Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XХVII-сессиясы
2020-жылдын 28-февралы №9
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн КААБдын курамы жана Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы №82 Укук бузуулардын алдын алуу мыйзамына ылайык Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында КААБ (коомдук алдын алуу борбору) түзүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) курамы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында коомдук алдын алуу борборунун ЖОБОСУ бекитилсин.
3. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында коомдук алдын алуу борборунун мыйзамдуу иш-кагаздарынын бүтүрүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |
БЕКИТЕМИН
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы
_______________ М.Султанов
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн коомдук алдын алуу борборунун курамы
1. Байзаков Закир Топчуевич- КААБ төрагасы;
2. Мамытов Абды-Манап Набиевич- төраганын орун басары;
Мүчөлөрү:
3. Заналов М-“Дара Тазалык” МИнын башчысы;
4. Сайкалов К-мүчөсү, жаштар иштери боюнча агенттиктин өкүлү;
5. Султанмуратов М-Чек айылынын имамы;
6. Садирбек уулу Бактыбек-жаш активист;
7. Садирбекова С-Аялдар кеңешинин төрайымы;
8. Эргазыева Б-айыл тургуну;
Жооптуу катчы А.Мисиралиев