Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХ СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 3-марты №5
Нарын шаардык Кеңешинин 2020-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамдарына, ошондой эле, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине жана туруктуу комиссиялардын сунуштарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин 2020-жыл үчүн иш планы тиркемеге ылайык (тиркелет) бекитилсин.
2. Иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Төрага | Ж.Ботоканов |
Тиркеме
Нарын шаардык Кеңешинин 2020-жылга карата иш планы
К/К № | Каралуучу маселелердин кыскача мазмуну | Маселени аткаруучу, жооптуулар | Сессияны өткөрүү мөөнөтү | Маселени даярдоого жооптуу туруктуу комиссиялар |
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
I квартал | |||||
1. | Нарын шаардык мэриясынын жана тармактык бөлүмдөрдүн алып барып жаткан иштери, жергиликтүү бюджеттин, Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкка социалдык жактан кызмат көрсөтүү боюнча 2020-жылдын жыйынтыгы менен шаар мэринин отчетун | Нарын шаардык мэриясы. | Январь айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы бардык туруктуу комиссиялар |
|
2. | Нарын шаарынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча КРнын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгынын башчысынын отчету, 2020-жылдын жергиликтүү бюджетти 2021-2022-жылдарга божомолу, Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү. | Нарын шаардык мэриясы, КРнын финансы министрлигинин алдындагы Нарын башкармалыгы , мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгы. | Январь айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет,финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясы. |
|
3. | Нарын шаардык Кеңешинин ачык эшиктер күнүн өткөрүү. Нарын шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлери иш чаранын иш планын иштеп чыгуу, депутаттар менен бирдикте иш чараны өткөрүү . | Депутаттар,аппарат кызматкерлер | апрель айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы» туруктуу комиссиялар
|
|
II квартал | |||||
1. | Нарын райондор аралык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жалпы жүргүзүп жаткан иштери жана жумушсуз статусу налган жарандардын иш менен камсыз кылуудагы маалыматын угуу. | Нарын райондор аралык социалдык өнүгүү башкармасы | Апрель айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы. |
|
2. | Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын муниципалдык обьектилерди ижарага берүүдөгү жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету. | Нарын шаардык ММБ жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканасы. | Май айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясы.
|
|
3. | Нарын шаарында мектептердеги, бала бакчалардагы билим берүүнүн жана берилип жаткан тамак аштардын сапаты, санитардык абалы, жалпы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | Туруктуу комиссия, шаардык мэрия, шаардык билим берүү бөлүмү | Март айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, маданият боюнча» туруктуу комиссиясы.
|
|
4. | Нарын шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин шаардын элин медициналык жактан тейлөөдө жалпы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
| Туруктуу комиссия, шаардык мэрия, үй бүлөлүк медициналык борбору. | Май айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, маданият боюнча» туруктуу комиссиясы.
|
|
III квартал | |||||
1. | Нарын шаарынын 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 9 айлык планынын толтурууда мамлекеттик салык кызматынын жана КРнын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгынын аткарып жаткан иштери. | Нарын шаардык мэриясы, КРнын финансы министрлигинин алдындагы Нарын аймактык башкармалыгы, Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгы | Июль айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет,финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясы. |
|
2. | Нарын шаардык Кеңешинин сессиясына кабыл алган токтомдордун жана сессияда депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын аткарылышы жөнүндө. | Нарын шаардык Кеңеши | Июль айында | Нарын шаардык Кеңешинин аппараты, Кеңештин алдындагы туруктуу комиссиялары.
|
|
3. | Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча кайрылган жарандардын сунуштарын кароо. | Нарын шаардык Кеңеши | Август айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча» туруктуу комиссиясы.
|
|
4 | Нарын шаарынын 2020-2021-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактык бөлүмдөрүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | Нарын шаардык мэриясы жана анын тармактык бөлүмдөрү (Таза-Нарын, горсет, суу канал ишканасы, жылуулук берүү ишканасы, мектептер бала бакчалар ж.б.) | Октябрь айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясы.
|
|
IV квартал | |||||
1. | Нарын шаарында өспүрүмдөр жана мектеп окуучулар арасында кылмыштуулукту кыскартууда Нарын шаардык мэриясынын, шаардык билим берүү жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык билим берүү жана шаардык ички иштер бөлүмдөрү. | Октябрь айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы.
|
|
2. | Нарын муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын таштандыларды чыгаруудагы жүргүзүп жаткан иштери жана берилген план - тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө. | Нарын шаардык мэриясы, Нарын муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы. | Ноябрь айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясы.
|
|
3. | Коомдук жана Өкмөттук эмес уюмдардын алып барып жаткан иштери менен таанышуу | Туруктуу комиссия , коомдук уюмдар. | Ноябрь айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Ардагерлер, жаштар саясаты, коомдук эмес уюдар, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясы.
|
|
4. | Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн жана шаардык китепканалардын ал -акыбалы, жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
| Нарын шаардык мэриясы,Нарын шаардык маданият бөлүмү | Ноябрь айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы.
|
|
5 | Нарын шаардык шаар куруу башкармалыгынын иши менен таанышуу, алып барып жаткан иштери тууралуу,ишти жакшыртуу багытында көмөк көрсөтүү | Нарын шаардык шаар куруу башкармалыгы | Декабрь айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясы.
|
|
Практикалык иштер
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1. | Нарын шаарынын 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин долборун талкулоо боюнча коомдук угуу өткөрүү. | Нарын шаардык мэриясы КРнын финансы министрлигинин алдындагы Нарын башкармалыгы. | Январь айында | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет,финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясы.
|
2 | Шаардык кеңештин депутаттарын, туруктуу комиссияларды, Кеңештин аппарат кызматкерлерин башка шаарлардын иш тажрыйбалары менен тааныштыруу. | Нарын шаардык Кеңешинин аппараты, фракция жетекчилери, туруктуу комиссиялар. | Белгиленген убакта | Нарын шаардык Кеңешинин аппараты, фракция жетекчилери, туруктуу комиссиялар. |
3. | Нарын шаардык Кеңешине жана депутаттык фракцияларга, депутаттарга шаардын жарандарынан келип түшкөн арыз, даттануулар жеринде карап чечүү. | Шаардык Кеңештин аппараты, фракция жетекчилери, депутаттар. | Дайыма | Нарын шаардык Кеңешинин аппараты, фракция жетекчилери, туруктуу комиссиялар. |
4. | Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын иш пландарын түзүү жана туруктуу комиссиялардын кезектеги отурумдарын өткөрүү. | Шаардык Кеңештин аппараты, фракция жетекчилери, депутаттар. | Иш пландын негизинде | Нарын шаардык Кеңешинин аппараты, фракция жетекчилери, туруктуу комиссиялар. |
5. | Шаардын маданий массалык иш чараларына жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерине катышуу. | Шаардык Кеңештин аппараты, шаардык Ке ңештин депутаттары | Дайыма | Нарын шаардык Кеңешинин аппараты, фракция жетекчилери, туруктуу комиссиялар. |
6. | Шаардык Кеңештин депутаттарын эл менен жолугушуусун уюштуруу. | Шаардык Кеңеш, шаардык мэрия. | Пландалган күндөрү. | Нарын шаардык Кеңешинин аппараты, фракция жетекчилери, туруктуу комиссиялар. |
Жооптуу катчы А.Абдыкеримов