суу менен камсыз кылып келүүдө. Жалпы “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын тейлөө суу түтүгүнүн узундугу 117 км түзөт. Суу пайдалануучулардын саны 15000 адам.
2019-жылда 9- ай ичинде “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасына Исфана шаарынын тургундарынан келип түшкөн жазуу түрүндөгү арыздардын саны 32 арыз катталган болсо, баардык арыздарга өз мөөнөтүндө аткарылды жана жооп берилди.
2019-жыл ичинде бүгүнкү күнгө чейин элден түшкөн төлөнүүчү төлөмдөр 1 921 313 сом, коммерциялык точкалардан 173 000сом, Бюджет мекеме, ишканалардан 952 400 сом жана суу түтүгүн кошуу, оңдоп түздөө иштеринен 97 500 сом, түзгөн. Жалпы суммасы – 3 144 213 сомду түздү. Эмгек акысына, соц.фондго, салыктарга, коммуналдык иштерге, транспорттук пайдаланууга административдик иштерге, ондоп түздөө иштерине жана соц.фондун эски жылдагы карыздарына 3 144 213 сом чыгымдалды.
Ушул чыгымдардын ичинен 365 000 сом соц.фондун эски жылдагы карыздарына төлөнүп берилди, 182 000 сом эски жылдагы салыктарга үстөгү менен төлөнүп берилди.
Бүгүнкү күндө “Алтын Бешик Суу” ИСКАКБсынан 2016- жылдагы эмгек акысынан 230 700 сом, “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын 2018- жылдагы эмгек акысынан 430 250 сом, күйүүчү майдан 2016,2017,2018-жылдар үчүн 163 227 сом карызыбыз бар.
2019-жылга бүгүнкү күндө өз убагында квартал сайын дезинфекциялоо иштери аткарылып турат жана райондук сан.эпид.көзөмөлдөө борбору тарабынан көзөмөл иштери жүргүзүлүп, биргеликте элге таза суу берүү жүргүзүлүүдө.
Элди таза суу менен камсыз кылууда кышка карата даярдоо жана ремонт иштери өз учурунда жүргүзүлүп турат. Бүгүнкү күндө 60000 сомго иштер аткарылды.
Исфана таза суу” муниципалдык ишканасыныннын башчысы: | А.Каримов |