Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы ПЖ № 272 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобо
(КР Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы ПЖ N 12 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1.Жалпы жоболор
2.
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддорунун (мындан ары - резервдик фонд) чыгымдары жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралат.
2. Резервдик фонддор ушул Жободо белгиленген формулаларга ылайык аныкталат.
3.Резервдик фонддордун эсептелиши
4.
3. Резервдик фонддордун көлөмү төмөнкү формулалар боюнча эсептелет:
1) ОЖК = (ПОЫӨРФЖК / БК) * 1000, мында:
- ОЖК - орточо жан башына көрсөткүч;
- ПОЫӨРФЖК - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддорунун жалпы көлөмүнүн 50%ы;
- БК - Кыргыз Республикасынын бардык калкы (адам);
2) ПОЫӨРФ = ОЖК * ОК, мында:
- ПОЫӨРФ - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фонду;
- ОЖК - орточо жан башына көрсөткүч;
- ОК - облустун калкы;
3) ПОЫӨРФ = ПОЫӨРФЖК / 7, мында:
- ПОЫӨРФ - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фонду;
- ПОЫӨРФЖК - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддорунун жалпы көлөмүнүн 50%ы.
3. Резервдик фонддордун акча каражаттарын пайдалануунун тартиби
4. Резервдик фонддордон бөлүнгөн бюджеттик каражаттар Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемесине ылайык ушул Жободо каралган максаттарга пайдаланылууга тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү резервдик фонддун каражаттарын тескөөчүсү болуп саналат.
6. Резервдик фонддордун каражаттарын алуучу болуп республикалык бюджетте турган мекемелер да, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелер да болушу мүмкүн.
7. Резервдик фонддор социалдык маанилүү мүнөздөгү шашылыш жана күтүлбөгөн чыгымдарды, ошондой эле төмөнкүлөрдү финансылык камсыз кылуу үчүн гана пайдаланылат:
- облустагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, эмгек ардагерлерине, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга жана калктын аз камсыз болгон катмарларына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча маселелерди оперативдүү чечүүгө;
- эпидемиялык кырдаалдын келип чыгышына жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларды каржылоого;
- спорттук иш-чаралардын катышуучуларына финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- ушул облустун аймагында жашаган, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон Кыргыз Республикасынын белгилүү инсандарына бир жолку финансылык колдоо көрсөтүүгө.
- облустук, республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болгон мектеп окуучуларына, артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөргө, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча алтын сертификаттын ээлерине жана белгиленген окуучулардын мугалимдерине билим берүү чөйрөсүндө жогоруда көрсөтүлгөн жетишкендиктери үчүн финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- облустун масштабында юбилейлик жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө;
- республикалык жана облустук маанидеги коомдук-маданий иш-чараларга катышууга.
(КР Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы ПЖ N 12 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга тыюу салынат:
- шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин чагылдырууга;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын төлөөгө жана материалдык сыйлоого;
- мамлекеттик органдардын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылуу боюнча иш-чараларга.
4. Кредиттерди тескөөчүнүн жоопкерчилиги жана резервдик фонддордун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
9. Каражаттарды тескөөчүлөр жана каражаттарды алуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык резервдик фонддун акча каражаттарын сактоого, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга жеке жоопкерчилик тартат.
10. Резервдик фонддордун акча каражаттарын эсепке алуу каражаттарды башкы тескөөчүнүн жана алуучунун өзүнчө казыналык эсептеринде (бюджеттик каражаттар боюнча негизги сметасынан өзүнчө) жүргүзүлөт.
11. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддорун пайдалануу жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн чечимдеринин көчүрмөлөрүн тиркөө менен кварталдык отчетко тиркелет жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет.
12. Резервдик фонддордун каражаттарын эсепке алуу, бөлүштүрүү жана пайдалануу жол-жобосу өзгөргөндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ушул Жобого тийиштүү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилет.