Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-октябры № 43/2
Мантыш айылындагы жер аянтын менчикке сатуу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы №1658 контурундагы Керим уулу Жумаалы көчөсүндөгү 5479 чарчы метр жер аянтын жеке менчикке сатуу боюнча Кара-суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жерлерди акы төлөтүп менчикке жана ижарага берүү боюнча комиссиясынын 2019-жылдын7-октябрындагы №5 протоколун карап , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571-токтому менен бекитилген”Муниципалдык менчиктеги жерлерди пайдалануу укугун акы төлөтүп ижарага же жеке менчикке берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү” Жобонун 8-бөлүгүнүң 65-пунктунун негизинде “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине,ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиевдин билдирүүсүн, угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мантыш айылынын Керим уулу Жумаалы көчөсүнүн №1658 контурундагы 5479 чарчы метр жер аянтын жеке менчикке сатуу боюнча ачык сынак өткөргөн Муниципалдык менчиктеги жерлерди акы төлөтүп менчикке жана ижарага берүү боюнча комиссиянын 2019- жылдын 7-октябрындагы №5 протоколу бекитилсин.
2. Мантыш айылынын Керим уулу Жумаалы көчөсүндөгү 5479 чарчы метр жер аянты сынактын жеңүүчүсү Байтерекова Майрамкүл Анарбековнага больницанын имаратын салуу үчүн сатылсын.
3. Тиешелүү документтерин бүткөрүп, мыйзамдаштырып берү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Табылдиевге тапшырылсын.
Төрага | К.Жумабеков |