Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 7-июлу ПЖ № 220
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы № 46 "Республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуш кылуунун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, ыйгаруу жана сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобонун 89-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы № 46 "Республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Баткен облусу боюнча:" бөлүгүндө:
расмий тилдеги текстинде "Жодошову Шарапат Камиловну" деген сөздөр "Жолдошову Шарапат Камиловну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде "Жодошова Шарапат Камиловна" деген сөздөр "Жолдошова Шарапат Камиловна" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык 2011-жылдын 28-февралынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |