Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2019-жылдын 27-декабры №52
Баткен шаарынын ички Курманжан Датка көчөсүнө тротуар жана агын суу ноолорун (лоток) орнотуу үчүн дем берүүчү гранттын эсебинен жасалууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алднча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 31-беренесинин3-пункутуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы “2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө” №194 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги “Үлүштүк (дем берүүчү) гарнаттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү туурлуу” №230 токтомуна ылайык Баткен шаарын өнүктүрүүгө багытталган 2020-жылга кабыл алынуучу иш чаралардын долбооруна жана “Баткен шаарынын 2018-2020-жылдарга өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө” Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын №47 токтомунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарын 2020-жылга өнүктүрүүгө багытталган иш чаралардын кээ бир бөлүктөрү дем берүүчү гранттардын эсебинен, Баткен шаарынын Курманжан Датка көчөсүнө 1201 п/м тротуар жана 1146 п/м агын суу ноолору (лоток) жалпы сумманын ичинен өздүк салым 1326006 сомго макулдук берилсин.
2.Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
3.Токтом Баткен шаарынын расимий сайтына жайгаштырылып жалпыга маалымдалсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |