Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы №19
Дара айыл аймагында карышкыр жана чөө бөрү аткан мергендерге акчалай сыйлык берүү жөнүндө
Дара айыл аймагында карышкыр аткан мергендерге акчалай сыйлык берүү боюнча Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы кезектеги IХ сессиясынын №90-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Дара айыл аймагынын элдеринин малдарын сактоо максатында айыл аймагындагы мергенчилерге карышкыр жана чөө бөрү аткандыгы үчүн ар бир атылган карышкырга 5000 (беш миң) сомдон, ар бир атылган чөө бөрүгө 2000 (эки миң) сомдон сыйлык белгиленсин.
2. Дара айыл аймагынын элдеринин малдарынын коопсуздугун сактоо боюнча иш жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевге жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |