Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2024-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 88
Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2019-жылдын 10-сентябры ПЖ № 125
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө
(КР Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 164 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуш кылуунун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, ыйгаруу жана сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 164 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 7-июнундагы № 166 "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Указынын 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 24-ноябрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын "Данакер" ордени жөнүндө" Указынын 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 29-июлундагы № 235 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү" Указына толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-февралындагы № 60 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 3-октябрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 13-сентябрында № 77 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |