Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2021-жылдын 22-февралы № 5
Баткен шаарынын аймагынан таштандыларды алып чыгуу үчүн Жыйым жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунукутуна, 2018-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 24-Главасынын 73-74-75,76 беренелерине, Баткен шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу жыйымын бекитүү максатындагы Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын аймагынан таштандыларды алып чыгуу үчүн жыйым жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет)
2.Бекитилген жобо Баткен шаарынын калкына жайылтылсын.
3.Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | А.Ташбеков |
Баткен шаардык Кеңешинин VI
чакырылышынын кезектеги XXVIII
сессиясынын № 5 токтомуна
№1 тиркеме
Калк жашаган пункттардын аймагынан таштандыларды алып чыгуу учун жыйым жонундо
Жобо
I.Жалпы жоболор 1.1 Калк жашаган пунктардын аймагынан таштандыларды алып чыгуу учун жыйым Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексине» ылайык аныкталат. II.Жыйымды төлөөчүлөр 2.1 Юридикалык жана физикалык жактар (имарат ээлеген ) жыйым төлөөчүлөр болуп эсептелет. 2.2 Жыйымды алуу жана бюджетке тапшыруу ушул тармакты тейлеген муниципалдык жергиликтүү салык кызматкерлерине жүктөлөт. III.Жыйымдын ставкасынын өлчөмү. 3.1 Бекитилип берилген аянтка жана ишанада иштегендердин санына(юридикалык жактар учун) курулуштун өлчөмүнө,үйдө жашоочулардын санына жараша аныкталат. -Юридикалык жактарга ар бир иштеген адам санына жараша эсептик көрсөткүчтүн 100 пайызы өлчөмүндө белгиленсин; -Жеке ишкерлерге ар бир иштеген адам санына жараша эсептик көрсөткүчтүн 100 пайызы өлчөмүндө белгиленсин; -Физикалык жактарга ар бир үйдө жашоочулардын санына Жан башына жыл үчүн 10 сом өлчөмүндө белгиленсин
IV.Жыйымдын төлөө мөөнөтү 4.1 Таштандыларды алып чыгуу учун жыйым жергиликтуу бюджетке өтүп жаткан жылдын 1-апрелине чейин жылына бир жолу эсептелип төлөнөт. 4.2 Жергиликтуу жыйымдарды төлөөчүлөр аларды толук жана өз убагында төлөнүшү үчүн жоопкерчиликтүү. 4.3 Белгиленген төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөн жыйым төлөөчүлөр мыйзам тартибинде белгиленген өлчөмдө процент төлөшөт.
V. Жыйым төлөөчүлөрдүн милдеттери, укуктары жана жоопкерчилиги, салык органдарынын көзөмөлдүгү.
Жергиликтуу салыктарды жана жыйымдарды төлөөчүлөр алардын толук жана өз убагында төлөнүшү үчүн жоопкерчиктуу. Киргизилген жергиликтүү салык боюнча мыйзам актысын бузгандыгы үчүн аларга финансылык санкциялар колдонулат,ал эми жергиликтүү салыктар жөнүндө мыйзамдарды бузууга күнөлүү болгон кызмат адамдары жана граждандар Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат. Белгиленген төлөмдөрдү өз убагында төлөбогөн салык төлөөчүлөр мыйзам тартибинде белгиленген өлчөмдө төлөшөт. Жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын айрым түрлөрү боюнча аларды жыйноонун тартиби жөнүндө кабыл алынган чечимдерди бузгандыгы үчүн кызмат адамдарына жана жарандарга Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексине ылайык административдик айып акы салынат. Жергиликтүү салыктардын жыйымдардын толук туура жана өз убагында төлөнүшүнө, ошондой эле алардын бюджетке чегирилишине көзөмөлдүк салык кызматы жөнүндө колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык,салык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.