Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 5-августу ПЖ № 272
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну, облустарда мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддорунун чыгымдарын карасын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 9-августунда № 69(3404) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |