Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 28-сессиясы
2020-жылдын 6-февралы №28/120
Кызыл-Кыя шаарынын 2020-жылга шаардын жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө
(Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-мартындагы №29/123 токтомунун редакциясына ылайык)
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101-Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджети жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын январындагы №77 протоколу менен каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын 2020-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 139868,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2020-жылга шаардык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркелет 1 барак).
3. 2020-жылга шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн багыттары 2-тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркелет 1 барак).
4. 2020-жылга 704-экономикалык бөлүкчөдөгү бөлүгүнүн акча каражаттары 3-тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркелет 1 барак).
5. Шаардык бюджеттик мекемелердин чыгашаларынын 2019-жылы каржыланбай калган кредитордук карыздары 3153,7 миң өлчөмүндө 2020-жылдын бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.
6. Шаардык кенештин 2018-жылдын 27-июнундагы №15/63-токтомунун негизинде “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесине Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынан (ЕБРР) алынган насыяны кайтарууга 3800,0 мин сомду төлөө жагы милдеттендирилсин.
7. Шаардык бюджеттин 2020-жылдын 1-январына болгон эркин калдык 6189,5 мин сом, анын ичинен бюджет 4724,8 мин сом, атайын каражат 1464,7 мин сомду түзөт. Шаардын бюджетинин эркин калдыгы бюджет, финансы экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде каржылансын. Атайын каражаттан калган калдык балдар бакчасына 1452,6 мин сом, маданият бөлүмүнө 12,1 мин сом 4-тиркемеге ылайык бөлүнүп берилсин (Тиркелет 1 барак).
8. Шаардык кеӊештин депутаттары тарабынан берилген сунуштар шаардын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 01-январына болгон калдыктын жана 2020-жылдын ичинде үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 5-тиркемеге ылайык аткарылсын (Депутаттар тарабынан берилген сунуштардын тизмеси тиркелелет 1 барак).
9. 2020-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 100,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунда – мэриясында, шаардык кеӊеште, муниципалдык менчик департаментинде жана «Караван» аймактык башкармалыгында дайыма оргтехникаларды пайдалануу менен эмгектенген муниципалдык кызматкерге оргтехникаларды пайдалануудан келтирилүүчү зыяндар үчүн эмгек акыларына кошумча төлөөлөр 2020–жылдын 1–январынан баштап киргизилсин.
(Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-мартындагы №29/123 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Каттоо Кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Баткен облусундагы Кызыл–Кыя шаарынын калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн шаардын «Караван» аймактык башкармалыгындагы жарандарды тейлөө үчүн 1,0 (бир) штаттык бирдиги ачылсын.
(Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-мартындагы №29/123 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
(Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-мартындагы №29/123 токтомунун редакциясына ылайык)
Төрайым | У. Дарипова |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин (VI чакырылышы) 2020-жылдын
06-февралындагы кезектеги
28-сессиясынын № 28/120 токтомуна
1-тиркеме
2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн контролдук суммасы.
| |||
Элемент (8) | Жергиликтүү бюджет | Бекитилген контролдук сумма |
|
Салыктардын аталышы |
| ||
1 | 2 | 4 |
|
| Кирешелер | 139868,3 |
|
11111100 | Салык агенти толоочу киреше салыгы | 54940,0 |
|
11111200 | Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы | 552,0 |
|
11121100 | Чакан ишкердик субьектери учун бирдиктуу салык |
|
|
11122100 | Милдеттуу патенттин негизинде салык | 2805,6 |
|
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 27325,0 |
|
11123100 | Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына салык |
|
|
11311100 | Ишкердик иши учун пайдаланылбаган кыймылсыз мулкко салык | 14,6 |
|
11311200 | 2 - топтогу ишкердик иши учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык | 1000,0 |
|
11311300 | 3 - топтогу ишкердик иши учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык | 35,0 |
|
11312110 | Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык | 860,0 |
|
11312120 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 5851,0 |
|
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу учун жер салыгы | 1291,1 |
|
11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгы | 400,2 |
|
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы | 6678,0 |
|
11412100 | Сатуудан салык | 9574,0 |
|
11442 | Роялти | 78,0 |
|
14 | Салыктык эмес кирешелер | 26835,8 |
|
14151100 | Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги учун салык | 100,0 |
|
14152110 | Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы | 2170,8 |
|
14152200 | Жерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижарасы учун акы | 485,0 |
|
14153200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулуштардын ижара акысы | 2616,5 |
|
14221700 | Таштандыларды ташып чыгаруу учун жыйым | 205,0 |
|
14221800 | Авто транспорт токтотуу учун жыйым | 1251,5 |
|
14222200 | Юстиция органдары алуучу мамлекеттик алым |
|
|
| Акы толонуучу кызмат корсотуудон тушуулор | 20007,0 |
|
14311100 | Административдик айыптар |
|
|
14511200 | Дагы башка салыктык эмес кирешелер |
|
|
31111110 | Батирлерди сатуу |
|
|
31112190 | Башка турак-жай имараттарын жана имарат жайларын сатуу |
|
|
314121 | Айыл -чарбасына жараксыз жерлерди сатуудан | 1628,0 |
|
| Трансферттер (гранттар) |
|
|
| |||
Шаардык кенештин аппарат жетекчиси: Р. Абдукаюмов
Финансы башкармалыгынын башчысы: | И. Жолдошов. |
|
|
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин (VI чакырылышы) 2020-жылдын
06-февралындагы кезектеги
28-сессиясынын № 28/120 токтомуна
2-тиркеме
Кызыл-Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2020-жылга бөлүнүшү
мин сом.
Мазмуну | 2020-жыл |
Ч ы г а ш а л а р | Мин сом менен |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү | 31772,9 |
- анын ичинде –Резервдик фонд | 1300,0 |
Коргонуу | 942,8 |
Коомдук тартипти сактоо |
|
Экономикалык бөлүм | 25712,0 |
Турак жай чарбасы | 37540,2 |
- анын ичинде – “Тазалык” ммм | 4200,0 |
Маданият | 9908,8 |
- анын ичинде – Дене тарбия | 3401,3 |
-атайын каражат | 600,0 |
Билим берүү | 31991,6 |
- анын ичинен атайын каражат | 19207,0 |
Социалдык камсыздоо | 2000,0 |
Чыгашалардын жыйынтыгы: | 139868,3 |
Шаардык кенештин аппарат жетекчиси: Р. Абдукаюмов
Финансы башкармалыгынын башчысы: | И. Жолдошов. |
|
|
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин (VI чакырылышы) 2020-жылдын 06-февралындагы кезектеги 28-сессиясынын № 28/120 токтомуна 3-тиркеме | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Экономикалык бөлүкчөнүн бөлүнүшү. |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Шаардык кенештин аппарат жетекчиси: Р.Абдукаюмов
Финансы башкармалыгынын башчысы: И. Жолдошов.
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин (VI чакырылышы) 2020-жылдын 06-февралындагы кезектеги 28-сессиясынын №28/120 токтомуна 4-тиркеме
Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтуу бюджетинин 2020-жылдын 01-январына карата болгон эркин калдыктын бөлүнүшү (миӊ сом менен)
| ||||||||||||||||||||||||
Шаардык кенештин аппарт жетекчиси: Р.Абдукаюмов | ||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||
Шаардык финансы башкармалыгынын башчысы: И.Жолдошов | ||||||||||||||||||||||||
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) 2020 –
жылдын 06 - февралындагы кезектеги
28- сессиясынын №28/120 токтомуна 5-тиркеме
К-р № | Ким тарабынан берилди | Сунуштун мааниси |
1. | Калматов Ж.С. | Иш чаралар планына былтыркы жылы иш планга киргизилип, аткарылбай калган иш чараларды биринчи кезекте киргизип, андан кийин башка иш чаралар кошулсун. |
2. | Абдурахманов К.Н. | № “Айданек” балдар бакчасына санузел киргизүүгө акча каражатын бөлүү. |
3. | Матраимов Т. | Шаарды “Безопасный город” долбооруна кошуу үчүн 1млн ажыратып видеокөзөмөлдөрдү орнотуу. |
4. | Хажимаматова Д.А. | Шаардын борбордук маданият сарайына жылуулук системасын орнотуу, жаӊы музыкалык аппарат сатып алууга акча каражатын бөлүү. |
5. | Абсатарова Г.К. | Кароосуз калган балдар үчүн шаарда “Тирек” балдар борборун ачуу үчүн акча каражатын бөлүү. |
6. | Каримов А. | Молодёжная көчөсүндөгү трубаларды алмаштыруу, автопарковкалардын келишимин карап, бюджетке акча түшүрүү. |
7. | Джураев Д.И. | Кулатов көчөсү менен Спортивная көчөсүнүн кесилишине светофор орнотуу. |
8. | Абдуллаев А.Г. | Асаналиев көчөсүнүн базардын алдындагы участкасына бийик тосмолорду коюп, өтө турган жерлерди белгилеп иретке келтирүү. |
| Миркадыров М.М. | Шаардын муниципалдык менчигинде турган техникаларды башка тараптарга пайдаланууга берүүдө келишим аркылуу берүү, аны менен акча каражатын жергиликтүү бюджетке түшүрүү. |
9. | Жамалдинов А.И. | Жарандар тарабынан пайдалананып жаткан ашыкча жерлерди сатып, сатуудан түшкөн акча каражатын бюджетке түшүрүү. |
10. | Исаев Ж.Д. | ШИИБ эки даана жеӊил автоунаа алууга акча каражатын бөлүү. |
Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин
аппараттын жетекчиси Р.Абдукаюмов