Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2019-жылдын 27-декабры №49
Баткен шаарында элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, бош убакытты пайдалуу өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү, балдар жана жаштар менен иш алып баруу боюнча иш чараларды жүзөөгө ашырууну уюштуруу тууралуу
Баткен жергесинен чыккан ардагер сүрөтчү Ж.Маткаимовдун жеке көргөзмөсү 2019-жыл ичинде өткөрүлүп, көргөзмөгө сүрөтчүнүн бир топ чыгармалары коюлган. Алардын ичинен эн белгилүүлөрү “Улуу Жибек-Жолу”, “Манас” автопортрет, кыргыздын залкарларынын портреттери жана сүрөтчүнүн үй-бүлөсүнүн сүрөттөрү. Ж.Маткаимов мындан сырткары да бир канча эмгектердин автору. Сүрөтчүнүн фотокитеби жергиликтүү бюджеттин резервдик фондунан 10 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
КРнын Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү, жазуучу, тарыхчы, изилдөөчү Г.Абдрахманов менен шаар тургундары, негизинен окуучулар менен жолугушуу уюштурулуп, жолугушууда шаар аймагында ооздон-оозго өтүп айтылып келе жаткан тарых санжыралары, көркөм чыгармачылык темасында кызыктуу аңгеме маек курулган.
Белгилүү сүрөтчү С.Султанмуратовдун көркөм сүрөт темасындагы өздүк чыгармачылык кечеси өткөрүлүп, чеберчилик менен тартылган чыгармалары боюнча чыгармалар топтому чыгарылган.
Баткен жергесинин дагын бир белгилүү жазуучусу А.Ражабалинин чыгармалары китеп болуп чыгарылып, окурмандарга сунушталган. Чыгарылган китеп боюнча окуучулар менен жолугушуулар өткөрүлүп, окурмандар менен болгон жолугушууда китептин жаралуу тарыхы боюнча кеңири талкуу маек курулган.
Жазуучулардын катар сабындагы, жазуучу, дарыгер, А.Кочкоров өзүнүн китебин чыгарып, шаардагы областтык китепканада окуучулар менен жолугушуу үстүндө китептин жаралуу баяны айтылып, көркөм чыгармачылыктын дагын бир ирет даңазалоо менен таанышуу кечеси өткөрүлгөн.
Кызыл-Жол аймагынан чыккан жыгач уста, комузчу А.Рахманов менен окуучулар арасында жолугушуу өткөрүлүп, А.Рахманов кол өнөрчүлүктүн сыры боюнча окуучуларга сыр бөлүшүп комузда кол ойнотуп, окуучулар менен барлашкан. А.Рахмановдун өрүктөн жасалган 200дон ашуун эмгектери бар.
Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) каржылоосу менен 2018-жылдын апрель айында Баткен шаарында «Маданият-достуктун көпүрөсү» - деген аталыщта кыргыз-өзбек жаш таланттар фестивалы өткөрүлдү.
Фестивалга Фергана шаарынын делегация катышышты. Делегация курамында 46 жаш таланттар, хокимяттын башчылары орун басарлары жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышышкан.
Фестивалга 6-жаштан 16 жашка чейинки жаш таланттар катышышып, Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун Кыргыз Республикасындагы (ЮНИСЕФ) өкүлү Юкие Мокуо айым катышты.
Фестивалда мекенди данктаган ырлар жанырып, боордош дүйнө элдеринин түрдүү бийлери бийленген.
КР Президентинин Жарлыгына ылайык быйылкы жылдын 9-сентябрында “Комуз күнү” шаардын борборунда уюштурулуп өткөрүлдү. Ага 500 комузчу кыздар-балдар катышышып, кыргыз күүлөрүн жетине жеткире аткарышкан.
«Манас» эпосунун күнүн белгилөө жөнүндө атайын буйрук кабыл алынып, шаардагы мектеп окуучулар арасында Манас айтуу боюнча кароо сынак өткөрүлүп, жеңүүчүлөр дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланган.
Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү максатында шаардагы “Айгүл-Тоо айымдары” маданий тобу да чыгармачылык ийгиликтерди шаар аймагында эле эмес республикалык деңгээлде алп келе жатышат. Чыгармачылыктын элдик түрү шаарда өтүүчү ар бир иш чарада өз ордун таап аткарылып келе жатат. Мындан тышкары 2020-жылдан баштап элдик чыгармачылыкты шаардагы мектеп балдары жана жаштары үчүн аксыз үйрөтүү шаардык кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип колдоо таап ишке ашуу алдында турат.
Жаштар жана балдар менен иш алып барууда иш чаралдардын жүзөгө ашырылышы:
Шаар боюнча тоголок жетим балдардын саны – 5, жарым жетим балдардын саны - 172, көп балалуу үй-бүлөдөгү балдардын саны – 188, турмуш шарты оор балдардын саны – 112, ажырашкан үй-бүлөлөрдүн балдары – 395, Чернобль, Баткен, Ооган окуяларына катышкан ата-энелердин балдары – 31, мектеп жашында ден соолугуна байланыштуу окууга мүмкүнчүлүгү жок балдардын саны – 3, ден соолугуна байланыштуу 2 окуучу үйүндө окутулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы “2020-жылга чейин гендердик тенчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиясы жана 2012-2014-жылдарга КР гендердик тенчиликке жетишуу боюнча иши аракеттердин улуттук планы жөнүндөгү ” № 443 токтомун жана 25-ноябрь-Бүткүл Дүйнөлүк аялдарга карата зордук–зомбулукка каршы күнүнө карата «Зордук зомбулуксуз 16 күн» маалымат өнөктүгү мектептерде жыл сайын өткөрүлөт.
Мектеп | “Алдын алуу кеңеши” | Учетто турган окуучулардын саны | Зордук-зомбулукка кабылган балдардын тизмеси | |
Мектептин учетунда турган окуучулардын саны | ИДН де турган окуучулардын саны | |||
Баткен шаардык билим берүү бөлүмү | 7 | 19 | 13 | 0 |
Февраль айында “2018-2028-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасын ишке ашыруу жөнүндөгү” №479 токтомун ишке ашыруу максатында тиешелүү органдардын кызматкерлеринин катышуусунда Баткен шаарынын мэриясынын пландаштырылган жыйындары түзүлгөн графикке ылайык шаардын бардык мектептеринде өткөрүлгөн. Анда жашы жете элек өспүрумдөр арасында кылмыштуулуктун, үй – бүлөдө эрте никеге туруу жана зордук-зомбулуктун, суициддин, укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.Жыйында төмөнү маалыматтар адистер тарбаынан баса белгиленип эскертилген: Балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын-алуу боюнча Баткен шаар башкармалыгы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, штаб курамы түзүлгөн. Аталган штаб зордук-зомбулук боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Мында жашоо шарты оор, ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды аныктоо үчүн үймө-үй кыдыруу иши жүрдү. Негизинен штаттын курамында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, социалдык кызматтын жана медицина тармаганын кызматкерлери, милициялар иш алып барышат. Соңку мезгилде балдарга карата ырайымсыз мамиле көп катталууда. Мунун бирден бир себеби - ички, тышкы миграция болуп жатат. Тактап айтканда мигранттардын балдарынын көпчүлүгү зомбулукка кабылып ар кимдин колунда, кароосуз калган кээ бир өспүрүмдөр уурулукка, кылмыштуулукка барышууда. Учурда кыдыруу иштерин жүргүзгөндө шаарыбызда 467 жаран ички жана тышкы миграцияда жүрүшөт. Алардын балдары- 714/351 катталган. 101 үй-бүлөдөн атасы-энеси экөө тең миграцияда жүргөнү анык болгон. Жалгыз кеткендери-265. Маалымат базасына мигранттардын балдарынын саны, кимдин колунда калгандыгы тууралуу маалыматтар толук кирген. Эгерде ата-эне башка жакка иштөө үчүн кетсе, анда алар бир адамга юридикалык жактан камкорчу катары дайындап кетүүсү керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл Аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү” № 237-токтомун аткаруу максатында жыл сайын билим берүү мекемелеринде ар кандай иш чаралар уюштурулуп, аларга материалдык жана моралдык жардамдар көрсөтүлөт.
Социалдык адилеттүүлүк күнүнүн бир айлыгы өткөрүлүп, төмөнкүдөй иштер аткарылган:
№ | Өткөрүлгөн иш чаранын аталышы | Иш-чаранын өтүүсү боюнча кыска маалымат | Иш-чараны өтк. сарпталган каражат.суммасы |
1 | 20-февраль Социалдык адилеттүүлүктүн Бүткүл Дүйнөлүк күнүн өткөрүү | Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн №10-1 буйругу чыгарылып, мектеп жетекчилерине жеткирилген |
|
2 | Калктын социалдык жактан корголбогон катмарына социалдык колдоо жана бир мезгилдүү материалдык жардам көрсөтүү максатында мектеп окуучуларынын катышуусунда кайрымдуулук акцияларын өткөрүү | Бардык билим берүү мекемелеринде акциялар өтүлүп, калктын социалдык жактан корголбогон катмарына социалдык колдоо жана бир мезгилдүү материалдык жардамдар көрсөтүлдү | Жалпы 34 240 сом |
3 | Жалпы билим берүү мекемелеринде Социалдык адилеттүүлүктүн Бүткүл Дүйнөлүк күнүнө карата ар тараптуу иш чараларды өткөрүү (сүрөт сынактары, спорттук мелдештер, тарбиялык саттар,) | Шаардын бардык орто мектеп-теринде Социалдык адилеттүүлүк-түн Бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленип, окуучулардын арасында сүрөт сынактары, тарбиялык сааттар, спорт мелдештери өткөрүлүп, жыйынтыгында белектер жана грамоталар тапшырылды. | 2300 сом |
Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде “Жоокер ыры” аттуу аскер-патриоттук ырлардын шаардык туру 6-март күнү В.И.Ленин атындагы орто мектебинде өткөрүлүп, жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 1-орунду Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Гапаров Алманбет, 2-орунду А.Имаров-Кызыл Топу атындагы орто мектебинин окуучусу Бактыбек уулу Максат, 3-орунду В.И.Ленин атындагы орто мектебинин окуучусу К.Алишеровдор камсыз кылышты. Ал эми облустук турунда Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Гапаров Алманбет 2-орунду ээледи.
“Манас таануу” телетаймашынын шаардык туру өткөрүлүп, жыйнытыгыда Баткен областтык гимназия-жатак, С.Айтматов жана Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептеринин окуучулары областтык туруна жолдомо алышты. Сынактын областтык турунда Баткен областтык гимназия-жатак мектеби, орус класстар арасында Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептеринин окуучулары ээлешти. “Манас таануу” телетаймашынын апрель айында болгон республикалык турунда Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучулары 1-орунду, Баткен областтык гимназия-жатак мектебинин окуучулары 4-орунду камсыз кылышты.
Алтын-Бешик балдар бакчасында “Атам, апам жана мен” аттуу ата-энелер жана балдары менен биргеликте сынак өткөрүлдү.
27.02.2019-ж саат 14:00дө В.И.Ленин атындагы орто мектебинде “Жаш мугалимдер мектебинин” ачылыш аземи болду. Ага шаардын мектептеринен жаш мугалимдер катышты. Планга ылайык ай сайын шаардын мектептеринде семинарлар өткөрүлүп жатат.
2019-ж Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата КТРК жана “Балдар FM” радиосу 6-класстын окуучулары арасында акыл таймашы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде уюштурулду. Анда 1-орунду А.Имаров-Кызыл Топу мектебинин окуучулары ээлешти.
Мектеп окуучуларынын областтык предметтик олимпиадасы Кадамжай шаарындагы “Семетей” лицейинин базасында 2019-жылдын 12-13-март күндөрү өткөрүлдү. Анда Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектеп окуучулары төмөнкүдөй жыйынтыкка ээ болушту: 1-орунду 3 окуучу, 2-орунду 3 окуучу, 3-орунду 3 окуучу ээлеп, жалпысынан 9 окуучу байгелүү орундарды камсыз кылышты. Ал эми республикалык олимпиадада Баткен областтык гимназия-жатак мектебинин окуучулары Эгембердиев Сыймык химия предметинен 3-орунду, Бабаева Канзада кыргыз тили предмети боюнча 3-орунду ээлешти. Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадаларынын жеңүүчүлөрүнө, аларды даярдаган мугалимдерге жергиликтүү бийлик органы тарабынан 75 000 сом акчалай сыйлыктар берилди.
Билим берүү кызматкерлеринин, окуучуларынын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, дени сак болушуна кам көрүү максатында Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү менен биргеликте 2019-жылдын апрель айында спорттун 3 түрү боюнча спартакиада өткөрүлдү. Жыйынтыгында аялдар арасында волейбол боюнча 1-орунду С.Айтматов, 2-орунду балдар бакчалары, 3-орунду В.И.Ленин атындагы орто мектептери ээлешти. Областка катышуучу мыктылар тандалып алынып, акчалай сыйлыктар, кубоктор берилди. Областта мугалимдердин аялдар командасы волейбол боюнчу 1-орунду ээлешти. Ал эми окуучулардын кыздар командасы республикада 3-орунду камсыз кылышты.
Апрель айынын 2-декадасында шаардык аскер комиссариаты менен биргеликте спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча спартакиада болуп, областтык туруна катышуучулар аныкталды. Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучулары областта 1-орунду ээлешип, республикалык туруна катышып келишти.
Шаардын бардык мектептеринде 1-сентябрь Билим күнү белгиленип, “Мен Кыргызстанда жашайм”, “Мен үчүн билимдүү, адептүү жана маданияттуу болуу деген эмне?” деген теманын алкагында бардык класстарга тарбиялык сааттар өткөрүлгөн.
Шаардагы мектеп окуучулары үчүн ар дайым бош убакыттарына иш чаралар уюштурулуп, балдардын кызыгуусу артырып келүүгө аркеттер жасалат.
Шаар жаштары үчүн атайын адистердин алып баруусу шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясында көтөрүгөн маселе колдоого алынып, 2020-жылдан баштап жергиликтүү бюджеттин эсебинен балдар жана жаштар иштери боюнча 2 штат бирдиги келишимдин негизинде каржылоо менен балдарга жана жаштарга кам көрүү маселеси чечилмекчи. Натыйжада шаар балдарынан 40 бала бийге, ооз комуз чертүүгө жана комуз чертүү куржокторунан акысыз билим алышат. Шаар бийлиги шаардагы балдарга жаштарга көрүп келген камкордугунун дагын бир түрү болуп саналат.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарында элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, бош убакытты пайдалуу өткөрүүнү уюуштуруу үчүн шарттарды түзүү, балдар жана жаштар менен иш алып баруу боюнча иш чараларды жүзөөгө ашырууну уюштуруусу боюнча аткарылып жаткан иштери көңүлгө алынып, мындан ары өнүктүрүү жагы шаар мэри М.Рахимовго тапшырылсын.
- жаштар парктарын кооздоо, бак дарактар, гүлдөрдү өстүрүү, жөө жүрүүчү жолдорду жасөө, төнкү чырактарды орнотуу, отургучтарды орнотуу, таштандылар үчүн атайын “челектерди” жасоо, сүрөт-банерлерди, көрсөткүчтөрд жасоо менен толуктоо;
2.Балдардын бош убактыларын туура жана пайдалуу өткөрүү үчүн парктарга, коомдук жайларга атракциондорду, отургучтарды орнотуу, мектеп окуучулары жана мектепке чейинки балдар үчүн атайын куржокторду уюуштуруу, медициналык жактан камсыздоо, аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдү балдарын социалдык жактан коргоо жана жашы жеткен жигиттерди Ата Мекенге кызмат өтөөгө үндөө;
3.Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү максатында шаардагы Аксакалдар үйүндөгү долбоордун, шаардык кварталдарында тургундар аркылуу, мекеме ишканаларда кызматкерлер аркылуу жана жеке секторлорду тартуу, жаштарды жана маданият тармагына эмгеги сиңген атуулдар аркылуу жана мамлекттик иделогияны үйрөтүү максатындагы переспективалуу иш пландарды иштеп чыгуу жага шаар мэри М.Рахимовго тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
5.Токтом, Баткен шаарынын расимий сайты аркылуу жалпыга маалымдалсын.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык жактан өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |