Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XХVII-сессиясы
2020-жылдын 28-февралы №21
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын тургуну, “Биовит” ЖЧКнун фармацевтикалык заводунун генералдык директору Бабаев Абдирахим Жоробаевичти “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 2019-жылдын 16-августундагы кезектеги ХХIII сессиясынын №50-токтомуна ылайык Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын тургуну Бабаев Абдирахим Жоробаевичти “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү боюнча маселени талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын тургуну Бабаев Абдирахим Жоробаевичке “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Керектүү каражаттар менен камсыздоо жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |