Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 30-августу ПЖ № 297
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, ошондой эле мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- үчүнчү, бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы, жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- айрым административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындоо, кенже, улук жана башкы кызмат орундарына дайындалуучу адамдын мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинде болуусу жөнүндө талаптарды эсепке албастан, бирок мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга шайкеш келген шартта жүзөгө ашырылат.
Айрым административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындалуучу талапкерлердин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга шайкештигин текшерүүнүн тартиби жана методдору мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же тиешелүү кызмат орундарына дайындоо ыйгарым укуктарына кирген кызмат адамы тарабынан аныкталат.";
2) 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Ушул пунктта көрсөтүлгөн учурларда адамдын статусу жогору турган кызмат орду боюнча аныкталат.";
3) 4, 5-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.";
5) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- I. II бөлүмдөр ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- IV бөлүм күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын РЕЕСТРИ
I БӨЛҮМ
1-глава. Саясий мамлекеттик кызмат орундары
Президент
Жогорку Кеңештин Төрагасы - Жогорку Кеңештин депутаты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси
Мамлекеттик катчы
Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары - Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты
Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары, Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Министрлер Кабинетинин мүчөсү (министр, мамлекеттик комитеттин төрагасы)
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл
Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги
Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысы, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчиси, Президенттин Администрациясынын борборунун директору, Президенттин басма сөз-катчысы, Президенттин кеңешчиси, Президенттин жардамчысы, Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчисинин орун басары
Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары - бөлүмдүн башчысы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги, Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысынын орун басары - сектордун башчысы, Президенттин атайын өкүлү, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, Министрлер Кабинетинин атайын өкүлү, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчисинин орун басары, Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары, Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмүнүн башчысы
Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальнигинин орун басары - бөлүмдүн башчысы, Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысы (башкармалыктын курамында)
Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын курамында) башчысынын орун басары, Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын курамында) башчынын орун басары - сектордун башчысы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары, Министрлер Кабинетинин атайын өкүлүнүн орун басары, Президенттин Администрациясынын өз алдынча секторунун башчысы, Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары
Президенттин Администрациясынын башкы эксперти, Президенттин Администрациясынын секторунун (башкармалыктын, бөлүмдүн, катчылыктын курамында) башчысы, Президенттин Администрациясынын мамлекеттик инспектору, Жогорку Кеңештин Аппаратынын секторунун башчысы
Президенттин Администрациясынын инспектору, Президенттин Администрациясынын эксперти, Президенттин Администрациясынын спичрайтери, Жогорку Кеңештин Аппаратынын эксперти, Жогорку Кеңештин Аппаратынын улук консультанты, Жогорку Кеңештин Аппаратынын консультанты
Президентке караштуу (Президенттин түздөн-түз карамагында) мамлекеттик органдын жетекчиси, Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчиси, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси
Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары
2-глава. Атайын мамлекеттик кызмат орундары
Конституциялык соттун төрагасы, Жогорку соттун төрагасы
Башкы прокурор
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы
Эсептөө палатасынын төрагасы
Акыйкатчы (Омбудсмен)
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи
Президенттин иш башкаруучусу
Конституциялык соттун төрагасынын орун басары, Жогорку соттун төрагасынын орун басары
Башкы прокурордун орун басары
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары
Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары
Конституциялык соттун судьясы, Жогорку соттун судьясы
Жергиликтүү соттун төрагасы, жергиликтүү соттун төрагасынын орун басары
Жергиликтүү соттун судьясы
Эсептөө палатасынын аудитору
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү
Башкы консул
Кыргыз Республикасынан Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координатору
3-глава. Саясий муниципалдык кызмат орундары
Жергиликтүү кеңештин төрагасы
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары, жергиликтүү кеңештин депутаты
Шаардын мэри
Айыл өкмөтүнүн башчысы
II БӨЛҮМ
4-глава. Административдик мамлекеттик кызмат орундары
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)
Категориялар | Президентинин Администрациясы | Жогорку Кеңешинин Аппараты |
Жогорку кызмат орду | ||
Ж-Б |
| Жогорку Кеңештин Төрагасынын басма сөз-катчысы Фракциянын катчылыгынын (депутаттык топтун) башчысы |
Башкы кызмат орду | ||
Б-А |
| Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын эксперти Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын улук консультанты |
Б-Б |
| Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын консультанты Башкы адис |
Улук кызмат орду | ||
У-А | Улук референт | Жогорку Кеңештин Төрагасынын спичрайтери |
2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби, жергиликтүү соттордун аппараттары
Категориялар | Конституциялык соттун аппараты | Жогорку соттун аппараты | Сот департаменти | Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби | Жергиликтүү соттордун аппараттары |
Жогорку кызмат орду | |||||
Ж-А | Аппараттын жетекчиси(*) | Аппараттын жетекчиси(*) | Департаменттин директору(*) | Директор(*) |
|
Ж-Б |
| Аппараттын жетекчисинин орун басары(*) | Департаменттин директорунун орун басары(*) | Директордун орун басары(*) |
|
Башкы кызмат орду | |||||
Б-А | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы | Башкармалыктын начальниги(*) Бөлүмдүн башчысы(*) | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы | Бөлүмдүн башчысы | Бөлүмдүн башчысы |
Б-Б | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Басма сөз-катчысы(*) | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Басма сөз-катчысы(*) | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Облустун жана Бишкек шаарынын улук соттук приставы |
|
|
Улук кызмат орду | |||||
У-А | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Улук консультант | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Улук консультант Улук референт Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Улук сот аткаруучусу Улук сот приставы | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы Улук консультант Басма сөз-катчысы(*) |
У-Б | Консультант Башкы адис | Консультант Башкы адис Референт | Башкы адис Сот аткаруучусу Сот приставы | Башкы адис | Судьянын жардамчысы(*) Консультант |
Кенже кызмат орду | |||||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис Сот жыйынынын улук катчысы | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис | Сот коллегиясынын катчысы Соттун улук катчысы |
К-Б | Адис Сот жыйынынын катчысы | Адис Сот жыйынынын катчысы | Адис | Адис | Адис Сот жыйынынын катчысы |
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)
Категориялар | Президентинин Иш башкармасы | Президентинин Архиви |
Жогорку кызмат орду | ||
Ж-А | Президенттин иш башкаруучусунун орун басары |
|
Башкы кызмат орду | ||
Б-А | Бөлүмдүн башчысы | Архивдин башчысы |
Б-Б | Бөлүмдүн башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысынын орун басары - сектордун башчысы | Архивдин башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысы |
Улук кызмат орду | ||
У-А | Сектордун башчысы | Референт |
У-Б | Референт Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис |
|
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты
Категориялар | Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия | Эсептөө палатасы (борбордук аппарат) | Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрү | Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппараты |
Жогорку кызмат орду | ||||
Ж-А | Аппараттын жетекчиси(*) | Аппараттын жетекчиси(*) |
| Аппараттын жетекчиси(*) |
Башкы кызмат орду | ||||
Б-А | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы Башкы мамлекеттик инспектор | Аймактык бөлүмдүн жетекчиси | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы |
Б-Б | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Атайын өкүл Басма сөз-катчысы(*) | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Талдоочу Мамлекеттик инспектор Басма сөз-катчысы(*) | Бөлүмдүн башчысы Мамлекеттик инспектор | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Акыйкатчынын (Омбудсмендин) облустар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Басма сөз-катчысы(*) |
Улук кызмат орду | ||||
У-А | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Эксперт Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Эксперт Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | Эксперт | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Эксперт Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл |
У-Б | Башкы адис Системалык администратор | Инспектор Башкы адис | Инспектор Башкы адис | Инспектор Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
| Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис |
| Адис |
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдар (Кыргыз Республикасынын Президентинин түздөн-түз карамагында)
Категориялар | Президентке караштуу (Президенттин түздөн-түз карамагында) мамлекеттик органдар | Президентке караштуу (Президенттин түздөн-түз карамагында) мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | Президентке караштуу (Президенттин түздөн-түз карамагында) мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү |
Жогорку кызмат орду | |||
Ж-А | Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары(*) |
|
|
Ж-Б | Мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчиси(*) | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси(*) |
|
Башкы кызмат орду | |||
Б-А | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы Борбордун жетекчиси Башкы окумуштуу катчы | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары(*) | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, өкүлчүлүктүн жетекчиси |
Б-Б | Жооптуу катчы Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Борбордун жетекчисинин орун басары Басма сөз-катчысы(*) | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары |
Улук кызмат орду | |||
У-А | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Эксперт Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | Бөлүмдүн, сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Бөлүмдүн, сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы |
У-Б | Башкы адис | Башкы адис | Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү Башкы адис |
Кенже кызмат орду | |||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис | Адис |
6. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери
Категориялар | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин ведомстволук бөлүмдөрү | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин аймактык органдары | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин ведомстволук органдарынын аймактык түзүмдөрү |
Жогорку кызмат орду | ||||
Ж-А | Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары(*) |
|
|
|
Ж-Б |
| Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси(*) |
|
|
Башкы кызмат орду | ||||
Б-А | Башкармалыктын начальниги Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Бөлүмдүн башчысы | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары(*) Өзүнчө юридикалык жак статусуна ээ болгон жана мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн карамагында турган бөлүмдүн жетекчиси | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси |
|
Б-Б | Башкармалыктагы бөлүмдүн начальниги Борбордук казыналыктагы бөлүмдүн башчысы Басма сөз-катчысы(*) | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы Чет өлкөлөрдөгү салык кызматынын өкүлдөрү Өзүнчө юридикалык жак статусуна ээ болгон жана мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн карамагында турган бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары |
Улук кызмат орду | ||||
У-А | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Басма сөз-катчысы(*) (**) | Бөлүмдүн, сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы Улук мамлекеттик нотариус | Бөлүмдүн, сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы |
У-Б | Башкы инспектор Башкы адис | Башкы инспектор Башкы адис | Башкы инспектор Башкы адис Мамлекеттик нотариус | Башкы инспектор Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||||
К-А | Улук инспектор Жетектөөчү адис | Улук инспектор Жетектөөчү адис | Улук инспектор Жетектөөчү адис | Улук инспектор Жетектөөчү адис |
К-Б | Инспектор Адис | Инспектор Адис | Инспектор Адис | Инспектор Адис |
7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
Категориялар | Тышкы иштер министрлиги | Тышкы иштер министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү |
Жогорку кызмат орду | ||
Ж-А | Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары(*) |
|
Ж-Б |
| Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси(*) |
Башкы кызмат орду | ||
Б-А | Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - министрдин кеңешчиси Департаменттин жетекчиси Ыйгарым укуктуу аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси Бөлүмдүн башчысы | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары |
Б-Б | Департаменттин жетекчисинин орун басары Департаменттеги бөлүмдүн башчысы Кеңешчи-Кичи Элчи Консул Басма сөз-катчысы(*) | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы |
Улук кызмат орду | ||
У-А | Ыйгарым укуктуу аймактык өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары Кеңешчи Виза пунктунун жетекчиси Сектордун, департаменттеги, бөлүмдөгү сектордун башчысы Биринчи катчы Экинчи катчы Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы |
У-Б | Вице-консул Үчүнчү катчы Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||
К-А | Консулдук агент Атташе Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис |
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволор
Категориялар | Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволор, Министрлер Кабинетинин карамагындагы башка органдар | Ведомстволук бөлүмдөр | Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволордун аймактык органдары | Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволордун ведомстволук органдарынын аймактык түзүмдөрү |
Жогорку кызмат орду | ||||
Ж-А | Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары(*) |
|
|
|
Ж-Б |
| Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси(*) |
|
|
Башкы кызмат орду | ||||
Б-А | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси |
Б-Б | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Басма сөз-катчысы(*) | Бөлүмдүн башчысы | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары |
Улук кызмат орду | ||||
У-А | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Бөлүмдүн, сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Бөлүмдүн, сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы |
У-Б | Башкы инспектор Башкы адис | Башкы инспектор Башкы адис | Башкы инспектор Башкы адис | Башкы инспектор Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||||
К-А | Улук инспектор Жетектөөчү адис | Улук инспектор Жетектөөчү адис | Улук инспектор Жетектөөчү адис | Улук инспектор Жетектөөчү адис |
К-Б | Инспектор Адис | Инспектор Адис | Инспектор Адис | Инспектор Адис |
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
Категориялар | Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
Башкы кызмат орду | ||
Б-А | Аппараттын жетекчиси | Аппараттын жетекчиси |
Б-Б | Бөлүмдүн башчы Басма сөз-катчысы(*) | Бөлүмдүн башчысы |
Улук кызмат орду | ||
У-А | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы |
У-Б | Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис |
10. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, укук коргоо органдары (мамлекеттик жарандык кызматчылар)
Категориялар | Куралдуу күчтөр | Укук коргоо органдары |
Башкы кызмат орду | ||
Б-А | Башкармалыктын башчысы Бөлүмдүн башчысы | Башкармалыктын башчысы Ведомстволук мекеменин/бөлүмдүн жетекчиси Бөлүмдүн башчысы |
Б-Б | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Ведомстволук мекеменин/бөлүмдүн жетекчисинин орун басары |
Улук кызмат орду | ||
У-А | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Басма сөз-катчысы(*) | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Басма сөз-катчысы(*) |
У-Б | Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис |
11. Патронаттык кызмат орундары (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)
Категориялар | Саясий мамлекеттик жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары |
Жогорку кызмат орду | |
Ж-А | Жогорку Кеңештин Төрагасынын кеңешчиси Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси Конституциялык соттун төрагасынын кеңешчиси Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси |
Башкы кызмат орду | |
Б-Б | Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси Мамлекеттик катчынын кеңешчиси Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси Жогорку Кеңештин фракциясынын (депутаттык топтун) лидеринин кеңешчиси Мамлекеттик органдын жетекчисинин кеңешчиси |
Улук кызмат орду | |
У-А | Жогорку Кеңештин Төрагасынын жардамчысы Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин жардамчысы Конституциялык соттун төрагасынын жардамчысы Жогорку соттун төрагасынын жардамчысы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын жардамчысы Мамлекеттик катчынын жардамчысы Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын жардамчысы Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисинин жардамчысы |
У-Б | Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы Мамлекеттик органдын жетекчисинин жардамчысы |
1-4-главаларга эскертүү:
"Жетекчи", "жетекчинин орун басары" деген аталыштар тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин кызмат ордунун унификацияланган аталыштары болуп саналат. Бул эреже мамлекеттик органдын өзүндөгү тиешелүү бөлүмдөргө (түзүмдүк, аймактык ж.б.) карата колдонулат.
Мамлекеттик органдын/мамлекеттик органдын бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарынын кызмат орду мамлекеттик органдын/мамлекеттик органдын бөлүмүнүн жетекчисинин биринчи орун басарынын кызмат ордун камтыйт.
Башчынын кызмат орду ошондой эле начальниктин кызмат ордун, жетекчинин кызмат орду - директордун/башчынын/начальниктин кызмат ордун билдирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде административдик мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо өзгөчө (конкурстан тышкаркы) тартипте жүзөгө ашырылат.
(*) - өзгөчө тартипте дайындалуучу административдик мамлекеттик кызмат орундары.
(**) - административдик мамлекеттик кызмат орду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүндө каралышы мүмкүн.
5-глава. Административдик муниципалдык кызмат орундары
1. Республикалык маанидеги шаардын мэриясы жана кеңеши
Категориялар | Республикалык маанидеги шаардын кеңешинин аппараты | Республикалык маанидеги шаардын мэриясы | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрү | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын аймактык бөлүмү | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн/аймактык бөлүмдөрүнүн аймактык түзүмдөрү |
Жогорку кызмат орду | |||||
Ж-А |
| Мэрдин орун басары |
|
|
|
Ж-Б | Аппараттын жетекчиси(*) | Аппараттын жетекчиси(*) |
| Административдик райондун башчысы(*) |
|
Башкы кызмат орду | |||||
Б-А | Бөлүмдүн башчысы | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси | Административдик райондун башчысынын орун басары Муниципалдык аймактык башкармалыктын (мэриянын түзүмүндөгү) жетекчиси |
|
Б-Б |
| Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | Аппараттын жетекчиси Муниципалдык аймактык башкармалыктын (мэриянын түзүмүндөгү) жетекчиси | Ведомстволук бөлүмдүн аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Муниципалдык аймактык башкармалыктын (мэриянын аймактык бөлүмүнүн түзүмүндөгү) жетекчиси |
Улук кызмат орду | |||||
У-А | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | Бөлүмдүн, сектордун башчысы | Бөлүмдүн, сектордун башчысы | Ведомстволук бөлүмдүн аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Муниципалдык аймактык башкармалыктын (мэриянын аймактык бөлүмүнүн түзүмүндөгү) жетекчисинин орун басары Бөлүмдүн, сектордун башчысы |
У-Б | Башкы адис | Башкы адис | Башкы адис Башкы инспектор | Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | |||||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис Улук инспектор | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис | Адис Инспектор | Адис | Адис |
2. Кеңеш жана шаардын мэриясы
Категориялар | Шаардык кеңештин аппараты | Шаардын мэриясы | Шаардын мэриясынын ведомстволук бөлүмү |
Башкы кызмат орду | |||
Б-А |
| Мэрдин орун басары |
|
Б-Б | Жооптуу катчы | Аппараттын жетекчиси | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси |
Улук кызмат орду | |||
У-А | Бөлүмдүн, сектордун башчысы | Бөлүмдүн, сектордун башчысы | Бөлүмдүн, сектордун башчысы |
У-Б | Башкы адис | Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | |||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис | Адис |
3. Райондук кеңеш, айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү
Категориялар | Райондук кеңеш | Айылдык кеңеш | Айыл өкмөтү |
Башкы кызмат орду | |||
Б-А |
|
| Айыл өкмөт башчысынын орун басары |
Б-Б | Жооптуу катчы(*) | Жооптуу катчы(*) (**) | Жооптуу катчы |
Улук кызмат орду | |||
У-А |
|
| Бөлүмдүн, сектордун башчысы |
У-Б |
|
| Башкы адис |
Кенже кызмат орду | |||
К-А |
|
| Жетектөөчү адис Айыл башчысы (айылдын старостасы)(*) |
К-Б |
|
| Адис Инспектор |
4. Патронаттык кызмат орду (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орду)
Категориялар | Саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын кеңешчилери, жардамчылары |
Башкы кызмат орду | |
Б-Б | Республикалык маанидеги шаардын мэринин кеңешчиси |
Улук кызмат орду | |
У-Б | Республикалык маанидеги шаардын мэринин жардамчысы |
5-главага эскертүү:
Мэрдин орун басарынын кызмат орду мэрдин биринчи орун басарынын кызмат ордун камтыйт.
"Жетекчи", "жетекчинин орун басары" деген аталыштар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү бөлүмүнүн жетекчи кызмат ордунун унификацияланган аталыштары болуп саналат.
Башчынын кызмат орду ошондой эле начальниктин кызмат ордун, жетекчинин кызмат орду - директордун/башчынын/начальниктин кызмат ордун билдирет.
Муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчисинин жана муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчисинин орун басарынын административдик муниципалдык кызмат орундарынын тобу жана категориясы муниципалдык аймактык башкармалыктын түздөн-түз ведомстволук караштуулугуна (республикалык маанидеги шаардын мэриясынын түзүмүндө же республикалык маанидеги шаардын административдик районунун түзүмүндө болуу) жараша белгиленет.
(*) - өзгөчө тартипте дайындалуучу административдик муниципалдык кызмат орундары.
(**) - административдик муниципалдык кызмат орду административдик-аймактык бирдиктин калкынын саны учурдагы жылдын 1-январына карата абал боюнча 6001 адамдан ашык болгон шартта каралат.