Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 10-августу ПЖ № 281
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо функцияларын берүү менен кайра уюштуруу жөнүндө
Финансылык инфратүзүмдү оптималдаштыруу жана депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жети айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин ага мыйзамдарда белгиленген тартипте Банктарды жоюу боюнча агенттикти кошуу жолу менен кайра уюштурууну жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) алты айлык мөөнөттө төмөнкүдөй максаттарда "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин:
1) Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине калктан депозиттерди тартуучу банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча функцияларды берүү;
2) Депозиттерди коргоо фондун банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аманатчыларын коргоо максатында гана пайдалануу кепилдиктерин камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин жоюу жол-жобосун жүргүзүүдө жоюучу катары анын түздөн-түз функцияларына кирбеген жоюлуучу банктардын жана башка финансылык-кредиттик уюмдардын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилигин алып салуу;
4) азыркы убакта Банктарды жоюу боюнча агенттик тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан банктарды жоюу боюнча функцияларды аткаруу тартибин жөнгө салуучу өтмө жоболорду киргизүү.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 5-августундагы № 181 "Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу (ДЕБРА) жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктунун экинчи абзацы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги № 79 "Банктарды жоюу боюнча агенттик жөнүндө" Жарлыгы.
4. Бул Жарлык "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирген 3-пунктунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |