Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 10-августундагы ПЖ № 281 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 18-апрели ПЖ № 79
Банктарды жоюу боюнча агенттик жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиктин ишин "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиги Банктарды жоюу боюнча агенттик болуп кайра аталсын.
2. Банктарды жоюу боюнча агенттик жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. (КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 12-октябрындагы № 255 "Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиги (БКУКРА) жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С. Жээнбеков |