Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 30-сессиясы
2020-жылдын 28-майы №30/132
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-мартындагы №29/123 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, шаардын 1-вице-мэри А. Гапаровдун сунушун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 19-мартындагы «Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 06-февралындагы «Кызыл-Кыя шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө» №28/120 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө №29/123 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2. Токтомдун 2–подпункту төмөнкүдөй текст менен алмаштырылсын:
- Токтомдун 11–пункту болуп: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №242-р Буйругуна ылайык “Маалыматтык күркөлөр” долбоору аяктагандыгына байланыштуу, КРӨ караштуу Мамлекеттик Каттоо Кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишиминин талаптарына ылайык иш жүргүзүү жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэрине (Э.Топчубаевге) тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |