Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы №22
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кан айылынын тургуну, филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти Амиралиев Семетей Манасовичти “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 2019-жылдын 16-августундагы кезектеги ХХIII сессиясынын №50-токтомуна ылайык Кан айылынын тургуну, филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти Амиралиев Семетей Манасовичти “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү боюнча Кан айылынын элдеринин жалпы чогулушунун 2019-жылдын 27-декабрындагы №12-протоколун талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кан айылынын тургуну, филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти Амиралиев Семетей Манасовичке “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Керектүү каражаттар менен камсыздоо жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |