Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХ СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 3-марты №1/2
Нарын шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджети жана 2021-2022- жылдарга болжолу жөнүндө
Нарын шаарынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2021-2022-жылдардын болжолу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдардын болжолу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине жана башка Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нарын шаарынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 113407,4 мин сом мунун ичинен салык жыйымдары 111629,4 миң сом жана салык эмес жыйымдары 24478,0 миң сом өлчөмүндө жана 2021-жылдын долбоору 141651,4 миң сомго, 2022-жылдын долбоору 147607,4 миң сомго бекитилсин (1,2- тиркемелер тиркелет).
2.Чыгашалар бөлүгү боюнча 134107,4 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 27441,0 миң сом, маданият тармагына 9724,2 миң сом, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат тармагына 22227,7 миң сом, турак жай жана коммуналдык кызмат тармагына 56168,5 миң сом, социалдык женилдиктерге 1026,0 мин сом жана башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдарга 17520,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин (3- тиркеме тиркелет).
3. Нарын шаарынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн бекитилген планына Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалыматты Нарын шаардык Кеңешини берип туруу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
4.Нарын шаардык билим берүү тармагына келишим менен Нарын шаарындагы №4 “Наристе” бала бакчасына кошумча 1 (бир) кароолчу штаттык бирдигине 102,4 миң сом, №15 “Бактылуу-Балалык” бала бакчасына кошумча 1 (бир) ашпозчу штаттык бирдигине 168,8 миң сом, №16 “Ыйман” бала бакчасына кошумча 1 (бир) ашпозчу штаттык бирдигине 168,8 миң сом жана №18 “Ак-Дил” бала бакчасына кошумча 1(бир) кароолчу штаттык бирдигине 102,4 миң сом каралсын жана келишим түзүү, көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” 2016-жылдын 30-майындагы №75 Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин кызматкерлеринин эмгек маяналарына 2020-жылдын январь айынан баштап кошумча 10 пайыз акча каражаты кошулуп берилсин жана байланыш кызматына каралган акча каражатынын эсебинен иштин кызыкчылыгына байланыштуу ай сайын ар бир кызматкерге уюлдук байланыш үчүн акча каражаты бөлүнсүн.
6. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин негизги эмгек акылары тиркемеге ылайык бекитилсин (4- тиркеме тиркелет).
7. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын, Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасына жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлири эмгек өргүүсүнө чыкканда 1 (бир) айлык өлчөмүндө материалдык жардам жана Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын кызматкерлиринин негизги эмгек акысына кошумча 15 пайыз, Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасына жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин негизги эмгек акысына кошумча 10 пайыз акча каражаты кошулуп берилсин.
8. Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсуна Нарын шаарындагы 1-4- класстын окуучуларын бекер жүрүүсүнө Нарын шаардык билим берүү жана Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсу менен түзүлгөн акт-сверканын негизинде экономикалык чыгымдарга каралган акча каражатынын эсебинен каржылансын жана каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
9. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен мыйзамдарга ылайык бекитилсин.
10. Нарын шаарынын муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысынан түшүүчү 5500,0 миң сом акча каражаты жана атайын каражаттан чогулуучу 3900,0 миң сом жыйымдар жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизилсин жана толук чогултуу Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын директорунун персоналдык милдети деп белгиленсин.
11.Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаардык салык кызматы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүчү 111629,4 миң сом каражатты бюджетке түшүрүү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматынын начальнигинин персоналдык милдети деп белгиленсин.
12.Нарын шаардык мэриясына «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын көлөмүнүн 1 пайызынан ашык эмес 1300,0 миң сом резервдик фонду түзүлсүн.
13.Бул токтом менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматына , Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына жана шаардык мекеме жетекчилери тарабынан кыйшаюсуз аткаруу жагы милдеттендирилсин.
14.Нарын шаарынын 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2021-2022-жылдардын план-долбооруна катуу көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаарынын мэрине жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Ботоканов |
1-тиркеме | |||
Нарын шаарынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы | |||
Элемент | Аталышы | 2020-жыл | |
|
|
| |
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы 85% | 75259,0 | |
|
|
| |
1112 | Атайын режимдер боюнча салыктар | 12480,6 | |
11121100 | Бирдиктүү салык | 1230,6 | |
11122 | Патенттин негизинде салык | 11250,0 | |
11122100 | Милдеттүү патенттин негизинде салык | 1850,0 | |
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 9400,0 | |
|
|
| |
11311 | Кыймылсыз мүлккө салык | 2870 | |
11311100 | Ишмердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык | 5,5 | |
11311200 | 2-топтогу ишмердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 2814,5 | |
11311300 | 3-топтогу ишмердик иши ъчън пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 50,0 | |
11312 | Кыймылдуу мүлккө салык | 5816,0 | |
11312110 | Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык | 573,2 | |
11312120 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 5242,8 | |
|
|
| |
1132 | Жер салыгы | 3450,8 | |
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу ъчън жер салыгы | 650,0 | |
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 2800,8 | |
|
|
| |
11412100 | Сатуудан алынуучу салык 50% | 11738 | |
11462320 | Курулуш куму | 11,3 | |
11442440 | Ичүүчү жана техникалык суулар | 3,7 | |
11 | Салыктык кирешелер баары | 111629,4 | |
|
|
| |
14153200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы | 5500,0 | |
14224220 | Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым | 28,0 | |
1423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 16950,0 | |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 22478,0 | |
|
|
| |
| Салык жана салык эмес кирешелердин баардыгы | 134107,4 | |
|
|
| |
2-тиркеме | ||||
Нарын шаарынын 2021-2022-жылдардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планынын долбоору | ||||
Элемент | Аталышы | 2021-жыл | 2022-жыл | |
|
|
|
| |
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 94540,0 | 100496,0 | |
|
|
|
| |
1112 | Атайын режимдер боюнча салыктар | 12480,6 | 12480,6 | |
11121100 | Бирдиктүү салык | 1230,6 | 1230,6 | |
11122 | Патенттин негизинде салык | 11250,0 | 11250,0 | |
11122100 | Милдеттүү патенттин негизинде салык | 1850,0 | 1850,0 | |
11122200 | Ы ктыярдуу патенттин негизинде салык | 9400,0 | 9400,0 | |
|
|
|
| |
11311 | Кыймылсыз мүлккө салык | 2870 | 2870 | |
11311100 | Ишмердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык | 5,5 | 5,5 | |
11311200 | 2-топтогу ишмердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 2814,5 | 2814,5 | |
11311300 | 3-топтогу ишмердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 50,0 | 50,0 | |
11312 | Кыймылдуу мүлккө салык | 5816,0 | 5816,0 | |
11312110 | Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык | 573,2 | 573,2 | |
11312120 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 5242,8 | 5242,8 | |
|
|
|
| |
1132 | Жер салыгы | 3450,8 | 3450,8 | |
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 650,0 | 650,0 | |
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 2800,8 | 2800,8 | |
11462320 | Курулуш куму | 12,3 | 12,3 | |
11442440 | Ичүүчү жана техникалык суулар | 3,7 | 3,7 | |
11 | Салыктык кирешелер баары | 119173,4 | 125129,4 | |
|
|
|
| |
14153200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы | 5500,0 | 5500,0 | |
14224220 | Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым | 28,0 | 28,0 | |
1423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 16950,0 | 16950,0 | |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 22478,0 | 22478,0 | |
| Салык жана салык эмес кирешелердин баардыгы | 141651,4 | 147607,4 | |
3-тиркеме | |||
Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга чыгаша бөлүгүнүн планы | |||
№ | Тармактын аталышы | 2020-жылга план | |
1 | Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат | 22227,7 | |
2 | Билим берүү | 27441,0 | |
4 | Коммуналдык чарба | 56168,5 | |
5 | Маданият | 9724,2 | |
6 | Экономикалык чыгымдар | 17520,0 | |
| Социалдык жеңилдиктер: | 1026,0 | |
| Баары: | 134107,4 | |
Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга кирешелер жана чыгашалары боюнча планы | |||
№ | Аталышы | 2020-жылга план | |
1 | Кирешелер |
| |
| Жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешелер | 134107,4 | |
| Бардык кирешелер | 134107,4 | |
|
|
| |
2 | Чыгашалар |
| |
| Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат | 22227,7 | |
| Билим берүү | 27441,0 | |
| Коммуналдык чарбалар | 56168,5 | |
| Маданият | 9724,2 | |
| Экономикалык чыгымдар | 17520,0 | |
| Социалдык жеңилдиктер: | 1026,0 | |
| Баары: | 134107,4 | |