Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 29-июлу ПЖ № 251
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мамлекеттик маанидеги документтерди, Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин бланктарын жана Кыргыз Республикасынын атайын мамлекеттик бланктарын, анын ичинде коргоо даражасы жогору болгон так эсепке алуу жана отчеттуулук документтеринин бланктарын чыгаруунун толук циклин түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 565 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1, 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Уставдык капиталындагы 77,36% үлүшү мамлекетке таандык болгон "Учкун" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мамлекеттик маанидеги документтерди, Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин бланктарын жана Кыргыз Республикасынын атайын мамлекеттик бланктарын, анын ичинде так эсепке алуу жана отчеттуулук документтеринин бланктарын даярдоочу болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- "Учкун" ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине киргизсин;
- "Учкун" ачык акционердик коому тарабынан ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторун чыгаруунун толук цикли ишке киргизилгенге чейин бул документтер менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык чараларды көрсүн;
- бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.".
2. "Учкун" ачык акционердик коомуна ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн коргоо даражасы жогору болгон документтерди чыгаруу боюнча өндүрүштү модернизациялоого киришүү сунушталсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |