Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 117
Сүлүктү шаардык кенешинин 2020-жылга иш планы жөнүндө
Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин, Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентинин 10 бөлүмүнүн негизинде, шаардык кеӊештин депутаттык фракцияларынын жетекчилеринин жана депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2020-жылга иш-планы бекитилсин (иш план тиркелет)
2. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2020-жылга бекитилген иш планынын аткарылышын камcыз кылуу жагы шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлериден, туруктуу комиссиялардан талап кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын
Төрага |
| К. Исмаилов |
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылыш) XXV сессиясынын 21.02. 2020ж.
№ 117 токтомуна тиркеме
Сүлүктү шаардык кенешинин 2020-жылга иш- планы.
I.Сеесияда каралуучу маселелер
| ||||
№ | Каралуучу маселелер | Аткарууга жооптуулар | Маселени даярдоого жооптуулар | Аткаруу мооноту |
I чейрек
| ||||
1 | «Сүлүктү таза суу канал” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө
| Сүлүктү таза суу канал муниципалдык ишканасынын жетекчиси | Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясы | I-чейрек 2020-жыл
|
2 | “Сүлүктү тазалык” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө
| Сүлүктү тазалык, муниципалдык ишканасынын жетекчиси | Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясы | I -чейрек
2020-жыл |
| Сулукту шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө | Сулукту шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмү | Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы | I -чейрек 2020-жыл |
II чейрек
| ||||
1 | 2019 – жылга Сүлүктү шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы 2020-жылга бекитилиши жөнүндө | Сүлүктү шаарынын мэри | Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары Өнөр жай жана социалдык маселелер боюнча | II -чейрек 2020-жыл |
2 | Сүлүктү шаарынын 2019–жылкы бюджетинин аткарылышы жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сүлүктү башкармалыгы | Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы | II -чейрек 2020-жыл |
III чейрек
| ||||
| Калкка кызмат көрсөтүүдө шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын аткарган иштери жөнүндө | Сүлүктү шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы | Социалдык маселелер , билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спрорт боюнча туруктуу комиссиясы
| III -чейрек
2020-жыл |
2 | Шаардын аймагындагы ооруканалардын имараттарынын абалы боюнча | Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башчысы | Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы | III -чейрек
2020-жыл |
IV чейрек | ||||
1 |
Шаардык жалпы билим берүүчү орто мектептерде 1-4 класстын окуучуларына берилүүчү ысык тамактын уюштурулушу жана сапаты жөнүндө
| Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнун башчысы |
Социалдык маселелер , билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спрорт боюнча туруктуу комиссиясы
| IV -чейрек 2020-жыл |
2 | АРИС программасынын алкагында “Сүлүктү шаарынын суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоорунун аткарылышы жөнүндө | Сүлүктү шаардык мэриясы Сүлүктү таза суу канал муниципалдык ишканасынын жетекчиси | Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясы | IV -чейрек 2020-жыл
|
II. УЮШТУРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАСЕЛЕЛЕР.
№ | Аткарылуучу иштер | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү |
1 | Шаардык кеӊештин депутаттары жана фракциялар менен иш алып баруу | Шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери | Ар дайым |
2. | Шаардык кенештин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушууларын уюштуруу (график менен) | Фракциялардын жетекчилери, шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери | Ар дайым |
3 | Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары менен иш жүргүзүү | Шаардык кеӊештин башкы жана жетектөөчү адиси | Ар дайым |
4 | Шаардык кеӊештин депутаттарын жана жооптуу кызматкерлерге окутууларды, семинарларды уюштуруу жана жана уюштурулган окуу семинарларга катышууну камсыз кылуу. ЖӨАБЭАМ боюнча агенттиги менен макулдашуу менен | Шаардык кеӊештин төрагасы Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы | Ар дайым |
6 | Шаардык кеӊештин депутаттарынын декларация тапшыруусун жана жеке турак үйлөрүн , мекеме ишканаларын камсыздандыруусун камсыз кылуу боюнча иш алып баруу | Шаардык кеӊештин депутаттары шаардык кеӊештин башкы жана жетектөөчү адиси | Жылдын 1-мартына чейин |
7 | КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү боюнча иш чараларга көмөк көрсөтүү | Шаардык кеӊештин депутаттары шаардык кеӊештин аппараты |
|
Жооптуу катчы: М. Джураева