Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы №12
Баткен шаарындагы Баткен областтык гимназия -жатак-мектебине «А.Ысмановдун» ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы «Кыргыз Республикасында геграфиялык аталыштар, кайра аттоолор жөнүндө» №467 токтому менен бекитилген жобосуна жана Баткен шаарындагы Баткен областтык гимназия жатак-мектебине «А.Ысмановдун» ысымын берүү жөнүндөгү Баткен шаар мэриясынын 2019-жылдын 31-июлдагы №01-23/869 катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жактан өнүгүү жаштар. Спорт туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралдагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарындагы Баткен областтык гимназия-жатак- мектебине «Ашыралы Ысмановдун» ысымы ыйгарылсын.
2.Токтом жалпыга шаардык «Өрүкзар» коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин жана мамлекеттик реестирге каттоо үчүн Баткен облусттук юстиция башкармасына жиберилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык жактан өнүгүү, жаштар, спорт туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |