Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы N 43 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 23-сентябры ПЖ № 321
Кыргыз Республикасынын Президентинин кадрлар резервдерин түзүү жана алардын иштөөсү чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 47-беренелерине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык токтом кылам:
1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.";
- 24-пунктунун экинчи абзацындагы "3төн" деген сөз "2ден" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 25-пунктунун экинчи абзацындагы "3төн" деген сөз "2ден" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 27-пунктунда:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинде турган адам ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгына байланыштуу (эгерде адам ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык кадрлар резервине киргизилген учурда);";
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- бош административдик кызмат орундарын ээлөөдөн эки жолудан көп баш тартканда.".
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |