Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы
2019-жылдын 19-декабры № 28/7
Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 03.12.2019-жылдагы № 458 буйругун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 03.12.2019-жылдагы № 458 буйругунун негизинде финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджетке кирешенин өсүшүн 110 пайызга чейин камсыз кылгандыгы үчүн айыл өкмөтүнө 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнгөндүгүн кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Касымованын маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 03.12.2019-жылдагы № 458 буйругунун негизинде финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджетке кирешенин өсүшүн 110 пайызга чейин камсыз кылгандыгы үчүн стимул (дем берүүчү) катары Семиз-Бел айыл өкмөтүнө 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты жумшалсын.
2. Бөлүнгөн акча каражатын жогорудагыдай бөлүнүштө бюджеттин планына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.
3. Бул каражатты максаттуу чыгымдалышын камсыз кылуу жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А. Касымовага милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Базаркулов |