Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №77
Жаңы-Жер айылына социалдык шаарча курууга макулдук берүү жана Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы №71-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана айыл өкмөтүндөгү турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын оңдоо, шарт түзүү жана Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы №71-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы №71-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы социалдык объектилерге калтырылган муниципалдык менчик жерине социалдык шаарча куруу үчүн 3га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Курулуш иштерине тийешелүү болгон иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |