Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы №7
«Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баткен шаардык Кенешинин III чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы №13 токтому, Эл Аралык ЮСАИД уюмунун «Кыргыз Республикасында жер реформасы» долбоорунун колдоосу менен бекитилген «Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу» («Правила застройки и землепользования города Баткен») китебинин 1.7-главасынын 22-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кенешинин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугунун жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин сунуш катынын негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугунун» 2-бөлүмүнүн 25-беренесинин 1-пункутуна, 26-берененин 2-пункутуна өзгөртүүлөр киргизилсин :
-шаардын Аэропорт, Келечек, Кызыл Жол кварталындагы жеке менчик турак жай жер аянттары №1 тиркемеге ылайык категориялары өзгөртүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет).
2.Тиркемеге ылайык категориялары өзгөртүлгөн жер аянттарынын карталары «Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу» китебине тиркеме катары киргизуүү жагы шаар куруу жана архитектура башкармасына (А.Абылкасымовго) жүктөлсүн.
3.Ушул тоткомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (М.Добутов) тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |
Баткен шаардык Кенешинин VI
чакырылышынын кезектеги XXI
сессиясынын 2020-жыл 18-февраль
№ 7 токтомуна №1 тиркеме.
№
| Жер аянтынын ээсинин Ф.А.Ж. | Мурдагы жер аянтынын багыты
| Анын ичинен
| |||
Өзгөртүл гөн жер аянтынын өлчөмү (га) | Өзгөртүүсүз калтырылган Жер аянтынын өлчөмү (га) | Өзгөртүүгө киргизил ген жер аянтынын багыты | өзгөртүлгөн жердин адреси (көчөсү, аймагы) | |||
1 | Касымова Салтанат | 190 м2 Ц-2 260 м2 Ц-1 | 190 м2 260 м2 | - - | Ж-1 Ж-1 | Кыргызстан 50 ж |
2 | Мураталиева Сайинса | 750 м2 Ж-1 | 185,5 м2 Ц-1 | 564,5 м2 Ж-1 | 185,5 Ж-1 | Файзуллаев к |
3 | Нурмамбектова Илеркан | 660,97 м2 Ж-1 | 112,05 м2 Ц-1 | 548,92 Ж-1 | Ц-1 | М.Нургазыев
|