Загрузка документа…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы ПЖ № 146 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 364 , 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161, 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын (мындан ары - "Эл үмүтү" стипендиясы) ыйгаруу тартибин, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын (мындан ары - Республикалык комиссия) ыйгарым укуктарын, ошондой эле тышкы операторлордун ишин аныктайт.
(КР Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. «Эл үмүтү» стипендиясы Кыргыз Республикасынын эң таланттуу жаштарына чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында (мындан ары – билим берүү уюмдары) магистратура жана докторантура (PhD) деңгээлинде жана талапкер окууга тапшырган учурда QS World University Rankings жана/же Times Higher Education тарабынан түзүлгөн дүйнөлүк рейтингдердин топ-100үнө кирген билим берүү программалары боюнча билим алууга көмөк көрсөтүүгө багытталат.
Тиешелүү даярдоо багыты боюнча көрсөтүлгөн билим берүү уюмдарына кабыл алынган талапкерлер окуу наркын толугу менен же жарым-жартылай жапкан стипендия алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. "Эл үмүтү" стипендиясы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражатынан бөлүнүп турат.
3. "Эл үмүтү" стипендиясы жекече болуп саналат жана жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн кыйла таланттуу жаштарга ыйгарылат.
4. Жыл сайын 50 "Эл үмүтү" стипендиясы бөлүнөт, алардын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн - 10 стипендия.
2. Республикалык комиссиянын ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу
5. Республикалык комиссия "Эл үмүтү" стипендиясын дайындоо үчүн талапкерлерди тандоону ушул Жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык жүргүзөт.
Республикалык комиссиянын өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдери тиешелүү мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү.
6. Республикалык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
7. Республикалык комиссия:
- "Эл үмүтү" стипендиясын ыйгарууга конкурска катышуу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча тышкы операторлорду аныктайт;
- өлкөнүн региондору боюнча квоталарды аныктайт;
- зарыл болгон учурда стипендиаттарды тандоо жана чет өлкөдө окутуу менен байланышкан айрым маселелерди изилдөө үчүн жумушчу комиссияларды түзөт;
- "Эл үмүтү" стипендиясына талапкерлер берген документтерди карайт;
- чет өлкөдө окууга талапкерлерди тандайт;
- конкурска катышууга уруксат берилген талапкерлер менен аңгемелешүүлөрдү жүргүзөт;
- "Эл үмүтү" стипендиясын алууга конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин аныктайт;
- тышкы операторлордун, стипендияларды ыйгаруу жана стипендиаттарды окутуу боюнча жооптуу мамлекеттик органдын отчетторун угат;
- стипендия ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды берет;
- ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынбаган конкурстун башка шарттарын аныктайт.
(КР Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Республикалык комиссиянын жыйналыштары Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн эки бөлүгү катышкан учурда укуктуу болот жана анын иш планына ылайык өткөрүлөт. Пландан тышкары жыйналыштар Республикалык комиссиянын төрагасынын чечими боюнча зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.
9. Республикалык комиссиянын төрагасы анын ишин ушул Жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык уюштурат.
10. Республикалык комиссиянын кароосуна берилүүчү документтердин жана материалдардын аныктыгы жана объективдүүлүгү үчүн жоопкерчиликти Республикалык комиссиянын катчысы тартат.
11. Республикалык комиссиянын чечимдери жыйналышка катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнүн ачык добушу менен кабыл алынат.
3. "Эл үмүтү" стипендиясына талапкерлерге коюлуучу талаптар
12. "Эл үмүтү" стипендиясына конкурска катышуу үчүн магистрларды даярдоо багыттары боюнча окутуу үчүн 40 жашка чейинки, PhD философиясынын доктору программалары боюнча окутуу үчүн 45 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жарандарына уруксат берилет.
(КР Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
13. Стипендия магистрлерди даярдоо багыттары боюнча 2 жылга чейинки мөөнөткө жана философия доктору PhD программалары боюнча 3 жылга чейин окутуу үчүн ыйгарылат, бирок чет өлкөлүк билим берүү уюмунун окуу планында каралган мөөнөттөн ашпоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
14. Талапкерлер төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:
- (абзац КР Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 364 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- кабыл алуучу тараптын тиешелүү тесттерин жана экзамендерин тапшыргандыгы жөнүндө сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган чет тилдердин бирин (англис, немис, француз ж.б.) эркин билүү;
- жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор жана башкалар менен тастыкталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу;
- стипендия ыйгарылганга чейинки эки жылдын ичинде илимий-изилдөө ишинин натыйжаларын башка ачык билдирүү, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги башка иш-чараларда баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө;
- билим берүү уюмунун сунуштамасынын болушу (мамлекеттик, муниципалдык кызматчылар үчүн, иши республикалык бюджеттен каржылануучу же болбосо иштеген жери боюнча уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар уюмдар же ишканалар үчүн).
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 364, 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161 , 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
15. (КР Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
16. "Эл үмүтү" стипендиясына тандоодо артыкчылык ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу тармактарында адистешкен талапкерлерге берилет.
4. "Эл үмүтү" стипендиясын ыйгаруу тартиби
17. Республикалык комиссия тандоо турларынан өткөн талапкерлерди өзүнүн жыйналышына чакырат жана өздүк делону изилдеп, жеке аңгемелешүү өткөргөндөн кийин стипендияга талапкерлерди аңгемелешүүнүн жыйынтыгына жана Кыргыз Республикасынын адистерге болгон муктаждыгына ылайык тандап алат.
18. Тандоо турларынан кийин Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, тышкы операторлор тарабынан сунушталган талапкерлерден тышкары Республикалык комиссия чет мамлекеттердин өкмөттөрү же башка булактардын эсебинен каржылануучу программалар боюнча чет өлкөдө өз алдынча окуп жаткан адамдардын арасынан талапкерлерди кароого жана тандоого укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161, 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
19. Эгерде талапкерлер аңгемелешүүгө чет өлкөдөн келе алышпаса, анда берилген документтерди жана материалдарды изилдөө жана талкуулоо жолу менен чечим сырттан же талапкерлер менен видео байланыш аркылуу аралыктан өткөрүлгөн аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынышы мүмкүн. Андан кийин Республикалык комиссия "Эл үмүтү" стипендиясын ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алат жана стипендиаттарга "Эл үмүтү" стипендиясынын ээсинин күбөлүгү тапшырылат.
5. Стипендиаттарды чет өлкөдө окутуу тартиби
20. Республикалык комиссия тарабынан "Эл үмүтү" стипендиясынын стипендиаттары бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги стипендиат менен контракт түзөт, анда тараптардын өз ара милдеттенмелери, окутуу шарттары, окууну аяктагандан кийин стипендиаттын контракттык милдеттенмелерди аткаруусунун, стипендиатты окутуу үчүн кеткен чыгымдардын ордун толтуруунун (эгер ал жүйөсүз себептер боюнча программадан чыгып калган учурда) тартиби каралат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 364, 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
21. Контракт чет өлкөлүк билим берүү уюмдарына акча каражаттарын которуу үчүн негиз болуп саналат. Стипендиаттардын окуусу үчүн төлөө контракт таризделгенден кийин жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
22. Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара эсептешүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин стипендиаттар контрактта каралган мөөнөткө Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин буйругу менен окууга жиберилет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 364, 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
23. Окууга "Эл үмүтү" стипендиясынын ар жылдык өлчөмү 50 (элүү) миң АКШ долларына чейин түзөт.
23-1. Стипендиат өз алдынча акысыз окуу же окууга арзандатуу алуу укугуна ээ болгон учурда стипендия Республикалык комиссиянын чечими боюнча стипендиаттын транспорттук чыгымдарын жабууга жана жашоосуна багытталышы мүмкүн. Транспорттук чыгымдарды жабууга жана жашоого стипендиянын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин чечими менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161, 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
24. «Эл үмүтү» стипендиясын төлөөгө каражаттар Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынан бөлүнөт.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
241. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын алкагында билим алып жаткан стипендиаттарды, анын ичинде алардын даярдоо багыттарын, академиялык жетишкендиктерин, окууну аякташын, ошондой эле окуусун бүтүргөндөн кийинки ишке орношуусун жана кесиптик иши тууралуу маалыматтарды эсепке алууну жана мониторинг жүргүзүүнү ишке ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Окууну аяктагандан кийин стипендиаттын контракттык милдеттенмелерин аткаруу тартиби
25. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
251. Окууга жөнөтүлүүчү стипендиаттар менен 5 (беш) жылдын ичинде иши республикалык бюджеттен каржылануучу же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда эмгек ишин жүргүзүү же келишимдин шарттары бузулган учурда окууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу милдеттенмелери жөнүндө келишим түзүлөт.
Стипендиаттар менен келишим түзүүнүн эрежелери, алар менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби, ошондой эле окууга жөнөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. "Эл үмүтү" стипендиясын ыйгарууга конкурска катышуу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча тышкы операторлордун ыйгарым укуктары
(Глава КР Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
26. "Эл үмүтү" стипендиясын ыйгарууга конкурска катышуу үчүн талапкерлерди тандоо функцияларын жүзөгө ашырган юридикалык жактар тышкы операторлор боло алат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
27. Тышкы оператор төмөнкү критерийлерге шайкеш келүүгө тийиш:
- талапкерлердин ушул Жобонун 1-пунктуна ылайык билим берүү уюмдарына же билим берүү программаларына тапшыруусу боюнча логистиканы жүргүзүү үчүн зарыл болгон ресурстардын, анын ичинде инфраструктуралык ресурстардын болушу;
- талапкерлердин жеке маалыматтарынын купуялуулугу жана аларды коргоо жаатында жетиштүү кепилдиктердин болушу;
- тандоо процессинин объективдүүлүгүнө жана адилеттүүлүгүнө, ошондой эле ушул Жободо белгиленген критерийлерге жана талаптарга шайкеш келүүсүнө кепилдик берүү жөндөмдүүлүгү.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161, 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
28. Тышкы операторлор:
- талапкерлердин ушул Жобонун 1-пунктуна ылайык билим берүү уюмдарына же билим берүү программаларына тапшыруусу боюнча логистиканы жүзөгө ашырат;
- "Эл үмүтү" стипендиясын ыйгарууга конкурска катышуу үчүн талапкерлерди тандоону жүргүзөт;
- "Эл үмүтү" стипендиясын ыйгарууга конкурска катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин Республикалык комиссияга берет;
- стипендиаттарды окутууну жарым-жартылай же толук каржылоону жүргүзөт.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161, 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)