Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2021-жылдын 22-февралы № 2
Баткен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышында жана калкты социалдык жактан коргоо алкагында 2020-жыл ичинде шаар мэриясынын аткарган иштерине шаар мэринин отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 мыйзамынын 31 беренесине жана шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун жана кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңещинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаар мэриясынын, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо алкагында 2020-жыл ичинде шаар мэри М.Рахимовдун аткарган иштери канаатандыраарлык экендиги белгиленсин. (мэрдин отчету тиркелет)
2.Баткен шаарынын мэринин 2020-жыл ичинде аткарган иштеринин отчетун бекиткен токтом шаар калкына шаардык «Өрүк зар» коомдук саясый газетасы жана расмий сайт аркылуу жеткирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | А.Ташбеков |
Баткен шаардык Кеңешинин VI
чакырылышынын кезектеги XXVIII
сессиясынын № 2 токтомуна
№1 тиркеме
Баткен шаарынын 2020-жылдын жыйынтыгына карата социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы жөнүндө маалымат
-Өнөр жай 844,7 млн. сомго, физикалык көлөмү 102,6 %га
-электр энергиясыз 114,1 млн. сомго, физикалык көлөмү 102,3 %га
-Тейлөө рыногу – 1618,7 млн сомго, өсүү темпи 96,1%ды,
-Чекене соода жүгүртүү – 1112,3 млн сомго, өсүү темпи 85,4 %ды,
-кызмат көрсөтүү – 506,4 млн сомго, өсүү темпи 103,6 %ды,
-Айыл чарбасы – 648,1 млн сомго, өсүү темпи 100,4%ды,
-Капиталдык курулуш – 123,6 млн. сомго, өсүү темпи 28,3%ды,
-Жаңы жумуш орун түзүү – 354 салыштырмалуу 72,7 %ды,
-Катталган жумушсуздардын саны – 3005 адам, а.и. официалдуу 1893 адам.
-Орточо эмгек акы – 10336,6 сом салыштырмалуу 107,3 %ды түздү.
ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН АТКАРЫЛЫШЫ
Жергиликтүү бюджеттин жеткирилген планы 84705,4 миң сомго аткарылып 99,2%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 717,3 миң сомго аз чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 94,6% га же болбосо 4867,4 миң сомго аз аткарылган.
САЛЫК ТОПТОО
Мамлекеттик салык жана төлөмдөрдүн жеткирилген планы 104403,4 миң сомго аткарылып 101,5%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 1527,4 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 90,8% га же болбосо 10559,3 миң сомго аз аткарылган.
Анын ичинен:
-республикалык бюджет 32899,8 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 101,0 % га же планга салыштырмалуу 336,8 миң сомго көп чогултулган. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 88,5% га же болбосо 4271,6 миң сомго аз аткарылган.
-жергиликтүү бюджет 71503,6 миң сомго аткарылып, планга салыштырмалуу өсүү темпи 101,7% га же болбосо 1190,6 миң сомго көп чогултулган. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 91,9 % га же болбосо 6287,7 миң сомго аз аткарылган.
2020-жылдын жыйынтыгына карата ички жана тышкы инвестиция тартууда атарылган иш чаралар жөнүндө айта турган болсок,
Жалпы 59 иш чара кабыл алынса, анын ичинен 42 иш чара аткарылып 71,2 %ды түзгөн. Кабыл алынган 59 иш чаранын план 852,2 млн сом болсо, аткарылышы 434,4 млн сомду түзгөн: а.и.
-тышкы инвестиция -223,4 млн. сом,
-ички инвестиция -211,0 млн. сом,
Тышкы инвестиция тартууда 5 иш чара кабыл алынган. Жалпы суммасы 223,4 млн сомду түзөт. Алсак,
Долбоорлордун каржылоо булагы | 2019-жыл (млн сом) | 2020-жыл (млн сом) | Салыштырмалуу % менен | Айырма (млн сом) +/- |
ЕБРР (таза суу, канализация) | 181,9 |
|
|
|
Кувейт Ас-Сафа КБ (соц городок) | 107,1 |
|
|
|
Жайзет ӨЭУ (күнөскана Лицей №57) | 1,7 |
|
|
|
АРИС (жайыт) | 4,1 |
|
|
|
ЕБРР (таза суу, канализация) |
| 112,4 |
|
|
Саудия өнүктүрүү фонду (мектеп) |
| 96,4 |
|
|
Кувейт Ас-Сафа КБ |
| 13,2 |
|
|
БУУ тарабынан (1800 кг ун жана мектептин ашкана жабдуулары) |
| 1,5 |
|
|
Бардыгы | 225,3 | 223,4 |
|
|
Ал эми ички инвестицияда республикалык, жергиликтүү, жеке секторлор жана ар турдүү каражаттар болуп тартууда жалпы суммасы 211,0 млн сомду түздү. Алсак,
РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТ
Баткен шаары боюнча республикалык бюджеттен жалпы суммасы 61,6 млн сомдук 11 иш чара кабыл алынган болсо, 9 иш чарага каржылоо болуп, каржыланышы 57,9 млн сомду түздү. Анын ичинен 8 иш чара аткарылган. Алардын негизгилерин Алсак,
Каржы булактардын аталышы | Каржыланышы (млн. сом) | ||
долбоордун суммасы | каржылоо | анын ичинен 2020-жылга каржылоо | |
Жолдорду асфальтоо (2,6 км) жерг.бюдж. 0,3 млн. сом | 13,8 | 13,8 | 13,3 |
Эски поликлиниканы ремонттоо | 17,9 | 17,9 | 17,9 |
Көпүрө куруу (Бакай-Ата конушу) | 0,5 | 0,5 | 0,5 |
Матрезервден жардамдар (2 иш чара) | 1,1 | 1,1 | 1,1 |
Муздрам. капремонту | 22,6 | 13,9 | 6,5 |
Баткен ТВнын имаратын куруу | 38,4 | 24,2 | 10,6 |
Стимгрант 3 долбоор 11,9 млн сом (ст.гр. 8,8 млн жерг.бюдж 3,1 млн.) | 8,0 | 8,0 | 8,0 |
Бардыгы | 102,3 | 79,4 | 57,9 |
ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТ
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 63,3 млн сомдук 33 иш чара кабыл алынган болсо 24 иш чара аткарылып 50,1 млн сом же болбосо 79,0% каржылоого жетиштик. Алсак,
Каржы булактардын аталышы | Каржыланышы (млн. сом) | ||
долбоордун суммасы | Респ.бюдж. Инвест. | Жерг.бюдж. | |
Стимгрант 3 долбоор 11,1 млн сом (ст.гр. 8,0 млн жерг.бюдж 3,1 млн.) | 11,1 | 8,0 | 3,1 |
Айыл банктан 5 спецтехника алуу (кредит 14,3 млн) | 6,3 |
| 6,3 |
С.Агата мектебин куруу (1-4-кл. үчүн) | 6,4 | 6,4 | |
Сайдиман ажи көч. жарыктандыруу | 2,8 |
| 2,8 |
Бектемир-Бек көч. тротуар төшөө | 1,3 |
| 1,3 |
КТП 6 даана 250кВа, столба 200 даана | 2,9 |
| 2,9 |
Асфальт жамоо | 0,9 |
| 0,9 |
Көпүрө куруу (Бакай-Ата конушу) | 0,534 | 0,5 | 0,034 |
Чет-Булак балдар бакчасы үчүн реконструкциялоо | 0,4 |
| 0,4 |
Булак-Башы мектебинин ашканасына | 1,7 | 1,5 | 0,3 |
Билим берүү мекемелерин ремонттоо | 0,6 |
| 0,6 |
К-Жол о/м жылытуу системасын ремонттоо | 0,1 |
| 0,1 |
COVID-19 каршы күрөшүү (мед.каражаттар) | 2,1 | 0,3 | 1,8 |
Жашылдандыруу (көчөт отургузуу, отрибут алмашт.) | 0,47 |
| 0,47 |
Жарыктандыруу (9000 метр зым, 260 фото реле) | 0,9 |
| 0,9 |
Агын суу ноолорун, парктарын тазалоо жана иттерди атуу (Тазалык МИ) | 3,2 |
| 3,2 |
Сугат трубаларын орнотуу | 0,65 |
| 0,65 |
Булак-Башы кварт. офисин куруу | 0,5 |
| 0,5 |
Чет-Булак кварт. офисин куруу | 0,5 |
| 0,5 |
Автогараждын айланасын тосуу | 0,7 |
| 0,7 |
ЕБРР дин кредитин төлөө | 13,4 |
| 13,4 |
Долбоор даярдоо иш кагаздары үчүн | 1,8 |
| 1,8 |
Көчөлөргө шагыл төшөө | 0,39 |
| 0,4 |
Балдыгы |
|
| 50,1 |
ЖЕКЕ СЕКТОР
Жалпы суммасы 484,7 млн сомдук 11 иш чара кабыл алынган болсо анын ичинен 6 иш чара аткарылган 4 иш чаранын курулуш иштери жүрүүдө. Каржыланышы жыл жыйынтыгына карата 84,8 млн сомду түзгөн.
Иш чаранын аталышы | Жалпы суммасы | Жумуш оруну | Дареги
|
Өрүктү кайра иштетүүчү цех | 25,0 | 40 | Курманжан-Датка көчөсү |
“Анвар” А/Ч кооперативи (20 га) | 9,0 | 20 | Төрт-Гүл участкасы |
Ч/П Өкүмов “Той” соода борбору | 1,8 | 6 | М.Нургазыев көчөсү |
Ч/П С.Садиров “Топчубай Ата” дүкөнү | 1,5 | 5 | М.Нургазыев көчөсү |
Ч/П Д.Балташева | 1,0 | 2 | С.Айтматов |
Ч/П А.Жороев (Дарыкана) | 0,6 | 2 | И.Раззаков |
Бардыгы | 38,9 | 75 |
|
АР ТҮРДҮҮ КАРАЖАТТАР
Ар төрдүү каражаттарды тартууда жалпы суммасы 18,2 млн сомду түзгөн. Алсак,
-Баткен шаарынын Курманжан-Датка көчөсүнө 0,27 га жер аянтына жеке ишкер Р.Гайыпов тарабынан “Өрүктү кайра иштетүүчү цех” куруу долбоору ишке ашырылды. Долбоордун жалпы суммасы 25,0 млн сом, анын ичинен өздүк салымы 9,6 млн сом, жеңилдетилген кредит 15,4 млн сом. Курулуш 2020-жылдын 1-кварталында башталган. 2020-жылдын 3-кварталына карада ишке киргизилди. Цех жылына 1320 тонна өрүктү кайра иштетүүнү пландап жатат. Ишкананын ачуу менен 20 жумуш орун түзүлгөн. 2021-жылдын жыйынтыгына карата 70 жумуш орунга жеткирүү пландаштырылып жатат.
“Ошэлектро” АК ишканасы тарабынан шаар калкын электр энергиясы менен камсыз кылуу максатта 0,9 миң сомдук жумуштар аткарылган.
-“Кыргызтелеком” АК тарабынан жалпы суммасы 0,5 млн сомдук И.Жусупов, К.Сабыров көчөлөрүнө кабель ОВК байланыш каражаттары тартылды.
Жеке ишкерлер тарабынан курулушу жүрүп жаткан долбоорлор
Иш чаранын аталышы | Жалпы суммасы (млн сом) | Жумуш оруну | Дареги
|
Ч/П Р.Калматов «Мал союучу жай" | 18,0 | 50 | Өнөр жай аймагы |
Ч/П А.Ибраимов “1000 т. Логист. борбор” | 46,0 | 50 | Өнөр жай аймагы |
“Каганат инвест” комп. Текстил фабрикасы | 6,0 ($) | 1000 | Өнөр жай аймагы |
“Каганат инвест” комп. Логист. борбор | 2,7 ($) | 250 | Өнөр жай аймагы |
-Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы өнөр жай алкагына жеке ишкер Р.Калматов тарабынан 1,1 га жер аянтына «Мал союучу жай" куруу иштери жүрүп жатат. Долбоордун жалпы суммасы 18,0 млн сомду түзөт. Жыл жыйынтыгына карата 4,5 млн сом каржыланган. Курулуш 2020-жылдын 1-кварталында башталган. 2021-жылдын 3-кварталына карада ишке киргизилээри күтүлүп жатат. Ишкананын ачуу менен 50 жумуш орун түзүү пландаштырылып жатат. Өндүрүштүш көлөмү күнүнө 6,9 тоннага пландаштырылган.
-Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы өнөр жай алкагына жеке ишкер А.Ибраимов тарабынан 1,1 га жер аянтына 1000 тонналык "Логистикалык борбор" куруу иштери жүрүп жатат. Долбоордун жалпы суммасы 46,0 млн сомду түзөт. Жыл жыйынтыгына карата 0,5 млн сом каржыланган. Курулуш 2020-жылдын 2-кварталында башталган. 2021-жылдын 3-кварталына карада ишке киргизилээри күтүлүп жатат. Ишкананын ачуу менен 50 жумуш орун түзүү пландаштырылып жатат.
-Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы өнөр жай алкагына 2,5 га, жер аянтына жалпы суммасы 6,0 млн АКШ $ түзгөн «Текстил фабрикасын" куруу иштери жүрүп жатат. Долбоордун жетекчиси Эркинбаев Тариел Ташполотович - “Каганат инвест” компаниясы. Курулуш иштери жүрүүдө. Бул долбоордун максаты эл аралык стандарттарттагы кийим тиге турган бардык зарыл инфраструктурасы бар заманбап тигүү өндүрүшүн түзүү. Толугу менен ишке киргенде тигүү фабрикасы 1000 (бир миң) жумуш орду менен камсыз болот. Долбоордун 2020-жылдын августунда башталып, бүтүшү 2021-жылдын декабрына пландаштырылып жатат. бүтүшү 2020-жылдын декабрына пландаштырган.
-Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы өнөр жай алкагына жалпы суммасы 2,7 млн АКШ $ түзгөн 3000 тонналык "Логистикалык борбор" куруу иштери жүрүп жатат. Долбоордун жетекчиси Эркинбаев Тариел Ташполотович - “Каганат инвест” компаниясы. Курулуш иштери жүрүүдө. Логистикалык борбодо 250 жумуш оруну менен камсыз болот. Долбоордун 2020-жылдын августунда башталып, бүтүшү 2021-жылдын декабрына пландаштырылып жатат.
Коронавирус жугуштуу илдети менен күрөшүүдө аткарылган иштер
Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 2020-жылдын 3-февралында №27 сандуу буйругунун негизинде Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Короновирус жугуштуу илдетинин алдын алуу жана болтурбоо» боюнча штаб түзүлүп бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылды. Штабдын ар бир отурумунда тийиштүү болгон мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар коюлуп, шаардын аймагында эл көп топтолгон жайларды дезинфекциялоо иштерин тынымсыз жүргүзүү жана Баткен шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери жана шаардык ишканалардын кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштери, санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд иштери, жана базар баасын көзөмөлдөө боюнча рейд иштери аткарылып турду.
Шаардын аймагында №57 кесиптик лицейи, облустук гимназия жатак мектеби, көркөм-сүрөт мектеби жана Баткен шаарындагы “Ден-Соолук” жеке менчик клиникасынын имараттары обсервациялоо жайы болуп, коронавирус менен ооруган адамар менен байланышта болгон жарандарды кабыл алып, иштеп жатты.
Ал эми Кызыл Ай Коомунун жаңы бүткөн имаратын күндүзгү стационар катары пайдаланууга берди.
Шаар аймагында бүгүнкү күнгө карата Жалпы жуктургандардын саны- 934.
COVID-19 илдетин жуктургандар- 870 жаран , Пневмония- 64 жаран, Каза болгондор- 1 жаран; Жалпы айыккандардын саны: 926
Гуманитардык жардамдар боюнча: Пандемия учурунда шаардын аймагындагы калктын аярлуу катмарына, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, аз камсыз болгон жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Баткен шаарынын мэриясы жана демөөрчүлөр тарабынан жеткиликтүү гуманитардык жардамдар көрсөтүлдү. Алсак:
Мамлекет тарабынан: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик резервдер фондунан бөлүнгөн 760 кап ун Баткен шаарынын аймагындагы «Үй-бүлөгө көмөк» (пособие)жөлөкпулун алуучуларга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү таркатылды.
- 1549 Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан ар бири 800 сомдон турган азык-түлүк пакеттери таркатылган.
Жергиликтүү бюджет тарабынан 825 мин сом бөлүнүп, жалпы 500 кап ун жардамга муктаж үй-бүлөлөргө берилди.
Демөөрчүлөр тарабынан 1700 дөн ашык үй-бүлөгө ар кандай азык-түлүк, ун жана башка гуманитардык жардамдар көрсөтлдү. (700 кап ун Өзбекстан Республикасынан берилген)
Жалпысы болуп шаар аймагында 4500дөн ашуун үй-бүлөгө гуманитардык жардамдар көрсөтүлдү.
Медициналык мекемелерге берилген жардамдар боюнча маалымат.
Медициналык мекемелерге берилген жардамдар боюнча маалымат.
-Республикалык бюджет тарабынан 5 кычкылтек концентратору берилген
- Демөөрчүлөр тарабынан 7 даана кычкылтек концентраты жана бет кап, респиратор, коргонуучу кийимдер жана башка каражаттар алынып берилген.
- Жергиликтүү бюджеттен 10 даана кычкылтек концентраты алынып, Баткен облустук бириккен ооруканасына берилген.
Санариптештирүү боюнча иш-кагаздарынына чыгымдарды азайтуу, иш-кагаздарын жүгүртүүнү электрондоштуруу багытында жаңы технологияларды колдонуу менен экономикалык, чарбалык китепчени жана аймактардын паспортун түзүү процессин автоматташтыруу, калктын ички миграциясын каттоо жана контролдоо, бизнес процесстерди жөнөкөйлөштүрүү жана тиешелүү маалыматтарды түзүүнү камсыз кылуу, статистикалык маалыматтарды жана отчеттуулук документтерди автоматтык түрдө жүргүзүү үчүн мамлекеттик “Инфаком” ишканасы иштеп чыккан автоматташтырылган маалымат тутумдары программасынын негизинде Баткен шаарынын мэриясы сапаттуу муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында баардык техникалык жабдыктар менен камсыз кылып, “Инфаком” мамлекеттик ишканасы менен келишим түзүп, талапка ылайык микротик жабдыгы орнотулуп, бүгүнкү күндө “Санарип аймак” (муниципалдык кызматтарды электорондук форматка которуу), Е-кызмат (персоналды эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму), СЭД “Infodocs” (электрондук документ жүргүзүү тутуму) системасы киргизилип иштеп жатат. Санарип аймак боюнча шаардык аймактык башкармалыктардын башчылары бүгүнкү күнгө электрондук форматка 1550 кожолук каттоодон өткөрүлдү.
Камсыздандыруу Баткен шаары боюнча жалпысы 2020-жылга карата план 948 турак жай болсо жыл ичинде 361 турак жай камсыздандырылган 38,08% түзөт.