Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 10-октябры ПЖ № 349
Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби жөнүндө
Өлкөнү өнүктүрүүнү стратегиялык башкаруу жана пландоо процессин, мамлекеттик стратегиялык документтерди кабыл алууну тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |