Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 120
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловдун аткарган иштери жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-6-пунктуна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловдун 2019-жылга аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелсин
2. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловго төмөнкүлөр милдеттендирилсин
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8- октябрындагы №608 токтому менен Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчик бөлүмүнө өткөрүүп берилген муниципалдык мүлктөрдүн реестрин толугу менен бүтүрүү, мамлекеттик каттоодон өткөрүү
- Ижарага берилген жер тилкелеринин ижара акысын төлөбөгөн мекеме ишканалар боюнча мыйзам чегинде чараларды көрүү
- Кольцо станциясынын жеринин башкы планын жана инвентаризациясын бүтүрүү боюнча иш жүргүзүү
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| К. Исмаилов |