Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №2
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын таза сууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын таза сууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 14-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын таза сууга болгон тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.(Тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин
V чакырылышынын кезектеги XXVIII
сессиясынын 2019-жылдын
19-декабрындагы №2 токтомуна тиркеме
«Исфана таза суу» муниципалдык ишканасы боюнча суу түтүктөрүндөгү суунун
тарифи
№ | Кызмат көрсөтүүнүн түрлөрү | Тариф сом менен | |
|
|
| |
1 | Ичкенге берилүүчү суунун 1м3 жашоочулар үчүн | 18.90 |
|
2 | Ичкенге берилүүчү суунун 1м3 бюджеттик уюмдар үчүн | 31.7 |
|
3 | Ичкенге берилүүчү суунун 1м3 коммерциялык уюмдар үчүн | 38,4 |
|
4 | Техникалык шарттарды түзүп берүү жана жаңы тутумга кошуу үчүн инженердик-техникалык жактан камсыздоо үчүн | 8585 |
|
5 | Техникалык шарттарды киргизүү жана эски системаларды кошуу боюнча ремонт иштери үчүн | 2550 |
|
6 | Көчөдөгү суу түтүктөрүнөн пайдалануу үчүн 1 адамга 1 айга сартпталуучу суунун төлөм акысы | 22 |
|
“Исфана таза суу” муниципалдык
ишканасыныннын башчысы: А.Каримов