Загрузка документа…
Тиркеме |
| ||
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 349 Жарлыгына) | |
Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик стратегиялык башкаруу - өлкөнү бүтүндөй жана айрым багыттар боюнча стратегиялык өнүктүрүүнү мамлекеттик башкаруу процесси, ал коюлган стратегиялык максаттарга жетүүгө мүмкүндүк түзүүчү кабыл алынып жаткан чечимдердин натыйжалуулугун арттырууну карайт.
2. Бул Тартип Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу процессинин катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн мамилелерди жөнгө салат жана мамлекеттик стратегиялык башкаруунун алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоонун укуктук негиздерин белгилейт.
3. Бул Тартип мамлекеттик стратегиялык башкаруунун негизги принциптерин, катышуучуларынын жоопкерчилигин, документтердин системасын аныктайт жана мамлекеттик стратегиялык документтерди демилгелөө, иштеп чыгуу, бекитүү, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо, ошондой эле өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан мамилелерге жайылтылат.
4. Коргоо жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик стратегиялык башкарууну уюштуруу тартиби аталган чөйрөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекеттик стратегиялык башкарууну укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) стратегиялык пландоо - мамлекеттик стратегиялык башкаруунун мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу боюнча катышуучуларынын иши. Стратегиялык пландоо төмөнкү процесстерди өзүнө камтыйт: өнүгүү максаттарын жана стратегиясын аныктоо, өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына жана артыкчылыктарына жетүүгө багытталган ресурстарды болжолдоо, программалоо, пландоо, аныктоо жана бөлүштүрүү;
2) мамлекеттик стратегиялык документтер - белгиленген формадагы жазуу жүзүндөгү расмий документ түрүндө иштелип чыккан, ишке ашыруу мөөнөттөрү чектелген жана тийиштүү ченемдик укуктук акт менен бекитилген мамлекеттик стратегиялык башкаруу инструменти.
Мамлекеттик стратегиялык документтер улуттук стратегия, жалпы мамлекеттик программа, ошондой эле аларга ылайык иштелип чыккан мамлекеттик программалар жана ушул Тартипте каралган башка документтер түрүндө болушу мүмкүн.
Концепциялар жана доктриналар мамлекеттик стратегиялык башкаруу системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат, алар узак мөөнөттүү мезгилге көрө билүү мейкиндиги менен өнүгүүнүн алкактуу моделин аныктайт, бирок мамлекеттик стратегиялык документтер болуп саналбайт;
3) улуттук стратегия - Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилүүчү, узак мөөнөттүү мезгилге өлкөнү стратегиялык өнүктүрүүнүн жалпы стратегиялык көз карашын, багыттарын, максаттарын, милдеттерин, артыкчылыктарын, мамлекеттин ишинин жана коомдук турмуштун бардык тармактарын камтыган негизги мамлекеттик стратегиялык документ;
4) өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилүүчү, улуттук стратегиянын максаттарын жана артыкчылыктарын эске алуу менен иштелип чыккан, өлкөнү орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык (экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий) өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын жана негизги багыттарын аныктоочу мамлекеттик стратегиялык документ;
5) мамлекеттик программа - мамлекеттин же өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программасынын максаттуу багыттарына жетүүгө багытталган орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттик макулдашылган жана координацияланган чаралардын жыйындысынан турган мамлекеттик стратегиялык документ.
Мамлекеттик программа конкреттүү максаттарды, милдеттерди, учурдагы кырдаалды жана көйгөйлөрдү талдоону, ошондой эле ресурстук камсыздоонун булактарын жана көлөмдөрүн көрсөтүү менен аларды чечүүнүн жолдорун, ошондой эле натыйжалуулуктун конкреттүү өлчөнгөн индикаторлорунда көрүнгөн аларды жүзөгө ашыруудан күтүлүүчү натыйжаларды камтууга тийиш;
6) мамлекеттик стратегиялык документтерди жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо -мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруунун жыйынтыктарын бекитилген критерийлерге ылайык комплекстүү баалоо, мамлекеттик стратегиялык башкаруунун принциптерин сактоо, ошондой эле мамлекеттик стратегиялык документтердин натыйжалуулугунун жана майнаптуулугунун даражасын аныктоо максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылган иш-чаралардын мамлекеттик стратегиялык документтердин артыкчылыктарына, максаттарына жана милдеттерине шайкештигин талдоо боюнча мамлекеттик стратегиялык башкаруунун катышуучуларынын иши;
7) Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш (мындан ары - Улуттук кеңеш) - Кыргыз Республикасынын Президенти жетектеген мамлекеттик стратегиялык башкаруунун катышуучулары тарабынан өлкөнү өнүктүрүү маселелери боюнча стратегиялык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аянтча;
8) Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтер боюнча координациялык кеңеши - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын деңгээлинде түзүлүүчү мамлекеттик стратегиялык башкаруунун катышуучуларынын ишин координациялоо үчүн платформа;
9) мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашыруу боюнча иш чаралар планы - мамлекеттик стратегиялык документтерди жүзөгө ашыруунун механизми катары алардын милдеттүү бөлүгү. План ресурстук камсыздоонун жооптуу аткаруучуларын, мөөнөттөрүн, булактарын жана көлөмдөрүн көрсөтүү менен стратегиялык максаттарга жана артыкчылыктарга жетүүнүн конкреттүү иш жүзүндөгү чараларынын комплексинен, ошондой эле натыйжалуулуктун өлчөнүүчү индикаторлорунда көрүнгөн аларды ишке ашыруунун күтүлүүчү натыйжаларынан турат;
10) мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо - мамлекеттик стратегиялык документтердин мамлекеттик стратегиялык башкаруунун принциптерине шайкештигин, ошондой эле мамлекеттик стратегиялык документтерди жана иш-чаралар пландарын түзүүнүн стандарттарынын сакталышын текшерүү;
11) мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүүнүн стандарты - мамлекеттик стратегиялык документтерди даярдоонун милдеттүү бирдей талаптарын жана эрежелерин, ошондой эле мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын даярдоонун форматтарын белгилөөчү документ;
12) отчеттуулук стандарты - мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырууга жүргүзүлгөн мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктарын сыпаттоонун милдеттүү бирдиктүү талаптарын жана форматтары белгилөөчү документ;
13) мамлекеттик стратегиялык документтердеги стратегиялык көз караш - узак мөөнөттүү өнүгүү келечегинин жалпы түшүнүгү жана аларды жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик иштин бирдиктүү фундаменталдык принциптери;
14) мамлекеттик стратегиялык документтердин стратегиялык максаты - мамлекеттик стратегиялык башкаруу процессинин катышуучулары жетүүгө умтулган өлчөнүүчү акыркы натыйжа, аны ишке ашырууга алардын иши багытталат;
15) мамлекеттик стратегиялык документтердин натыйжалуулугу жана эффективдүүлүгү - коюлган милдеттерди аткаруу жана мамлекеттик стратегиялык документтердин максаттуу багыттарына жетүү.
2-глава. Мамлекеттик стратегиялык башкаруу системасы
7. Мамлекеттик стратегиялык башкаруу төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:
1) өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктары боюнча стратегиялык башкаруу системасынын тең салмактуулугу;
2) мамлекеттик башкаруу түзүмүнүн жана анын субъекттеринин коюлган стратегиялык максаттарга баш ийүүсү;
3) кызмат адамдарынын мамлекеттик стратегиялык документтердин бекитилген чараларын жана көрсөткүчтөрүн аткарбагандыгы же өз убагында аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилиги;
4) мамлекеттик стратегиялык документтердин натыйжалуулугу жана эффективдүүлүгү, стратегиялык башкаруу процессинде колдонулуучу сандык жана (же) сапаттык максаттуу көрсөткүчтөрдү жана аларды баалоонун методдорун колдонуу менен максаттардын өлчөнүүчүлүгү;
5) ишин улантуучулук жана үзгүлтүксүздүк, ал мурда кабыл алынган мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруунун натыйжаларын эске алуу менен мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу ырааттуу түрдө жүргүзүлөрүн билдирет;
6) мамлекеттик стратегиялык документтин программалык негизде бюджеттик камсыздалышы;
7) ар кандай статустагы жана типтеги стратегиялык документтер боюнча отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү стандарттары;
8) маалыматтын ачык-айкындуулугу жана жеткиликтүүлүгү, стратегиялык башкаруу процессинде жарандык коомдун кеңири катышуусу;
9) жетишилген стратегиялык натыйжаларды баалоонун көз карандысыздыгы.
8. Мамлекеттик стратегиялык документтер мамлекеттик таасир этүүнүн масштабдарына жараша статусу боюнча төмөнкүдөй деңгээлдерге бөлүнөт:
1) биринчи деңгээл - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү негизги мамлекеттик стратегиялык документ болуп саналган улуттук стратегия.
Биринчи деңгээлге улуттук стратегиянын максаттарын жана артыкчылыктарын эске алуу менен иштелип чыккан, өлкөнү орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык (экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий) өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын жана негизги багыттарын аныктоочу өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программасы да кирет;
2) экинчи деңгээл - жогорку мамлекеттик стратегиялык документтердин артыкчылыктарына, максаттарына жана милдеттерине шайкеш келүүгө тийиш болгон мамлекеттик программалар түрүндөгү мамлекеттик стратегиялык документтер.
9. Мамлекеттик стратегиялык документтер төмөнкүдөй иштелип чыгат жана кабыл алынат:
1) орто мөөнөттүү мезгилге (3 жылдан 5 жылга чейин);
2) узак мөөнөттүү мезгилге (10 жылга жана андан көп).
10. Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик стратегиялык башкаруу принциптерине алардын шайкештигин, ошондой эле мамлекеттик стратегиялык документтерди жана иш-чаралар пландарын түзүүнүн стандарттарынын сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлөт.
11. Мамлекеттик стратегиялык документтер мамлекеттик стратегиялык документтердин мамлекеттик реестрине киргизилет.
12. Мамлекеттик стратегиялык документтердин мамлекеттик реестрин түзүү мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоонун негизинде жүргүзүлөт.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
14. Мамлекеттик стратегиялык документтердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
15. Мамлекеттик стратегиялык башкаруунун катышуучулары болуп мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий, коомдук жана изилдөө уюмдары, жарандык, эксперттик жана бизнес коомчулук саналат.
16. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) жогорку мамлекеттик стратегиялык документтердин негизинде тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин узак мөөнөттүү максаттарын жана милдеттерин аныктоо;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча мамлекеттик стратегиялык башкаруу документтерин иштеп чыгуу, кароо, бекитүү (жактыруу) жана ишке ашыруу;
3) тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик стратегиялык башкаруу документтерин ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
4) ушул Тартип менен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген мамлекеттик стратегиялык башкаруу чөйрөсүндөгү башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
17. Улуттук кеңештин максаты болуп өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу, стратегиялык документтерди ишке ашыруу боюнча консолидацияланган сунуштарды талкуулоо жана кабыл алуу, Кыргыз Республикасын өнүктүрүү маселелерине тийиштүү башкаруу чечимдерин иштеп чыгуу, ошондой эле аларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо саналат.
18. Коюлган максаттарды жана милдеттерди чечүү үчүн Улуттук кеңешке төмөнкү чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу функциялары берилет:
1) өлкөнү өнүктүрүүгө тиешелүү узак мөөнөттүү стратегиялар жана башка документтер жана аларды ишке ашыруу жолдору боюнча;
2) өнөктөштүктүн жана жигердүү катышуунун негизинде өлкөнү өнүктүрүү үчүн мамлекеттик бийлик бутактарын, коомдук жана эл аралык уюмдарды координациялоо жана консолидациялоо боюнча;
3) өнүгүү саясатын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын ишине коомчулукту тартуу системасын түзүү боюнча.
19. Улуттук кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилет.
20. Стратегиялык документтер боюнча координациялык кеңештин максаты мамлекеттин же өлкөнүн өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программасынын максаттуу багыттарына жетүүгө багытталган стратегиялык документтерди баалоо жана кабыл алуу же кабыл алууну четке кагуу тууралуу консолидацияланган чечим болуп саналат.
21. Стратегиялык документтер боюнча координациялык кеңеш тийиштүү деңгээлдеги стратегиялык документтер жөнүндө чечимдерди кабыл алуу боюнча мамлекеттик стратегиялык башкаруунун катышуучуларынын ишин координациялоо функцияларын жүзөгө ашырат. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн иши коомдук башталышта жүргүзүлөт.
22. Стратегиялык документтер боюнча координациялык кеңешти түзүү жана анын курамын бекитүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык жүргүзүлөт. Стратегиялык документтер боюнча координациялык кеңештин ишин камсыздоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык аныкталуучу катчылык тарабынан жүргүзүлөт.
3-глава. Мамлекеттик стратегиялык башкаруунун негизги баскычтары
23. Улуттук стратегияны иштеп чыгуу процесси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилгеленет. Бул этаптын натыйжасы болуп Улуттук кеңешти чакыруу саналат. Улуттук стратегияны стратегиялык башкаруу процессин баштоо тууралуу чечим Улуттук кеңеш тарабынан кабыл алынат.
24. Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы маселелер боюнча мамлекеттик стратегиялык документтерди стратегиялык башкаруу Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча демилгеленет.
25. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы маселелер боюнча мамлекеттик стратегиялык документтерди стратегиялык башкаруу улуттук стратегияга жана өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программасына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча же болбосо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү тарабынан демилгеленет.
26. Мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле тийиштүү чөйрөдөгү тартылган эксперттердин курамында түзүлгөн жумушчу топ тарабынан жүргүзүлөт.
27. Мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте коомдук талкууланууга тийиш.
28. Улуттук стратегия, өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программасы, сот системасынын, тышкы саясаттын мамлекеттик стратегиялык документтери Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен бекитилет, мамлекеттик программалар түрүндөгү мамлекеттик стратегиялык документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен бекитилет.
29. Мамлекеттик стратегиялык документтер тийиштүү иш-чаралар пландары аркылуу жүзөгө ашырылат.
30. Мамлекеттик стратегиялык документтер ушул Тартиптин 15-пунктунда көрсөтүлгөн катышуучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
31. Биринчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашырууга жүргүзүлгөн мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сайтында жарыяланат.
32. Улуттук стратегияны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо отчеттуулук стандарттарына ылайык ишке ашыруу процессинин бардык катышуучулары берген маалыматтын негизинде Улуттук кеңештин катчылыгы тарабынан жүргүзүлөт.
33. Өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программасын ишке ашырууга мониторинг жана баалоо отчеттуулук стандарттарына ылайык ишке ашыруу процессинин бардык катышуучулары берген маалыматтын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.
34. Мамлекеттик программаларда ишке ашырууга мониторинг жана баалоо отчеттуулук стандарттарына ылайык ишке ашыруу процессинин бардык катышуучулары берген маалыматтын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.
35. Мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү процессинде аларды ишке ашыруунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн кызыкдар тараптардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү тартылат.
36. Мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырууга жүргүзүлгөн мониторингдин жана баалоонун натыйжалары отчеттор түрүндө берилет жана мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларга тийиштүү болгон маалыматтарды кошпогондо, мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жайгаштырылат.
37. Ар кандай деңгээлдердеги мамлекеттик стратегиялык документтерге өзгөртүүлөр аларды ишке ашыруунун натыйжалуулугунун жана эффективдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу жана пайда болгон ички жана тышкы факторлорду эсепке алуу үчүн киргизилет.
38. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы курамын шайлоо мурда кабыл алынган мамлекеттик стратегиялык документти өзгөртүү же күчүн жоготту деп таануу үчүн негиз болуп саналбайт.
39. Ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жүргүзүлгөн мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары боюнча түзүлгөн сунуштардын базасында жүргүзүлөт. Улуттук стратегияга өзгөртүүлөрдү киргизүү Улуттук кеңештин чечими менен жактырылат.
40. Мамлекеттик стратегиялык документтерди даярдоо тийиштүү деңгээлдердеги мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча стандарттарга ылайык жүргүзүлөт, алар милдеттүү түрдө төмөнкүдөй талаптарды камтууга тийиш:
1) төмөнкү деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтердин артыкчылыктарынын жогорку деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтердин артыкчылыктарына шайкештиги жана баш ийүүсү;
2) ар бири үчүн стратегиялык максаттарды так баяндоо менен мамлекеттик стратегиялык документтерде өнүгүүнүн артыкчылыктарынын чектелген санын белгилөө;
3) стратегиялык максаттарды өлчөөнүн индикаторлорун жана алардын тийиштүү убакыт мезгилине болжолдуу маанилерин аныктоо;
4) тандалып алынган артыкчылыктар боюнча мамлекеттик саясатты түзүүчү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ортосунда стратегиялык максаттарга жетүү үчүн жоопкерчиликти бөлүштүрүү;
5) ар бир стратегиялык максаттар үчүн тийиштүү деңгээлдеги негизги стратегиялык чараларды көрсөтүү жана аларды киргизүүдөн күтүлүүчү натыйжаларды сыпаттоо.
41. Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча стандарттар, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
42. Улуттук стратегия узак мөөнөттүү мезгилге иштелип чыгат, өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктарынын чектелген санына ээ, аларда тандалып алынган артыкчылыктар боюнча мамлекеттик саясатты түзүүчү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ортосунда стратегиялык максаттарга жетүү үчүн жоопкерчилик бөлүштүрүлөт.
43. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын атайын статуска ээ мамлекеттик бийлик органдарынын жана сот системасынын мамлекеттик стратегиялык документтери бийликтин ар бир бутагынын конституциялык ыйгарым укуктарынын алкагында өнүктүрүүнүн артыкчылыктарынын чектелген санына ээ. Ар бир тандалып алынган артыкчылык үчүн так орто мөөнөттүү стратегиялык максаттар белгиленет, стратегиялык максаттарды өлчөөнүн индикаторлору жана алардын орто мөөнөттүү убакыт мезгилине болжолдуу маанилери, белгиленген стратегиялык максаттарга жетишкендиги үчүн тийиштүү бийлик бутагынын жетекчилеринин ортосунда алардын функционалдык ыйгарым укуктары жана аныкталган артыкчылыктары боюнча жоопкерчилик аныкталат.
44. Биринчи жана экинчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтер артыкчылыктары, стратегиялык максаттары, индикаторлору, стратегиялык чаралары, мөөнөттөрү, жооптуу аткаруучулары, бюджеттери жана каржылоо булактары боюнча баш ийген, макулдашылган, координацияланган жана өз ара тең салмактуу болууга тийиш.
45. Отчеттуулуктун стандарттары тийиштүү деңгээлдеги стратегиялык документтерди ишке ашыруунун жыйынтыктары тууралуу отчеттуулуктун форматтарын жана мөөнөттөрүн аныктайт.
46. Отчеттуулуктун стандарттарында тийиштүү деңгээлдеги стратегиялык максаттардын индикаторлорунун иш жүзүндөгү маалыматтарынын динамикасына талдоонун жана отчеттуулук каралган мезгилдеги өздөрүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнө аларды илгерилетүүнүн даражасын баалоонун милдеттүүлүгү белгиленген.
47. Отчеттуулуктун стандарты аткарылган стратегиялык чаралардын жана аларды ишке ашырууда жетишилген натыйжалардын кыскача сыпаттамасын карайт.
48. Төмөнкү деңгээлдеги отчеттуулуктун стандарттары жогорку деңгээлдеги отчеттуулук стандарттарына форматтары жана мөөнөттөрү боюнча баш ийүүгө жана өз ара байланышта болууга тийиш.
49. Мамлекеттик стратегиялык документтердин отчеттуулук стандарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
50. Мамлекеттик стратегиялык документтердин натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн өлчөө стандарттары отчеттуулук стандарттарынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүдө жана баалоодо колдонулат.
51. Мамлекеттик стратегиялык документтердин натыйжалуулугу стратегиялык максаттардын индикаторлорунун иш жүзүндөгү жана болжолдуу маанилеринин ортосундагы ажырымды баалоонун негизинде өлчөнөт.
52. Мамлекеттик стратегиялык документтердин натыйжалуулугу иштеп чыгуунун сапатын баалоо, колдонууга киргизүүнүн үнөмдүүлүгү, экологиялуулугу жана алынган өзгөрүүлөрдүн коомдук мааниси аркылуу жыйынтыкталып өлчөнөт.
53. Мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуунун сапаты ар кандай деңгээлдеги стратегиялык документтерди түзүүнүн талап кылынган стандарттарына алардын ылайык келишин талдоонун негизинде бааланат.
54. Мамлекеттик стратегиялык документтерди колдонууга киргизүүнүн үнөмдүүлүгү ар башка деңгээлдеги стратегиялык документтерди ишке ашыруудагы башкаруучулук, кадрдык, финансылык, убактылуу чыгымдардын аудитинин жыйынтыктары боюнча бааланат. Мындай баалоолордун методдору функциялык ыйгарым укуктарына мамлекеттик башкаруу органдарынын ишине тиешелүү түрдө башкаруучулук, кадрдык жана финансылык аудит жүргүзүү кирген мамлекеттик органдардын деңгээлинде бекитилет. Убактылуу чыгымдар алдыга коюлган стратегиялык максаттардын мөөнөтүндө аткарылышына талдоо жүргүзүү аркылуу бааланат.
55. Мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча алынган өзгөрүүлөрдүн коомдук мааниси стратегиялык натыйжаларды коомдук кабыл алууну баалоо боюнча калкка социологиялык сурамжылоолорду жүргүзүү, мамлекеттик башкаруу системасына бүтүндөй жана анын тийиштүү субъекттерине өзүнчө ишеним индексин өлчөө жолу менен бааланат.