Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы №2
Баткен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышында жана калкты социалдык жактан коргоо алкагында 2019-жыл ичинде шаар мэриясынын аткарган иштерине шаар мэринин отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 3; 12–пункуттарына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаар мэриясынын, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо алкагында 2018-жыл ичинде аткарган иштери канаатандыраарлык экендиги белгиленсин. (мэрдин отчету тиркелет)
2.Баткен шаарынын мэринин 2019-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету бекитилген токтом шаар калкына шаардык «Өрүкзар» коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |
Баткен шаарынын 2019-жылдын жыйынтыгына карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө
МААЛЫМАТ
Баткен шаарынын экономика тармагында 2019-жылдын жыйынтыгына карата бир катар уюштуруучулук жана практикалык иштер аткарылып, айрым тармактарда урунттуу өсүүлөр байкалып, кээ бир тармактарда стабилдүүлүк сакталды.
-Өнөр жай 771,7 млн. сомго, же болбосо өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу физикалык көлөмү 101,7 %га
-электр энергиясыз 89,6 млн. сомго, физикалык көлөмү 106,7%га аткарылган.
Шаарыбыздын өнөр жай тармагында бул көрсөткүчтөрдү жаратууда шаарыбызда жалпы 66 кичи жана ПДН ишканалары бар. Алар,
1 | Электр тармактар ишканасы; (Ош электро) | 1 |
| Муниципалдык ишканалар | 2 |
| Бай-Түшүм кооперативи | 1 |
| Калктын жеке ишкердүүлүгү боюнча (ПДН) | 69 |
| Бардыгы | 73 |
Калктын жеке ишкердүүлүгү ПДН ишканалар
1 | Пескоблок, лего кирпич, еврозабор чыгаруучу цехтер | 11 |
2 | Кийим тигүү цехтери | 6 |
3 | Желим эшик-терезе жосаачу цехтер | 4 |
4 | Мебель жасоочу цехтер | 6 |
5 | Навайканалар | 26 |
6 | Жыгач эшик-терезе жасоочу цехтер | 7 |
7 | Темир шифер жасоочу цех | 1 |
8 | Кондитердик цехтер | 4 |
9 | Пилорамалар | 3 |
| Бардыгы | 69 |
-Айыл чарбасы – 645,5 млн сомго, өсүү темпи 100,6%ды,
-Тейлөө рыногу – 1688,8 млн сомго, өсүү темпи 104,7%ды,
-Чекене соода жүгүртүү – 1190,6 млн сомго, өсүү темпи 102,6 %ды,
-кызмат көрсөтүү – 498,3 млн сомго, өсүү темпи 102,7 %ды,
-Капиталдык курулуш – 436,3 млн. сомго, өсүү темпи 142,0 %ды,
-Жаңы жумуш орун түзүү – 487 салыштырмалуу 166.2 %ды,
-Орточо эмгек акы – 14744,9 сом салыштырмалуу 105.9 %ды түздү.
-Катталган жумушсуздардын саны – 1299 адам, а.и. официалдуу 1130 адам.
ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ
Жалпы ички жана тышкы инвестициянын көлөмү 433,4 млн. сомду түзгөн.
А.и.
-Тышкы инвестиция –225,3 млн сом (ЕБРР-112.4млн, АРИС -4.1 млн, Ас-Сафа-107.1 млн, Жайзет ӨЭ уюму 1.7 млн сом)
-Ички инвестиция – 117,8 млн сом. (Жеке ишкердик курулуштар)
-Жергиликтүү бюджет – 36,5 млн сом
-Республ. бюджет – 47,3 млн сом. (полик-5.5 млн, ӨМК-0.5 млн, детсад – 5.8 млн, стимгр-5.2 млн, драм-2.6 млн,)
САЛЫК ТОПТОО
Мамлекеттик салык жана төлөмдөрдүн жеткирилген планы 114962,5 миң сомго аткарылып, 103,5%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 3908,2 миң сомго аз чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 113,2%ды түзүп, 13378,4 миң сомго көп аткарылган. Анын ичинен:
-республикалык бюджет 37171,2 миң. сомго аткарылып, өсүү темпи 100,0 %га же планга салыштырмалуу 0,3 миң сомго көп чогултулган. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 4511,3 миң сомго аз аткарылып, 89,2 %ды түздү.
-жергиликтүү бюджет 77791,3 миң. сомго аткарылып, планга салыштырмалуу өсүү темпи 105.3 %га же болбосо 3907.9 миң сомго көп чогултулган. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 17889.6 миң сомго көп аткарылып, 129.9 %ды түздү.
январь - декбрь 2018 года
| январь - декабрь 2019 года
| план | факт | план | факт | ||||||
план | факт | % | (+,-) | план | факт | % | (+,-) | ||||
100554,5 | 101584,1 | 101,0 | 1029,6 | 111054,3 | 114962,5 | 103,5 | 3908,2 | 110,4 | 113,2 | 10499,8 | 13378,4 |
Республиканский бюджет | |||||||||||
40879,1 | 41682,5 | 102,0 | 803,4 | 37170,9 | 37171,2 | 100,0 | 0,3 | 90,9 | 89,2 | -3708,2 | -4511,3 |
Местный бюджет | |||||||||||
59675,5 | 59901,7 | 100,4 | 226,2 | 73883,4 | 77791,3 | 105,3 | 3907,9 | 123,8 | 129,9 | 14207,9 | 17889,6 |
Биринчи вице-мэр М.Султанов
Башкы адис Э.Пинназаров