Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХIX-сессиясы
2020-жылдын 22-январы № 29/5
Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылынан «Нур Телеком ООО» станциясы менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесинин жана «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамдын 4-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө» 2013-жыл 13-сентябрдагы № 515 токтомунун негизинде жайыт жеринен «Нур Телеком ООО» станциясына бөлүнүп берген жердин келишимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Т.Дыйкановдун маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылынан «Нур Телеком ООО» станциясына бөлүнүп берилген жердин келишиминин мөөнөтү 2022-жылдын 1-декабрына чейин узартылсын.
2. «Нур Телеком ООО» станциясы курулуп ишке кирген күндөн баштап жайыт комитетинин өздүк эсебине ай сайын 6000 (алты миӊ) сом өлчөмүндө акча каражаты которулуп берилсин.
3. Келишимдин негизинде иш алып барууга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго жана жайыт комитетинин төрагасы Т.Т.Дыйкановго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Базаркулов |