Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) XXIX сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 130
Сүлүктү шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджети жана 2022-2023–жылдарга болжолу жөнүндө
Сүлүктү шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу боюнча, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П. Келдибеков жана депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Сүлүктү шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджети жана 2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолун (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2021-жылга Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетине кирешелер боюнча 65848,2 мин сом жана чыгашалар боюнча керектөөсү 65848,2 миң сом жана 2022-2023-жылдарга болжолу 67707,6 жана 69165,6 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Сүлүктү шаарынын 2021-жылга бюджети 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Жыл ичиндеги бюджеттин жетишсиздигин толуктоо жана жергиликтүү каржы булактарын табуу боюнча жогорку органдардан суроо жагы депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана жергиликтүү аткаруу бийлигине жүктөлсүн.
Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, социалдык жөлөкпулдар жана коммуналдык чыгымдарга) жүргүзүлсүн.
Жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн, 2021-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан 100,0 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү ченеми болуп бекитилсин. (тиркеме №2).
Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (роялти), (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо) алардын иштетилген жери боюнча (жайгашкан орду) боюнча шаардын тиешелүү жергиликтүү бюджетине – 50,0 пайыз өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн-шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
жер салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100,0 пайыз өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
мүлк салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100,0 пайыз өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдүк өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү- кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетке 20 пайыз өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Жер казнасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым-кендерди иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү бюджетке 7 пайыз өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2021-жылга Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктын ар бир түрү боюнча пландык келип түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдеринин чектеринде ашыра аткаруу болжолдору болгондо жалпы мамлекеттик салыктардын суммаларын бөлүштүрүү бекитилсин. Салык мыйзамында көрсөтүлгөн киреше салыгынын жана башка алынуучу салыктын бекитилген пландык көрсөткүчтөрү ашыра аткарылганда, ашыра аткаруунун суммасы белгиленген тартипте толугу менен жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
Жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардан келип түшкөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджеттерге (республикалык бюджетке) алынууга жатпайт.
Бюджеттик мекемелерге казына тутумун четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100,0 пайызы Республикалык бюджеттин кирешесине алынат негизи «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү» 26–декабрь 2018-жылдын №112 Мыйзамы.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн орто мектептери жана балдар бакчаларында ата энелер тарабынан камкордук көрүү кенеши түзүлүп, шаардык банктардан эсеп счетторун ачып иш жүргүзүү жагы уюштурулсун.
2021-жылга шаардын бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдан калган, бош акча каражаттарын 2021-жылдын бюджетинин эсебинде жана чегинде, депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу жана Сүлүктү шаардык мэриясынын буйрутмасынын негизинде каржылансын.
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын резервдик фонду 1 пайыз өлчөмүндө жана 2021-жылга резервдик фондунун суммасы 499.0 миң. сом өлчөмүндө бекитилсин.
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылда жүргүзүлүүчү кассалык накталай акчасы 100,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы, Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 8-январындагы №7-15/5 сандуу көрсөтмөсүнүн жана Баткен областтык кырсыктан сактоо башкармалыгынын 2009-жылдын 22-декабрындагы №424 катынын негизинде 2021-жылы өзгөчө кырдаалдан сактануунун жана алардын алдын алуу иштерине каржылоо (өзгөчө кырдаал киргизилген учурда) 100,0 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2021-жылга Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 Мыйзамы жана 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “Жарандарды коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо (атайын буйрук чыккан учурда) 70, миң сом өлчөмүндө №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2021-жылга Сүлүктү шаардык мэриясынын аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны, (КР Токтому 05.08.2011-ж. №451, 08.07.2013-ж. №403 жана 13.12.2016-ж №669, КР. Мыйзамы 09.02.2009-ж №43 41-берене) №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2021-жылга Сүлүктү шаардык кенешинин типтүү түзүмү жана штаттык саны (КР Өкмөтүнүн токтому 05.08.2011-жыл №452) №7 тиркемеге ылайык бекитилсин. 2021-жылга Сүлүктү шаардык Кош-булак посёлкасынын аймактык башкаруусунун типтүү түзүмү жана штаттык саны, (КР Өкмөтүнүн токтому 10.09.2009-ж №566) №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 жана 2017 жылдын 7-августундагы №466 Токтому менен бекитилген жобонун негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык кенештин муниципалдык кызматчыларына эмгек тармагындагы кезектеги кадамды ыйгаруу Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык кенешинин чечимдеринин, буйруктарынын негизинде төлөө жагы каралсын.
Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу, бюджеттик мекеме ишканалардын кызматкерлеринин адистик кесиптерин жогорулатууга сапарга болгон чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-май 2016-жылындагы № 241 Токтомунун негизинде төлөө жагы каралсын.
Бюджеттик мекеме ишканалардын 1-январь 2021-жылга болгон кредитордук карыздары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен каржылануучу трансферттердин эсебинен төлөө жагы каралсын.
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнө болгон дебитордук карыздар жана 2021-жылга жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше бөлүгү, штаттык бирдиктери, негизги сметасынын чыгаша бөлүгү №9, №10, №11 тиркемелердин негизинде бекитилсин.
Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына, шаар аймагын тазалоочу, бакчы, электрик, грейдер айдоочу жана жүктөөчү үчүн 14 штаттык бирдик жана эмгек акысына дем берүү жагы каралсын №12 тиркеменин негизинде бекитилсин.
Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жана шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жаш депозит жана ординатор дарыгерлерине 2021-жылга (КР Закону №81 28.05.2013ж) көмөк көрсөтүү боюнча № 13 тиркеменин негизинде бекитилсин.
Сүлүктү шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору типтүү түзүмү жана штаттык саны КР Өкмөтүнүн алдындагы дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттининин, 2016-жылдын 28-июнундагы №172-0 Тескемесинин негизинде бекитилсин (№14 тиркеме).
Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүндөгү ишканалардын типтүү түзүмү жана штаттык саны (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-май №268, 2012-жылдын 31-январь №66 жана 2012-жылдын 17-августундагы №572, 2017-жылдын 18-августундагы № 495 Токтомдорунун негизинде) №15 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2021-жылга Сүлүктү шаардык “Шахтер жолу” газетасынын атайын эсебинин киреше бөлүгүнүн тартыштыгына байланыштуу 3 (үч) штаттык бирдик жергиликтүү бюджеттин эсебинен (2017-жылдын 18-августундагы № 495 Токтомдорунун негизинде) №16 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Сүлүктү шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 276 Токтомунун негизинде республикалык каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу “калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул” төлөмдөрү шаардык мэрия тарабынан жүргүзүлсүн.
Жергиликтүү мекеме ишканаларга демөөрчүлүк (спонсорский), гуманитардык жардам иретинде берилүүчү акча каражаттары ишкананын атайын эсеби (спец.счет) аркылуу түшүрүү жагы каралсын жана аны көзөмөлдөө жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
Бюджеттик мекеме ишканалардын колдонулбай калган статьясынан керектүү (зарыл) статьяга жылдыруу 200,0 мин сомго чейин шаардык кенештин туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде каралсын.
Шаардын социалдык тармактарын оңдоп түздөө үчүн түзүлгөн долбоорлорду колдоо максатында республикалык бюджеттен берилүүчү түрткү берүүчү гранттарга 2021-жылга 15-20 пайыз эсебинде өздүк салымы жергиликтүү бюджеттен каралсын.
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинен 2021-жылга COVID-19 илдети менен күрөшүүгө кошумча каражат талап кылынса, шаардык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын жана Сүлүктү шаардык мэриясынын чечимдери менен ишке ашырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Исмаилов |
|
| ||||||||
| Тиркеме №1 | ||||||||
|
| ||||||||
Сүлүктү шаарынын 2021-жылга бюджетинин |
| ||||||||
долбоору жана анын контролдук суммага салыштырмасы, |
| ||||||||
жана 2022 – 2023 – жылдарга болжолдору |
| ||||||||
|
|
|
|
|
|
| |||
| Киреше бөлүгү |
|
|
|
|
|
| ||
Элемент | Кирешенин аталышы | 2021 – жыл | Болжол | |||
2021-ж. долбоор | 2021-ж. КРФМ.Конт. сумма | Айырма (+,-) | 2022-жылга | 2023-жылга | ||
| Жалпы киреше жана алынган расмий трансферттер | 65433.5 | 65848.2 | -417.7 | 67707.6 | 69165.6 |
| Киреше жана актив, милдеттенмелер (1+3) | 65433.5 | 65848.2 | -417.7 | 67707.6 | 69165.6 |
1 | Кирешелер | 62683.5 | 63098.2 | -417.7 | 64957.6 | 66415.6 |
11 | Салыктык кирешелер | 42490.8 | 43015.5 | -524.7 | 44874.9 | 46332.9 |
11111100 | Салык агенти толонуучу киреше салыгы | 32074.0 | 32074.0 | 00.0 | 33902.0 | 35360.0 |
11121100 | Чакан ишкердик субьектери учун бирдиктуу салык | 4.5 | 13.6 | -9.1 | 13.6 | 13.6 |
11122100 | Милдеттуу патенттин негизинде салык | 263.3 | 263.3 | 0.00 | 263.3 | 263.3 |
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 4211.7 | 4211.7 | 0.00 | 4211.7 | 4211.7 |
11311200 | Ишкердик ишин учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык | 221.5 | 228.3 | -6.8 | 228.3 | 228.3 |
11311300 | 3-топтогу ишкерлик иши учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык | 0.4 | 0.4 | 0.00 | 0.4 | 0.4 |
11311 | Транспорттук каражаттарга салык | 2941.8 | 2941.8 | 0.00 | 2941.8 | 2941.8 |
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу жер салыгы | 256.0 | 285.0 | -29.0 | 285.0 | 285.0 |
11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгы | 1.0 | 3.5 | -2.5 | 3.5 | 3.5 |
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы | 930.0 | 1407.3 | -477.3 | 1407.3 | 1407.3 |
11412100 | Сатуудан салык | 0 | 0 |
|
|
|
11462130 | Комур | 1571.1 | 1571.6 | -0.5 | 1603.0 | 1603.0 |
13 | Алынган расмий трансферттер |
|
|
|
|
|
11442490 | Дагы башка жер астындагы суулар | 15.5 | 15.5 | 0.5 | 15.0 | 15.0 |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 20192.7 | 20082.7 | 110.0 | 20082.7 | 20082.7 |
14151200 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акы | 350.0 | 350.0 | 0.00 | 350.0 | 350.0 |
14152100 | Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы | 1920.0 | 1920.0 | 0.00 | 1920.0 | 1920.0 |
14211200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын,имараттардын жана курулмалардын ижара акысы | 50.0 | 50.0 | 0.00 | 50.0 | 50.0 |
14221900 | Дагы башка төлөмдөр жана жыйымдар | 110.0 | 0.00 | 110.0 | 0.00 | 0.00 |
14224200 | Таштандыларды ташып чыгаруу учун жыйым | 285.0 | 285.0 | 0.00 | 285.0 | 285.0 |
1423 | Акы толонуучу кызмат корсотуулордон тушуруулор | 15877.7 | 15877.7 | 0.00 | 15877.7 | 15877.0 |
14232400 | Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат корсотуу акысы | 10800.0 | 10800.0 | 0.00 | 10800.0 | 10800.0 |
14232800 | Маданият мекемелериндеги имараттарды, жабдууларды, шаймандарды беруу учун акы | 517.0 | 517.0 | 0.00 | 517.00 | 517.0 |
14236900 | Газеталарга жазылуу жана сатуу, жарнак жарыялоо акысы | 460.7 | 460.7 | 0.00 | 460.7 | 460.7 |
14238900 | Кызмат корсотуунун башка классификацияланбаган турлору учун акы | 4100.0 | 4100.0 | 0.00 | 4100.0 | 4100.0 |
14511400 | Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр | 1600.0 | 1600.0 | 0.00 | 1600.0 | 1600.0 |
3 | Активдер жана милдеттенмелер | 2750.0 | 2750.0 | 0.00 | 2750.0 | 2750.0 |
31111110 | Башка турак-жай имараттарын жана имарат жайларын сатуу | 1850.0 | 1850.0 | 0.00 | 1850.0 | 1850.0 |
31412110 | Айыл чарбасында жараксыз жерлерди сатуу | 900.0 | 900.0 | 0.00 | 900.0 | 900.0 |
Чыгаша бөлүгү
|
| 2021-жыл | Болжол | |||
Элемент | Корсоткучтордун аталыштары | 2021-ж | Контр. | Айырма | 2022 | 2023 |
|
| долбоор | сумма КРФМ. | (+,-) | жылга | жылга |
701 | Мамлекеттик кызмат корсотуу | 14909.0 | 14909.0 | 0 | 15307.5 | 15750.0 |
702 | Коргоо | 168.6 | 168.6 | 0 | 170.0 | 180.0 |
706 | Турак жай | 19729.4 | 19729.4 | 0 | 21050.0 | 21320.0 |
708 | Маданият жана спорт | 9601.2 | 9601.2 | 0 | 9710.0 | 9915.0 |
709 | Билим беруу | 21440.0 | 21440.0 | 0 | 21720.0 | 22000.0 |
710 | Социалдык жактан коргоо |
|
|
|
|
|
| Жалпысы:
| 65848.2 | 65848.2 | 0 | 67707.6 | 69165.6 |
|
|
|
№2 тиркеме
2021- жылга жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн
чегерүүлөрдун ченемдери (пайыз менен)
Кат. № |
Кирешелердин аталышы | Өлчөө бирдиги | пайыз |
1 | Салык агенти тарабынан түшүүчү киреше салыгынан | % | 100 |
2 | Сатуудан түшкөн салык | % | 0.0 |
3 | Роялти | % | 50 |
№ 3 тиркеме
2021- жылга жергиликтүү бюджеттерге пландуу түшүүлөрдүн
чегерүү ченемдери (пайыз менен)
Кат. № | Кирешелердин аталышы | Өлчөө бирдиги | пайыз |
1 | Жер салыгы | % | 100 |
2 | Мүлк салыгы | % | 100 |
3 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан | % | 100 |
4 | Милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан бирдиктуу салыктын негизинде келип түшүүлөрдөн |
% |
100 |
5 | кендерди иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү бюджетке
Кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетке 20 пайыз өлчөмүндө. | %
%
% | 7
20
|
№4 тиркеме
2021- жылга Сүлүктү шаарында өзгөчө кырдаалдан сактоонунун жана алардын алдын алуу иштерине каржылоого жумшалуучу чыгымдардын эсеби. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 Мыйзамы жана 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “жарандарды коргоо жонундогу” Мыйзамынын негизинде.
Кат. № | Бардык чыгымдар | анын ичинен: | ||||
Автоунааны жалдоо | Бир жыл ичинде кырсыктан сактануу иштерине | Атайын өткөрүлүүчү окууларга | Башка тейлөө чыгымдарга | Эскертүү | ||
| 100,0 | 10.0 | 70.0 | 20,0 |
|
|
№5 тиркеме
2020-жылга Сүлүктү шаарында Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 Мыйзамы жана 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “Жарандарды коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүгө каржылоого жумшалуучу чыгымдардын эсеби
Кат. № | Бардык чыгымдар | анын ичинен: | ||||
Автоунааны жалдоо | Бир жыл ичинде кырсыктан сактануу иштерине | Атайын өткөрүлүүчү окууларга | Башка тейлөө чыгымдарга төлөө | Эскертүү | ||
| 50,0 | 10.0 | 50.0 |
| 10.0 |
|
Тиркеме № 6 |
Сүлүктү шаардык мэриясынын аппаратынын 2021-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451, 2013-жылдын 8-июлындагы №403 жана 13-декабрь 2016-ж №669 токтому, КР. Мыйзамы 09.02.2009-ж №43)
Катар номери | Кызматтын аталышы | Штаттын саны | Эскертуу |
1 | Мэр | 1 |
|
2 | Биринчи вице-мэр | 1 |
|
3 | Вице-мэр | 1 |
|
4 | Аппарат жетекчиси | 1 |
|
5 | Бөлүм башчы | 1 |
|
6 | Башкы адис – юрист | 1 |
|
7 | Башкы адис | 5 |
|
8 | Жетектөөчү адис | 3 |
|
9 | Адис | 1 |
|
| Жалпы: | 15 |
|
| Кызматкерлерди тейлөөчү персоналдар: |
|
|
1 | Башкы эсепчи | 1 |
|
2 | Чарба башчысы | 1 |
|
3 | Жетекчинин катчысы | 1 |
|
4 | Оператор | 1 |
|
| Жалпы: | 4 |
|
| Техникалык персоналдар: |
|
|
1 | Айдоочу | 2 |
|
2 | Кароолчу | 2 |
|
3 | Имаратты тейлөөчү кызматкер | 1 |
|
4 | Техничка | 1 |
|
5 | Электрик | 1 |
|
| Жалпы: | 7 |
|
| ВУС КР. Мыйзамы 09.02.2009-ж №43 41-берене |
|
|
1 | Инспектор ВУС | 2 |
|
| Жалпысы: | 28 |
|
|
тиркеме №7 |
Сүлүктү шаардык кеңешинин аппаратынын 2021-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августу №452 токтому).
Катар номери | Кызматтын аталышы | Штаттын саны | Эскертүү |
1 | Төрага | 1 | Шайлоо жолу менен |
2 | Жооптуу катчы | 1 |
|
3 | Башкы адис | 1 |
|
4 | Жетектөөчү адис | 1 |
|
| Бардыгы: | 4 |
|
| Техникалык кызматкерлер: |
|
|
1 | Жетекчинин катчысы | 1 |
|
2 | Айдоочу | 1 |
|
| Бардыгы | 2 |
|
| Жалпысы: | 6 |
|
|
|
|
|
Тиркеме №8
Кошбулак посёлкасынын аймактык башкаруусунун
2021-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009 –жылдын 10 сентябрь №566 токтому)
Катар номери | Кызматтын аталышы | Штаттын саны | Эскертуу |
1 | Аймактын башчысы | 1 |
|
2 | Башкы адис | 1 |
|
3 | Жетектөөчү адис | 1 |
|
4 | Техничка | 1 |
|
| Жалпы: | 4 |
|
тиркеме №9
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн
2021 жылга кирешелери
Катар номери | Кирешенин аталышы | Өлчөө бирдиги | Суммасы | Эскертуу |
| Бардык кирешелер: Анын ичинен: | миң. сом | 4800,0 |
|
1 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | -- | 1600,0 |
|
2 | Мун.менчикте турган жайлардын,имататтардын, курулмалардын ижара акысы | -- | 300.0 |
|
3 | Дагы башка төлөмдөр жана жыйымдар | -- | 150,0 |
|
4 | Башка турак жай иматтарын жана имарат жайларын сатуу | -- | 2000,0 |
|
5 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу | -- | 750.0 |
|
тиркеме№10
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы
муниципалдык менчик бөлүмүнүн келишимдин негизинде
2021- жылга штаттык саны
Катар номери | Кызматтын аталышы | Штаттын саны | Эскертүү |
1 | Кароолчу УКЖД | 1 |
|
2 | Кароолчу (борбордук спорт аянты) | 1 |
|
3 | Кароолчу (эс алуу лагери) | 1 |
|
4 | Багбан, көмөкчү кызматкер (эс алуу лагери) | 1 |
|
5 | Техничка | 1 |
|
| Жалпы: | 5 |
|
Сүлүктү шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2021-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны
Катар номери | Кызматтын аталышы | Штаттын саны | Эскертүү |
1 | Башчы | 1 |
|
2 | Башкы адис | 1 |
|
3 | Жетектөөчү адис | 1 |
|
4 | Башкы адис (башкы эсепчи) | 1 |
|
5 | Мат-дык. Эсепчи (жетектөөчү адис) | 1 |
|
6 | Техничка | 1 |
|
| Жалпы: | 6 |
|
| Жалпысы: | 11 |
|
тиркеме №11
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн
негизги каражаттарынын 2021-жылга сметасы
Катар номери | Чыгашанын аталышы | Статья | Суммасы | |
| Чыгашалар, анын ичинен: |
|
|
|
1. | Эмгек акы | 2111 | 1797.5 |
|
2. | Соц.фондко төгүмдөр | 2121 | 272.3 |
|
3. | Сапардык чыгымдар | 2211 | 90.0 |
|
4 | Байланыш м/н тейлөө кызматы | 2212 | 27.0 |
|
5 | Ижара акысы | 2213 |
|
|
6 | Унаа м/н тейлөө кызматы | 2214 | 60.0 |
|
7 | Дагы башка кызмат көрсөтүү | 2215 | 2790.0 |
|
8 | Мүлктү учурдагы ондоого | 2221 | 20.0 |
|
9 | Учурдагы чарбалык максаттар учун, чарбаклык буюмдарды алууга | 2222 | 30.0 |
|
10 | Башка курулмаларды алуу | 3111 | 5600.0 |
|
11 | Машиналар ж\а жабдууулар | 3112 | 1000.0 | |
12 | Башка негизги фондор | 3113 | 80.0 | |
Жалпы: |
| 12766.8 | ||
Тиркеме №12
Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасынын
2021-жылга шаардын аймагын тазалоо үчүн штаттык бирдиктери
Катар номери | Кызматтын аталышы | Штаттын саны | Эскертүү |
1 | Аймактарды тазалагыч | 8 |
|
2 | Бакчы | 1 |
|
3 | Электрик | 1 |
|
4 | Жүктөөчү | 3 |
|
5 | Грейдер айдоочу | 1 |
|
| Жалпы: | 14 |
|
Тиркеме №13
Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жана шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жаш депозит жана ординатор дарыгерлерине 2021 жылга көмөк көрсөтүү боюнча сметасы.
(КР Закону №81 28.05.2013ж)
Катар номери | Кызматтын аталышы | дарыгерлердин саны | Коммуналдык чыгымдары суммасы миң сом |
1 | Депозит, ординатор дарыгерлер | 5 | 50,0 |
| Жалпы: | 5 | 50,0 |
|
|
|
|
Тиркеме№14
Сүлүктү шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн
2021-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу физкультура жана спорт агентигинин 2016 -жылдын 28- июнь №172-0 тескемеси)
Катар номери | Кызматтын аталышы | Штаттын саны | Эскертүү |
1 | Бөлүм башчы | 1 |
|
2 | Башкы адис | 1 |
|
| Жалпы: | 2 |
|
|
|
|
|
Тиркеме №15
Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүндөгү ишканалардын
2021-жылга типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 -жылдын 31-май №268 жана 2012-жылдын 31-январь № 66, 17-август №572 18-август 2017ж №495 токтомдору)
Катар номери | Кызматтын аталышы | Штаттын саны | Эскертуу |
| Шаардык борборлоштурулган китепкана |
|
|
1 | Мүдүр | 1 |
|
2 | Филиал башчысы | 1 |
|
3 | Башкы китепканачы | 2 |
|
4 | Китепканачы | 4 |
|
5 | Реставратор-мукабачы | 1 |
|
6 | Сүрөтчү | 1 |
|
| Жалпы: | 10 |
|
1 | Айдоочу | 1 |
|
2 | Кароолчу | 2 |
|
3 | Кызмат жайларды тазалоочу | 2 |
|
4 | Көмөкчү кызматкер | 1 |
|
5 | От жагуучу | 2 | сезондук |
| Жалпы: | 8 |
|
| Музей |
|
|
1 | Мүдүр | 1 |
|
2 | Улук илимий кызматкер | 1 |
|
3 | Кароолчу | 2 |
|
4 | Кызмат жайларды тазалоочу | 1 |
|
5 | От жагуучу | 0,5 |
|
| Жалпы: | 5,5 |
|
| Маданият сарайы |
|
|
1 | Мүдүр | 1 |
|
2 | Методист | 1 |
|
3 | Вокал ийрими | 1 |
|
4 | Маданият массалык иштерди уюштуруучу | 1 |
|
5 | Театралдык ийрими | 1 |
|
6 | Режиссер-коюучу | 1 |
|
7 | Сүрөт-жасалгачы | 1 |
|
8 | Хормейстер | 1 |
|
9 | Музыкант | 1 |
|
10 | Хореограф | 1 |
|
11 | Кароолчу | 2 |
|
12 | Кызматтык жайларды тазалоочу | 2 |
|
| Жалпы: | 14 |
|
| Эс алуу гулбагы |
|
|
1 | Мүдүр | 1 |
|
2 | Электрик | 1 |
|
3 | Кароолчу | 2 |
|
4 | Короочу | 1 |
|
5 | Бакчы | 1 |
|
6 | Көмөкчү жумушчу | 1 |
|
| Жалпы: | 7 |
|
| Маданият бөлүмүнүн аппараты |
|
|
1 | Жетекчи | 1 |
|
2 | Кадрлар бөлүмү | 1 |
|
| Жалпы: | 2 |
|
| Борборлоштурулган эсепкана |
|
|
1 | Башкы эсепчи | 1 |
|
2 | Эсепке алуу тобунун жетекчиси | 1 |
|
3 | Эсепчи | 1 |
|
4 | Эсепчи-казначы | 1 |
|
| Жалпы: | 4 |
|
| Жалпысы: | 50,5 |
|
тиркеме №16
Сүлүктү шаардык “Шахтёр жолу” газетасынын
2021-жылга типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги.
(2017-жылдын 18-августундагы № 495 Токтомдорунун негизинде)
Катар номери | Кызматтын аталышы | Штаттын саны | Эскертүү |
1 | Редактор | 1 |
|
2 | Жооптуу катчы | 1 |
|
3 | Эсепчи | 1 |
|
| Жалпы: | 3 |
|
Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы М.Джураева