Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 5-ноябры ПЖ № 364
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жободо:
- 14-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 20, 21-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Республикалык комиссия тарабынан "Эл үмүтү" стипендиясынын стипендиаттары бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги стипендиат менен контракт түзөт, анда тараптардын өз ара милдеттенмелери, окутуу шарттары, окууну аяктагандан кийин стипендиаттын контракттык милдеттенмелерди аткаруусунун, стипендиатты окутуу үчүн кеткен чыгымдардын ордун толтуруунун (эгер ал жүйөсүз себептер боюнча программадан чыгып калган учурда) тартиби каралат.
21. Контракт чет өлкөлүк ЖОЖдорго акча которууга укук берген негизги документ болуп саналат. Стипендиатты чет өлкөдө окутууга байланышкан чыгымдарды төлөө контракт таризделгенден кийин гана жүргүзүлөт.";
- 22-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 11-ноябрындагы № 98 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |