Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2019-жылдын 12-декабры №44
“Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна” толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баткен шаардык Кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы №13 токтому, Эл Аралык ЮСАИД уюмунун “кыргыз Республикасында жер реформасы” долбоорунун колдоосу менен бекитилген “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” (“Правила застройки и землепользования города Баткен”) китебинин 1.7-главасынын 22-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кенешинин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 2-мартындагы отурумунун протоколунун, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылдын 27-февралдагы №02-6/112; №02-6/116; №02-6/117 каттарынын негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугунун” 2-бөлүмүнүн 25-беренесинин 1-пунукутуна, 26-берененин 2-пунукутуна өзгөртүүлөр киргизилсин:
(тиркеме тиркелет)
2.Тиркемеге ылайык категориялары өзгөртүлгөн жер аянтынын карталары “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебине тиркеме катары киргизүү жагы шаар куруу жана архитектура башкармасына /Абдинназаров А/ жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |
Баткен шаардык Кенешинин VI
чакырылышынын кезектеги XIX
сессиясынын № 44 токтомуна
№1 тиркеме
Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебинин 2-бөлүмүнүн 25-статьясынын 1-пункутунун, 26-статьясынын 2-пункутунун өзгөртүүсү;
Муниципалдык :1.Аэропорт кварталынын С.Сыдыков көчөсүндөгү мурдагы ТБЗнын 0,11га өлчөмүндөгү муниципалдык менчиктин Ц-2 коммерциялык багытынан Ж-1 багытына котортулууга